Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-февралы № 35а КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош шаарынын № 113 кесиптик лицейин которуу жөнүндө Ош шаарынын № 113 кесиптик лицейинин окуу-материалдык базасын чындоо максатында жана окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Ош шаарынын мэринин кайрылуусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы Ош шаары, Карасуу көч., 3 дареги боюнча жайгашкан Ош шаарынын № 113 кесиптик лицейинин имаратын жаран Ч.Текеновага таандык Ош шаары, Р.Абдыкадыров көч. (номери жок) дареги боюнча жайгашкан имаратка ал толук окуу- өндүрүштүк процессти уюштуруу боюнча башталгыч кесиптик билим берүү системасынын талаптарына жооп бергидей капиталдык ремонт жүргүзгөндөн жана спорттук курулма кургандан кийин алмаштырсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети: - бүл токтомдун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу- өткөрүп берүүнү камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрге өзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр А.Исабеков