Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-февралы № 53 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймагын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылдык кењешинин тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20- статъясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймагын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 10,5 га, анын ичинде 7,0 га сугат айдоосун жана 3,5 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта социалдык-маданий багыттагы обьекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчу документтерди иштеп чыксын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Исабеков