Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-февралы №48 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу жөнүндө 2007-2011-жылдарга карата келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу жөнүндө 2007-2011-жылдаргакарата келишимдин 14-статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерижөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Экономикалык,илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу жөнүндө 2007-2011-жылдарга карата келишимди ратификациялоо тууралуу» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соодаминистри көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлүболууга дайындалсын. Премьер-министр А. Исабеков Ташкент шаары2006-жылдын 3-октябры Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө КЕЛИШИМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Өзбекс-тан Республикасы, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы1996-жылдын 24-декабрындагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жетекчи-ликке алып, мамлекеттер аралык интеграция экономикалык өнүгүүнүн маанилүү эле-менттеринин бири экендигин эске алып, тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана өндүрүш-түк мамилелерди андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, аларга узак мөөнөт-түү жана туруктуу мүнөз берүү, эки мамлекеттин экономикалык мүмкүнчү-лүктөрүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын көрсөтүп, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчукүчтөрүнүн эркин которулушуна этап-этабы менен өтүү үчүн шарттарды тү-зүүгө өзгөчө маани берип, эларалык укуктун жалпыга таанылган ченемдерин жана принциптеринжетекчиликке алып, төмөнкүлөргө макулдашты: 1-статья. Тараптар ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган КыргызРеспубликасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жыл-дарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкпрограммасын (мындан ары - Программа) жүзөгө ашырууну жүргүзөт. 2-статья. Тараптардын экономикалык кызматташтыгы Кыргыз Республикасы жанаӨзбекстан Республикасы катышуучулар болуп саналган эларалык келишимдер-ге, эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине,ошондой эле эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жоболоруна ылайык менчиги-нин жана баш ийүүчүлүгүнүн түрүнө карабастан эки мамлекеттин чарбакерсубъекттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу өз ара аракеттенүү жолу ме-нен жүзөгө ашырылат. Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар чарбакер субъект-тердин ортосунда кооперацияны өнүктүрүү жана инвесторлорго эки мамле-кеттин аймактарында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, биргелеш-кен өндүрүштүк структураларды түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. 3-статья. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана Борбордук Азиядажалпы экономикалык мейкиндикти этап-этабы менен түзүүнүн жана өнүктү-рүүнүн зарылдыгын таанып, тышкы экономикалык ишмердик, соода-экономика-лык мамилелер, салык, бажы жана тариф системасы, курчап турган чөйрөнүкоргоо жана жаратылышты пайдалануу, монополияга каршы саясат жана ке-ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармактарындагы ченемдик-укуктук базаныжакындатуу, өзүнчө долбоорлорду жана программаларды түзүү, чарбакерсубъекттер ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык жана илимий-техника-лык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, эки мамлекеттин аймакта-рында улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлордун өз ара ишмердиктерин ак-тивдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. Тараптар эки тараптын экономикасынын таламдарына зыян келтирүүчүаракеттерди жасашпайт. 4-статья. Тараптар: биргелешкен өндүрүштөр менен иш алып барышкан улуттук товар өндү-рүүчүлөрдү колдоо жана коргоо чараларынын системасын биргелешип иштепчыгышат жана жүзөгө ашырышат; өндүрүштү терењдетип кооперациялоонун негизинде жањы муундагы ма-шиналарды жана жабдууларды жасап чыгаруу боюнча биргелешкен ишканалардытүзүүнү колдошот; өнөр жайдын базалык ишканаларынын жана агрардык-өнөр жай комплекс-теринин ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө бирдей кызы-гууну таанышат. 5-статья. Тараптар инвестицияларга кызыктыруу жана өз ара коргоо, баалуу ка-газдар рыногунда өз ара аракеттенүү боюнча ишкердикти колдоо, биржа со-одасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. 6-статья. Тараптар өз ара пайдалуу негизде жалпы кызыкчылыктары бар пробле-малар боюнча биргелешкен илимий иштерди уюштурууну кошуп алганда элара-лык долбоорлордун чектеринде фундаменталдуу жана колдонмо илимий изил-дөөлөрдү жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылышат. 7-статья. Тараптар транспорт жана байланыш тармактарындагы кызматташтыктыулантышат. Мында ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагы боюнча экинчи Та-раптын автоунаа каражаттарынын кирүү, чыгуу жана транзиттик өтүүлөрүнөжагымдуу шарттарды камсыз кылууга умтулат. 8-статья. Тараптар продукцияларды берүү боюнча чарбакер субъекттердин орто-сундагы келишимдерди түзүүдө Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралганалардын айрым түрлөрүнөн башкаларына чектөөлөрдү киргизишпейт. 9-статья. Тараптар маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, курчап турганчөйрөнү коргоо, спорт, туризм, жаштар саясаты мекемелеринин жана коом-дук уюмдардын ортосундагы узак мөөнөттүү байланыштарды орнотууга көмөккөрсөтүшөт. Тараптар кесипкөй, эл чыгармачылык жана балдар жамааттарынын фес-тивалдарга, кароолорго, конкурстарга жана мелдештерге катышуусу, жаштарсаясаты тармагында биргелешкен программаларды уюштуруу, көркөм, музейкөргөзмөлөрү, ошондой эле театр-концерт гастролдору, туристтик жанаспорттук делегацияларды өз ара жиберишүү үчүн зарыл шарттарды түзүшөт. 10-статья. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ор-тосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкенкомиссияга Программанын аткарылышын координациялоону, анын жүзөгө ашы-рылышынын жүрүшүнө контролдук жүргүзүүнү жана зарыл учурда ага толукто-олорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырышат. 11-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгүболуп санала турган түзүлүүчү протоколдор менен таризделет. Ал прото-колдор ушул Келишимдин 14- статья.сынын жоболоруна ылайык күчүнө кирет. 12-статья. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө жана колдонуу менен байланышканбардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жанакењеш берүүлөр жолу менен чечишет. 13-статья. Бул Келишим Тараптар катышуучулар болуп саналышкан башка эларалыккелишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелеринкозгобойт. 14-статья. Бул Келишим ал күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол жобо-лорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы билдирүүалынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейинколдонулат. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка кат жүзүндөгү билдирүү жиберип,бул Келишимдин колдонулушун токтото алат. Бул учурда Келишим өзүнүнколдонулушун андай билдирүү алынган күндөн тартып алты айдан кийин ток-тотот. Бул Келишимдин колдонулушунун токтотулушу бул Келишим колдонулупжаткан мезгилде күчүнө кирген жана ал токтотулган мезгилде аяктай элекдолбоорлорду жүзөгө ашырууну токтотууга алып келбейт. Ташкент шаарында 2006-жылдын 3-октябрында ар бири кыргыз, өзбекжана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Келишимдин жоболорун чечмелөө үчүн Тараптар орус тилиндегитекстти колдонушат. Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы үчүн үчүн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык ПРОГРАММАСЫ Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы экономикалык маа-нилүү өнөктөштөр болуп саналышат. Эки мамлекеттин тењ өз ара экономика-лык кызыкчылыктары тарыхый калып алып калган өндүрүштүк, кооперациялыкжана технологиялык байланыштар, ошондой эле аларды сактоонун жана өзара пайдалуу негизде андан ары өнүктүрүүнүн нагыз зарылдыгы менен шарт-талган. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын стратегиясын иштеп чыгуу-нун жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун чараларынын топтомун кабылалуунун зарылдыгын таанышат. Ошону менен катар, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы Тарап-тардын муктаждыктарына жооп бербейт, бул экономикалык, илимий-техника-лык жана гуманитардык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын иштепчыгуунун зарылдыгын шарттайт. I. Программанын максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы2007-2011-жылдарга экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардыккызматташтык программасы (мындан ары - Программа) жагымдуу соода режи-мин орнотуу, өз ара пайдалуу экономикалык, илимий-техникалык жана гума-нитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки мамлекеттин экономикаларынын не-гизги тармактарындагы кызматташтыкта жана өз ара аракеттенүүдө, ушулнегизде өз ара товар жүгүртүүнү өстүрүүдө олуттуу прогресске жетишүүбоюнча чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты. Бул Программанын негизги максаттары болуп эки тараптуу соода-эко-номикалык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой элеКыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын калкынын жашоодењгээлдерин көтөрүү жана эки мамлекеттин элдеринин руханий-маданий ке-ректөөлөрүн канааттандыруу саналат. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү талапкылынат: бардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана ке-пилдиктерди камсыз кылууда, ак ниеттүү атаандаштык үчүн шарттарды тү-зүүдө өз ара аракеттенүүнү; мамлекеттер аралык жана регион аралык (Тараптардын мамлекеттерининадминистративдик-аймактык бирдиктеринин ортосунда) кызматташтыкты өнүк-түрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын мамлекеттик колдоонун, эки мамлекет-тин ортосундагы соода-төлөм мамилелеринин тењ салмактуулугун камсыз кы-луу системаларын түзүүнү; инвестициялык, ишкердик структураларынын өкүлдөрү ортосунда форум-дарды, жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну жана жагымдуу инвес-тициялык климатты түзүүнү; соодага кызыктыруу, анын ичинде жармањкелерди, көргөзмөлөрдү уюш-туруу жана өткөрүү аркылуу ишмердикти колдоону; эларалык транспорттук коммуникацияларды жана байланыштарды натый-жалуу пайдаланууну жана өнүктүрүүнү, иштеп жаткан транспорттук өтмөк-төрдүн натыйжалуулугун жогорулатууну жана жањыларын түзүүнү; чарбакер субъекттердин менчиктештирүүнүн улуттук программаларынаөз ара катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүүнү; салык, бажы, монополияга каршы саясатты укуктук жөнгө салуу, тышкысоода операцияларын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жүргүзүү тар-мактарындагы кызматташууну; өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнү интенсификациялоону; чарбакер субъекттерди өндүргөн товарлардын, продукциялардын жанакызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кењейтүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгөинвестицияларды көбөйтүүгө, илим жана алдыњкы технологиялар тармагында-гы жањы жетишкендиктерди киргизүүгө, чыгарылып жаткан продукциялардынсапатын жакшыртууга кызыктырууну; курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, табы-гый кырсыктардын жана алааматтардын кесепеттерин жоюу боюнча макулда-шылган аракеттерди жүзөгө ашырууну; билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, туризм, курчаптурган чөйрөнү коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, калктын руханийжана социалдык керектөөлөрүн толугураак канааттандырууга көмөк көрсө-түүчү гуманитардык кызматташтыктын башка түрлөрүнүн чөйрөлөрүндө таж-рыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну. II. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагыэкономикалык кызматташтыкты кењейтүү төмөнкү тармактарда жүзөгө ашыры-лат: салттуу, ошондой эле салттуу эмес номенклатурадагы товарлар боюнчатышкы соода жүгүртүүнү калыбына келтирүү жана кењейтүү; биргелешкен чарбалык ишмердикти өнүктүрүү; эки тараптуу соода жана инвестициялык ишмердикти жүзөгө ашыруунунуюштуруучулук-экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин иштөөсүнүн өз ара пайдалуушарттарын түзүү; темир жол, автомобиль жолдорун, өнөр жай объекттерин куруу; пайдалуу кен байлыктарды геологиялык-сүрөткө тартуу жана иликтөөжумуштары, чалгындоо жана иштетүү; маалыматтарды алмашуу жана ишкер байланыштарды орнотуу боюнчаулуттук жана эларалык көргөзмөлөрдү, жармањкелерди жана семинарларды,конференцияларды жана иш чараларды өткөрүү, ишкер чөйрөлөрдүн жана соо-да миссияларынын иш сапарларын уюштуруу; макулдашылган программалардын базасында квалификациялуу адистердидаярдоо жана такшалуудан өткөрүү. Тараптар эки тарапты тењ кызыктырган чөйрөлөрдө кызматташуунун ке-лечектүү багыттары боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат. Бул Программага ылайык Тараптар төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыры-шат: 1. Өндүрүштөрдү биргелешип түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү,бул өндүрүштөрдү зарыл ресурстар менен камсыз кылууга үлүштүк катышуу-нун жолдору жана түрлөрү, эки мамлекеттин экономикалык коопсуздугу үчүнмаанилүү болгон ишканалардын өндүрүштүк профилдерин сактоо жөнүндө су-нуштарды кароо; 2. Топтолгон илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү сактоо жана өнүк-түрүү, бул жетишкендиктерди экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүнколдонуу, инвестициялык саясатты, кооперацияны жүргүзүү тармагында кыз-матташууну терењдетүү, өздөрүнүн товар өндүрүүчүлөрүнө продукцияларынөндүрүү жана сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эки өлкөнүн экспорт-тук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо; 3. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканаларын баарыдан мурда артыкчылык-туу тармактарда жана өнөр жай комплекстеринде түзүү, ал оптималдуу коо-перациялык байланыштарды өнүктүрүү, өнөр жайды жана улуттук экономика-нын башка тармактарын өнүктүрүүнүн өтө келечектүү тармактарында или-мий-техникалык прогрессти тездетүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт; 4. Тараптардын ишканаларынын ортосунда өндүрүштүк кооперацияны жа-на түз байланыштарды өнүктүрүү, сырье ресурстарын, экспортко багыттал-ган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү натыйжалуу комплекстүү пай-далануу боюнча иштиктүү чара көрүүнү. Бул Программаны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Тараптартөмөнкүлөрдү биргелешип жүзөгө ашырышат: - кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, ишканаларды жанауюмдарды, ошондой эле ишкердик структураларды Программанын тиешелүүкомпоненттерине катышууга тартууну; - негизги кыргыз жана өзбек банктарынан, инвестициялык фонддорунанжана компанияларынан, камсыздандыруу уюмдарынан жана ошондой эле жекеинвесторлорунан эки мамлекеттин баалуу кагаз рынокторун өнүктүрүү үчүнинституттук инвесторлорду тартууга көмөк түзүүчү туруктуу инвестициялыкфорумдарды жана жолугушууларды өткөрүүнү; III. Соода мамилелерин өнүктүрүү Тараптардын ортосундагы соода кызматташууларын өнүктүрүү бара-барасоода-техникалык тоскоолдуктарды четтетүү менен аракеттенип жаткан эр-кин сооданын колдонулуп жаткан чегинде жүзөгө ашырылат. Программада бажы мыйзамдарын шайкеш келтирүү, тарифтик жана тариф-тик эмес жөнгө салууну өркүндөтүү, бажы жол жоболорун жөнөкөйлөтүү,ошондой эле жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууда чегараларданөтүү жол жоболорун жөнөкөйлөтүү каралган. Ушуга байланыштуу эки тарап-туу негиз болуучу иш кагаздардын негизинде бажылык, укук коргоо, чега-ралык жана башка органдардын ырааттуу өз ара аракеттенүүсү тартипке са-лынат. Мамлекеттер ортосундагы соода мамилелерин уюштуруу жана ишке ашы-руу керектүү статистикалык маалыматтарды активдүү алмашууну болжолдойт.Статистикалык басылмаларды жана жарыялоолорду, усулдук материалдардыжана иштеп чыгууларды, программаларды жана ошондой эле статистикалыкбайкоо жүргүзүү тажрыйбасын, кат алышууну, текшерүүлөрдү, тышкы соода-нын статистикасын түзүүчү принциптерди макулдашууну карайт. Программада соода инфраструктураларын (биргелешкен ишканаларды,соода үйлөрүн, өкүлчүлүктөрдү ж.б.) уюштуруу боюнча кызматташууну ке-њейтүү каралат, бул товарлардын Тараптардын рынокторундагы жүгүртүлүү-сүнө көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Эки мамлекеттин административдик-аймактык бирдиктеринин ортосунда-гы кызматташтык андан ары өнүгүшү зарыл, анын негизги багыты катарытышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кызыкдар субъекттеринин ортосундагытышкы соодалык байланыштарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүэсептелет. Соода кызматташтыгын өнүктүрүүнүн чектеринде тараптардын эл аралыкуюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кењеш берүүлөрдү жүр-гүзүү болжолдонот. IV. Социалдык чөйрөдө кызматташуу Программаны ишке ашыруу мезгилинде маданият, искусство, спорт, са-ламаттык сактоо, санаториялык-курорттук иш, туризм жана эмгекти коргоотармактарында, гуманитардык кызматташуу, маалыматтык-маданий борборлормекемелеринин жана санитардык-эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуу тар-магында, ошондой эле элге билим берүү, ар кандай тармактар үчүн жогоркуквалификациядагы кадрларды даярдоо жана адистерди жиберишүү чөйрөсүндөөз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө күч-аракеттерди координация-лоо жүргүзүлөт. Программада социалдык коргоо жана калктын жумуштуулук проблемала-рын чечүүдө укук базасынын андан ары өнүгүшүн өнүктүрүү каралат. V. Курчап турган чөйрө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы кызматташуу Программаны ишке ашырууда жаратылышты коргоо мыйзамдарын шайкешкелтирүү, чектеш аймактарда пландаштырылган ишмердүүлүктүн таасиринебиргелешкен баалоону жүргүзүү, ресурстарды сактоочу экологиялык тазатехнологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, курчап турган чөйрөнүнабалына биргелешкен мониторингди ишке ашыруу тармагындагы кызматташтыкандан ары өнүгүүгө ээ болот. VI. Программаны ишке ашырууну башкаруу Программаны ишке ашыруу ушул Программада жана ушул Программанынажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Иш-чараларда каралган накта иш-аракет-терди Тараптардын мамлекеттик органдарынын жана субъекттеринин аткаруу-су аркылуу жүзөгө ашырылат. Ушул Программанын жана Иш-чаралардын аткарылышына контролдук жүр-гүзүү Кыргыз РеспубЛикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагыэки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиягажүктөлөт.