Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-февралы № 59 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Өкмөттүк байланыш тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюл-ган Өкмөттүк байланыш тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун13-статьясында каралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу макса-тында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюл-ган Өкмөттүк байланыш тармагында кызматташуу жөнүндө тиркелген макулда-шуу бекитилсин. 2. Аталган Макулдашуунун аткарылышы үчүн жооптуу болуп Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аныкталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапкаКыргыз Республикасы бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мам-лекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. Премьер-министри А.Исабеков КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өкмөттүк байланыш тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, - эки өлкөнүн ортосунда болгон достук мамилелерди мындан арычыњдоого умтулууну жетектеп, - өкмөттүк байланышты сактоодо жана өркүндөтүүдө Тараптардын кы-зыкчылыктарын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет: "компетенттүү уюмдар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуккызматы жана Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкмөттүкбайланыштар кызматы; "өкмөттүк байланыш" - мамлекеттик башкаруунун муктаждыктары үчүнатайын байланыш; "эл аралык өкмөттүк байланыш" - Кыргыз Республикасынын жанаӨзбекстан Республикасынын өкмөттүк байланыш абоненттеринин ортосундагымаалыматтар менен алмашууга багытталган өкмөттүк байланыш системасы; "шифрдөө каражаттары" - маалыматты өзгөртүүнү жүргүзгөн криптогра-фиялык алгоритмдер, байланыш каналдары аркылуу иштетүүдө, сактоодо жанаберүүдө маалыматты коргоо үчүн багытталган аппараттык, программалык-ап-параттык жана программалык каражаттар, анын ичинде санкциясыз кирүүдөнкоргоо үчүн, жалган маалыматты тањуудан, негизги документтерди даярдоо,кол жазма шифрлери, коддолгон документтер. 2-статья. Тараптар дайыма иштеген эл аралык өкмөттүк байланышты камсыздашатжана өркүндөтүшөт. Ар бир Тарап эки Тараптын кызыкчылыгын камтыган эл аралык өкмөттүкбайланышты уюштуруу, техникалык эксплуатациялоо жана камсыз кылуу масе-лелерин чечүүдө бирдей укукка ээ. Эл аралык өкмөттүк байланышты уюштуруу, техникалык эксплуатация-лоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз иштетүү маселелеринкомпетенттүү уюмдар чечет. 3-статья. Ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагында экинчи Тараптын кызматтыкадамы үчүн өз мамлекетинин аймагында иштетилген мыйзамга ылайык жазуутүрүндөгү алдын ала суроо талап боюнча өкмөттүк байланышты берет, эгер-де Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучу болгон эларалык, макулдашууларда башкасы каралбаса. 4-статья. Эл аралык өкмөттүк байланышты уюштуруу, ишке киргизүү, техникалыкэксплуатациялоо жана келечекте өркүндөтүү боюнча чыгымдарды өз мамлеке-тинин аймагында ар бир Тарап өз алдынча төлөйт. 5-статья. Компетенттүү уюмдар: эл аралык өкмөттүк байланыштын, ошондой эле өкмөттүк байланышынынулуттук тармагынын жањы системаларын жана каражаттарын иштеп чыгуу жанаөндүрүү тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструкторлук иштер-ди эки тарапка тењ пайдалуу шарттарда биргелешип өткөрүшөт; өкмөттүк байланыштын каражаттарын өндүрүү тармагында өз ара ара-кеттенишет; өкмөттүк байланыш системаларындагы жана каражаттарындагы маалымат-ты коргоо тармагында өз ара аракеттенишет; кадрлардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча өз ара аракет-тешүүнү ишке ашырат; Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүкбайланышынын радиоэлектрондук каражаттарынын электромагниттик сыйымдуу-лугун камсыз кылуу максатында өз мамлекеттеринин аймагында аларгабөлүнгөн спектрдин ылдамдыгын колдонуу маселелери боюнча өз ара аракет-тенишет. Аталган өз ара аракеттенүү багыттары боюнча кызматташтык компе-тенттүү уюмдардын ортосундагы макулдашуу боюнча ишке ашырылат. 6-статья. Тараптар эл аралык өкмөттүк байланышты, ошондой эле эки өлкөнүнмыйзамдарына ылайык өкмөттүк байланыштын улуттук тармагын уюштуруу жанаэксплуатациялоо үчүн керектүү комплекттелген изделиелерди жана запасбөлүктөрдү, байланыштын техникаларын жана каражаттарын шифрдөө каражат-тарын макулдашуунун негизинде өз ара берүүнү камсыздоого милдеттенишет. 7-статья. Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагышифрдөө каражаттарын, байланыштын техникаларын жана каражаттарын, комп-лекттелген изделиелерди жана запас бөлүктөрүн өз ара берүү, ошондой элеатайын дайындалган көмөк көрсөтүү жана ремонт жүргүзүүнү уюштуруу ма-кулдашуу боюнча ишке ашырылат. 8-статья. Тараптар компетенттүү уюмдарга ушул Макулдашуудан келип чыкканмилдеттенмелерди аткарууга байланыштуу маселелер боюнча эки тараптуусүйлөшүүлөрдү (кењешмелерди) өткөрүүгө ыйгарым укук беришет. 9-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажы-ратылгыс бөлүгү болгон, ушул Макулдашуунун 13-статьясында каралган тар-типте күчүнө кирген, өзүнчө протокол менен түзүлгөн өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-статья. Бул Макулдашуудан келип чыккан маселелерди ишке ашыруу боюнча өзара аракеттешүүдө компетенттүү уюмдардын жумушчу тили болуп орус тилисаналат. 11-статья. Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоо жана колдонуу боюнча бардыкталаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана кењешмелер ар-кылуу чечилет. 12-статья. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышуучу болгон башка эларалык макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын милдеттенмелерин коз-гобойт жана башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына, коопсуздугуна жана аймактыкбүтүндүгүнө каршы багытталган эмес. 13-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгүбилдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдык мөөнөткөтүзүлөт. Эгерде Тараптардын бири кезектеги мөөнөт аяктаганга чейин алты ай-дан кем эмес убакта экинчи Тарапка Макулдашуунун аракетин токтотуу ние-ти жөнүндө жазуу түрүндө билдирбесе, Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү ки-йинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартыла берет. Ташкент шаарында 2006-жылдын 3-октябрында эки түп нускада, ар бирикыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чык-кан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн