Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-февралы № 52 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кекешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр А.Исабеков