Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 14-февралы № 57 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2005/2006-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2006/2007-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-тер, администрациялык ведомстволор, облустардын жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынчабашкармалыктары, ошондой эле республиканын отун-энергетика комплексининишканалары тарабынан "2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинин өтүү жый-ынтыктары жана Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомун аткаруу бо-юнча бир кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. Жер-жерлерде уюштуруу-техникалык иш-чаралар иштелип чыгып, кышкымезгилде иштөөгө даярдык боюнча туруктуу иштөөчү штабдар жана жылытууот казандарынын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиялар түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалыкштабдын заседаниелеринде даярдык мөөнөттөрүнөн артта калуу белгиленип,министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, облустардын мамле-кеттик администрацияларынын жана энергокомпаниялардын жетекчилерине ай-кын тапшырмалар берилген. "Каракече" кенинде түзүлгөн кырдаал жергиликтүү көмүрлөрдү берүүбоюнча белгиленген тапшырмаларды толугу менен аткарууга мүмкүндүк бер-бей жатат. Кенде көмүр казып алуу 2006-жылдын 11 айында болгону 61,7мињ тоннаны же өткөн жылдын дењгээлине карата 47,5 процентти, алардан:"Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) - 38,6мињ тоннаны, "Ак-Улак разрези" мамлекеттик акционердик коому (мынданары - МАК) - 7 мињ тоннаны, "Шарбон" жабык акционердик коому (мынданары - ЖАК) - 8 мињ тоннаны, "Демилге Плюс ЛТД" ЖЧКсы - 0,5 мињ тоннаны,"Ак-Жол" акционердик коому (мындан ары - АК) - 7 мињ тоннаны түзгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Капиталдык салымдар"статьясы боюнча каралган 3,5 млн. сом бюджеттик каражаттан көмүр казыпалуучу ишканаларга 3,5 млн. сом же жылдык сумманын 100 процентин бөл-гөн. 20 проценттик алдын ала төлөөнү, өткөн жылытуу сезону үчүн карыздытөгүүнү кошо алганда көмүр даярдоо боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн өт-көн жылытуу сезонунда 30,2 млн. сом, анын ичинде: Кыргыз Республикасы-нын Саламаттык сактоо министрлигине - 989,5 мињ сом (100%), Кыргыз Рес-публикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 1,57 млн. сом(100%), Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 11 млн. сом(100%), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 1,73 млн. сом(100%), Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-лигине -1,6 млн. сом (90,3%), Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына -8,3 млн. сом (95,5%) бөлгөн. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объекттерине 3,7 мињтонна көмүр же тапшырманын 35 проценти, Кыргыз Республикасынын Саламат-тык сактоо министрлигинин объекттерине - 8 мињ тонна көмүр (93%), Кыр-гыз Республикасынын Чегара кызматына - 5,9 мињ тонна (74%), жергиликтүүбюджеттин балансында турган мектептерге - 52,9 мињ тонна (83%) көмүржеткирилген. Республиканын бардык облустарында калкка көмүр сатуу боюнча пункт-тардын иштери калыбына келтирилген. 2006-жылы республиканын калкына 558мињ тонна көмүр же белгиленген тапшырманын 102 проценти берилген. Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр даярдоо тапшырмада белгиленгенден ке-чигүү менен жүргүзүлгөн (83%). Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынчабашкармалыгы Бишкек шаарынын ТЭЦине Каракече жана Ташкөмүр көмүрлөрүнташуу үчүн 14 млн. сом же 78 процентин которушкан. Бирок, "Көмүр" мам-лекеттик ишканасы (мындан ары - МИ) көмүрдү кем бергендигине байланыш-туу "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) акы-ны көмүр берүү фактысы боюнча жүргүзүүдө. Бишкек шаарынын ТЭЦинде жагуучу мазуттун запастары 2006-жылдын1-декабрындагы абал боюнча 2,1 мињ тоннаны түзөт, бул өткөн жылдагыдењгээлден 0,1 мињ тоннага көп. Бөлүштүрүүчү электр компанияларынан акча каражаттар жетишсиз түш-көндүктөн "Электр станциялары" ААКы электр станциялардын жабдууларынкапиталдык ремонт жүргүзүү планын (66%) жана капиталдык салымдар планын(31%) аткаруу графигинен артта калууга жол берген. Бишкек шаарынын ТЭЦинде 24 от жаккыч агрегаттардан 6сы гана ка-нааттандырарлык абалда. Техникалык жактан канааттандырарлык эмес абалдатурган, бирок эптеп иштеп жаткандар - 4, ремонттогусу - 3, иштебей тур-ганы - 10. Бишкек шаарынын ТЭЦине оњдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуукаржылоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 11,7млн. сом же 78 процентин которгон. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, бөлүштүрүүчү компаниялартарабынан электр энергиясынын коромжулуктарынын дењгээлин азайтуу боюн-ча көрүлгөн чаралардын натыйжасында тармактарда алардын дењгээлин айрымазайтуу (1,8%ке) болуп өттү. Бирок, электр энергиясынын коромжулуктарыали да болсо жогору бойдон калууда (37,2%). Алсак, "Түндүк электр" АА-Кында коромжулуктар өткөн жылдагы дењгээлден 0,7 процентке азаюу менен40 процентти, "Чыгыш электр" ААКында - 37 процентти (-1%), "Ош электр"ААКында - 32,8 процентти (-3%) жана "Жалалабат электр" ААКында - 32,5процентти (- 5,9%) түздү. Бөлүштүрүүчү электр компаниялары өткөн жылга салыштырмалуу керек-телген электр энергиясы үчүн дебитордук карызды азайтууга жетишкен жок.Электр бөлүштүрүүчү компанияларга керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы2,9 млрд. сомду түзүп, 335 млн. сомго же өткөн жылдын ушундай мезгилинесалыштырганда 13 процентке көбөйдү. Мында калктын карызы 231 млн. сомгоже 13 процентке көбөйдү жана 2 млрд. сомго жетти. Бюджеттик уюмдардынкарызы 112 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 44 млн. сомгокөбөйдү. "Электр станциялары" ААКына жана "Кыргызстандын улуттук электртармактары" ААКына бөлүштүрүүчү электр компанияларынын карыздарынынөсүшү ушул жылдын башынан бери тийиштүүлүгүнө жараша 402,5 млн. сомдужана 224,5 млн. сомду түздү. Бөлүштүрүүчү электр компаниялары тиричилик керектөөчүлөрүн электрэнергиясы менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүжагынан тапшырманы аткарышкан жок. Борбордоштурулган жылуулук менен жабдуудан баш тартышкан жана жы-лытуу жана ысык суу менен жабдуу максаттары үчүн электр энергиясын кол-донушкан керектөөчүлөр жайгашкан райондордогу колдонуудагы электр тар-мактарын күчөтүү боюнча иштер тийиштүү дењгээлде жүргүзүлбөй жатат. Ал-сак, Бишкек шаары боюнча кошумча төрт трансформатордук подстанция же 30проценти орнотулган, 12 трансформатор пландаштырылса, анын күч келипкеткен 3 гана трансформатору алмаштырылган. Ош шаары боюнча пландаштырылган 5 трансформатордун ордуна күч кел-ген 9 трансформатор алмаштырылган. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципал-дык ишканасынын каражаттарынын жоктугунан тышкы электр менен жабдуусхемасын категориялуулук боюнча электр жабдуулар түзүлүшүнүн эрежелери-нин талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлбөйт. Ушундай эле себептен Чүй, Жалалабат облустарынын мамлекеттик адми-нистрациялары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгыКыргызтуракжайкоммунсоюз жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишка-насы менен бирдикте газ от казандарын отундун альтернативалуу түрүнөөткөрүү боюнча иштерди жүргүзө албай жатышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өк-мөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 3-июлунда кол коюлган 2006-жылы жана2007-жылдын биринчи кварталында сууэнергетика ресурстарын колдонуу жө-нүндө эки тараптуу Протоколго ылайык казакстан тарап вегетация мезги-линде Бишкек шаарынын ТЭЦине жагуучу 15 мињ тонна мазут жана 630 мињтонна көмүрдү утурлап берүү эсебине 1,1 млрд. кВтс кыргыз электр энер-гиясын алууга милдеттенген. Иш жүзүндө 2006-жылдын 1-апрелинен 1-декаб-рына чейинки мезгилинде 494 мињ тонна көмүр берилген. Электр энергиясынын экспорту 2006-жылдын 1-декабрдагы абал боюнча2,3 млрд. кВтс түздү. Бул өткөн жылдагы дењгээлден 190,2 млн. кВтс аз,анын ичинде Казакстан Республикасына - 2 млрд. кВтс түзгөн. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКы тарабынан Жалалабатоблусунда 220 кВ "Октябрьская" подстанциясын реконструкциялоо боюнчаиштер жүрүүдө. Бөлүштүрүүчү компанияларда электр өткөргүч линияларын капиталдыкоњдоо жана подстанцияларды электр менен жабдуу планы 2006-жылдын 11айында 64 процентке аткарылган. Мында капиталдык салымдардын планы2006-жылдын 1-декабрындагы абал боюнча 66 процентке аткарылган. Капи-талдык салымдарды өздөштүрүү боюнча артта калуу 2006-жылга электр энер-гиясына тарифти эсептөөгө салынган капиталдык салымдардын көлөмү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан өзгөртүлүшүнөбайланыштуу. Жылуулук тармактарын капиталдык ремонттоо жана капиталдык салым-дарды өздөштүрүү планы "Бишкекжылуулуктармагы" ААКы тарабынан графиккеылайык жүргүзүлүүдө. Азыркы убакта "Кыргызгаз" ААКнын "КазТрансГаз" АКсына карызы 16,9млн. АКШ долларын, газдын транзити үчүн "Интергаз Борбордук Азия" АКсы-на карызы 1,7 млн. АКШ долларын түзөт. "Узтрансгаз" акционердик коомунаалдын ала төлөөгө "Кыргызгаз" ААКы 336 млн. сом өлчөмүндө кредит алган. Жарандардын жењилдетилген категориялары жана кирешеси 1 адамгаэсептегенде 350 сомго чейинки аз камсыздалган үй-бүлөлөргө компенсациябоюнча керектелген электр энергиясы үчүн жењилдиктерди каржылоо2006-жылдын 1-декабрдагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги тарабынан 94 процентке, керектелген жаратылыш жана суюлтулгангаз үчүн - 69 процентке, берилген көмүр үчүн (акчалай компенсация) 103процентке аткарылган. 2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отунэнерге-тика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бишкек шаарынын ТЭЦиндеги энергожабдууларды оњдоо боюнча тап-шырмаларды аткаруу мөөнөтүн сактабагандыгы белгиленсин. 2. Төмөнкүлөрдүн жетишсиз иштери жана тапшырманы аткаруу мөөнөтүнүзгүлтүккө учураткандыгы белгиленсин: - көмүр даярдоо боюнча - Кыргыз Республикасынын бардык министрлик-тери менен ведомстволорунун, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын мам-лекеттик администрациялары, Ош шаарынын мэриясынын; - керектелген электр-жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүндебитордук карызды азайтуу боюнча - бардык облустардын мамлекеттик ад-министрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча баш-кармалыктары жана энергокомпанияларынын. 3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкекжана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын, "Электрстанциялары" ААКынын, бөлүштүрүүчү электр компанияларынын, "Көмүр" МИ-нин, "Кыргызнефтегаз" ААКынын, Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жетекчилери-не 2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде электр жана жылуулук энерги-ясын берүүдө үзгүлтүктөргө жол беришкен учурда аларга эњ катуу админис-трациялык чаралар көрүлө тургандыгы эскертилсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине отчет-тук жылга жана 2010-жылга чейинки келечекке отун-энергетикалык баланстыжыл сайын иштеп чыгууну камсыз кылсын. 5. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр" жана "Ошэлектр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүүсунушталсын: - борбордоштурулган жылуулук менен жабдуудан баш тартышкан, жылы-туу жана ысык суу менен жабдуу максаттарында электр энергиясын колдо-нушкан керектөөчүлөр турган райондордогу иштеп жаткан электр тармакта-рынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле тиричилик керектөөчүлөрменен электр энергиясын жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим-дерди түзүү иштерин аяктоо; - "Электр станциялары" ААКына жана "Кыргызстандын улуттук электртармактары" ААКына карыздарды жоюу; - зарыл ремонт иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомуна № 16 тиркемеге ылайык тар-мактарды куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди аяктоо. 6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушкылынсын: - белгиленген электр жана жылуулук оорчулуктарын көтөрүү үчүн Биш-кек шаарынын ТЭЦинде жана Ош шаарынын ТЭЦинде зарыл ремонт иштерин мөө-нөтүндө аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-дын 24-майындагы № 379 токтомуна № 14 жана № 15 тиркемелерге ылайыкэлектр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун зарыл көлөмүн камсыз кы-луу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379токтомунун № 11 тиркемесине ылайык белгиленген тапшырмага жараша Бишкекшаарынын ТЭЦине сапаттуу жергиликтүү жана казакстандын көмүрүн өз учу-рунда берүүнү камсыздоо; - "Кыргызнефтегаз" ААКы менен бирдикте берүүлөрдүн фактысы боюнчаакы төлөө менен Ош шаарынын ТЭЦине мазут берүүлөр боюнча артта калуунукыска мөөнөттөрдө жоюу жана графикке ылайык жагуучу мазут берүүнү кам-сыздоо; - 3,5 мињ тонна көлөмдө Ош шаарынын ТЭЦи үчүн мазутка алмашуу ме-нен "Жылуулуккоммунэнерго" Каракол ишканасынын жана "Жылуулук" ишкана-сынын муктаждыктары үчүн Кыргызтуракжайкоммунсоюзга Б-3 маркасындагы 25мињ тонна көлөмүндө көмүр берүүнү ишке ашыруу; - 2007-жылдын I кварталында Токтогул ГЭСинде 500 кВ Л-509 реакто-рунун фазасын ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү. 7. Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын ТЭЦине керектелген жылуулукэнергиясы үчүн карыздарды жоюу графигин түзсүн жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө киргизсин. 8. Кыргызтуракжайкоммунсоюз 2007-жылдын мартына чейин Ош шаарынынТЭЦине 3500 тонна жагуучу мазут берүүнү ишке ашырсын. 9. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканын калкы үчүнтиричиликтик газ эсептегичтерди орнотууну аяктоо боюнча чараларды көрүүсунуш кылынсын. 10. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентти-ги менен бирдикте иштердин түрлөрүнө лицензия алышкан көмүр ишканаларыбоюнча жана алардын лицензиялык макулдашуу жагындагы милдеттенмелердиаткарышы жөнүндө 2007-жылдын мартына чейин маалымат берсин. 11. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдоруна Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине2006-жылдагы табигый кырсыктардын натыйжасында бузулуп зыянга учураганобъекттерди калыбына келтирүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча атка-рылган иштер тууралуу маалымат берүү сунушталсын. 12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бир-дикте республиканын автожолдорундагы кар жана жер көчкүлөрү жүрүшүкооптуу участоктор боюнча маалымат даярдасын. 13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - электр энергиясын керектөө лимитин бекиткенде республиканын мек-тептеринде кенже класстын окуучулары үчүн ысык тамакты уюштурууга бай-ланыштуу аларды көбөйтүүнү эске алсын; - "Мамлекеттик жөнгө салуу" статьясы боюнча "Кыргызгаз" ачык акци-онердик коомунун чыгымдарын төмөнкүдөй каржылоону камсыз кылсын: - 2005-жылдын IV кварталы жана 2006-жылдын биринчи жарымы үчүн -2007-жылдын 1-апрелине чейин; - 2006-жылдын III кварталы үчүн - 2007-жылдын 1-майына чейин,2006-жылдын IV кварталы үчүн - 2007-жылдын 1-июлуна чейин; - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карыздарын жоюу максатындажаратылыш газынын бюджеттик керектөөчүлөрүн каржылоону жана2006/2007-жылдын жылытуу мезгилинде жаратылыш газы үчүн өз учурундагытөлөмдөрдү камсыз кылсын; - газга баанын жогорулашын эске алуу менен бюджеттик керектөөчү-лөргө жаратылыш газы үчүн 2007-жылдын республикалык бюджетинде кошумчасарптоолорду карасын. 14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар: - жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүштүрүүчүэлектр тармактарынын бөлүгүн реконструкциялоого катышсын; - жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү боюнча бардык таламдаш тарап-тардын катышуусу менен региондордо энергетикалык кењеш түзүшсүн. 15. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому-на белгиленген мөөнөттөрдө Жалалабат облусундагы "Октябрьское" 220 кВподстанциясын реконструкциялоону аяктоо сунуш кылынсын. 16. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведом-стволор, облустардын мамлекеттик администрациялары Бишкек жана Ош шаа-рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары "Түндүк электр", "Чыгышэлектр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык акционердик коомдору ме-нен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн бөлүн-гөн лимиттерин сактоону камсыз кылышсын. 17. "2005/2006-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарыжана Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын2006/2007-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 379 токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: № 16 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайыкредакцияда берилсин. 18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри А.Исабеков