Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ
в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от
25 марта 2022 года № 166
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-февралы №60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
Э.Т.Төрөбаев жана А.М.Марипов тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кандын
жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук
берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр А.Исабеков
20-февралы 2007-жылындагы №20-3/207
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
«Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары Э.Т.Төрөбаев жана А.М.Марипов тарабынан демилге
көтөрүлгөн «Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны
төмөнкүдөй пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга
макулдук берет.
Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1 жана 2-пункттарын Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 12-статьясына ылайык келтирүүнү сунуш
кылабыз, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген
тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар,
ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана
нормалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп
эсептелет.
Донордук канды жана анын компоненттерин, донордук кандын
препараттарын Кыргыз Республикасына алып келүү жана анын чегинен
сыртка алып чыгуу чоњ мааниге ээ экенин жана көп учурда ыкчам
чечилүүгө тийиш экенин көњүлгө алып, канды алып келүүгө жана алып
чыгууга уруксат берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча
ишке ашырууну ылайыксыз деп эсептейбиз. Буга байланыштуу Мыйзамдын
долбоорунун 4-статьясынын 1-пунктунун 3-пунктчасын төмөнкүдөй
редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
«3) Донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын
чегинен сыртка алып чыгуунун жана донордук канды жана анын
компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин
бекитет».
Мындан тышкары, 20-статьянын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
4-статьянын 2-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен
толуктоону сунуштайбыз:
«10) Донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз
Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга жана донордук канды жана
анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө
уруксат берет.».
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясын
эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 5-статьясынын 1-пунктундагы
«облустардын» деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 6-статьясынын аталышын «, аскердик
бөлүктөрдүн командирлерин (начальниктерин)» деген сөздөр менен
толуктоону сунуш кылабыз, анткени Мыйзамдын долбоорунун бул
статьясынын редакциясына ылайык ишканалардын, мекемелердин жана
уюмдардын, ошондой эле аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин
(начальниктеринин) милдеттенмелери аныкталат.
9-статьяны төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толуктоо зарыл деп
эсептейбйз:
«3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар аныкталган
тартипте текшерилишет жана ушул Мыйзамда каралган жењилдиктерге жана
гарантияларга укуктуу.».
Мыйзамдын долбоорунун 10-статьясынын 1-пунктун «бањги заттарды»
деген сөздөрдөн кийин «, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду»
деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
10-статьянын 2-пунктунун орусча текстиндеги «влечет» деген сөздү
«несет» деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз.
Колдонуудагы практикага ылайык, донор болгон кызматкер медициналык
текшерүү болгон күнү иштен ошол медициналык текшерүү жүргүзүлгөн
убакытка гана орточо эмгек акысын сактоо менен бошотулат. Кандын
доноруна ар бир жолу кан бергенден кийин, кандын компоненттеринин
доноруна - удаасы менен сегизинчи жолу плазма бергенден кийин кошумча
дем алыш күн берилет.
Ушуга байланыштуу 13-статьянын 1-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы 1
жана 2-пункттарга алмаштырууну сунуш кылабыз:
«1. Донор болгон кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөн күнү
менчигинин түрүнө карабастан ишканадагы, мекемедеги, уюмдагы иштен
орточо эмгек акысын сактоо менен медициналык текшерүү болгон убакытка
бошотулат. Донор болгон аскер кызматчы медициналык текшерүүдөн өткөн
күнү нөөмөттөн, вахтадан жана кызматтын башка түрлөрүнөн медициналык
текшерүү болгон убакытка бошотулат. Донор болгон студенттер окуу-
тарбия процессинен медициналык текшерүү болгон убакытка бошотулат.
2. Донор болгон кызматкер кан жана анын компоненттерин берген күнү
менчигинин түрүнө карабастан ишканадагы, мекемедеги, уюмдагы иштен
орточо эмгек акысын сактоо менен бошотулат. Донор болгон аскер
кызматчы кан жана анын компоненттерин берген күнү нөөмөттөн, вахтадан
жана кызматтын башка түрлөрүнөн бошотулат. Донор болгон студенттер кан
жана анын компоненттерин берген күнү окуу-тарбия процессинен
бошотулат.».
13-статьянын 2-5-пункттары иретине жараша 3-6-пункттар деп
эсептелсин.
13-статьянын 4-пунктундагы «жана анын компоненттерин» деген сөздөр
«кандын компоненттерин удаасы менен сегизинчи жолу бергенден кийин»
деген сөздөргө алмаштырылсын.
14-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасын алып салууну сунуш кылабыз,
анткени бул мыйзам долбоорунун 12-статьясында донорлорго акчалай
компенсация берүү каралган.
15-статьянын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, анткени
Мыйзамдын долбоорунун 12-статьясында донорго берилчү компенсациянын
түрлөрү аныкталган.
15-статьянын 1-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10, 11-пункттар
менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз:
«9) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык тейлөө
үчүн акы төлөөдө элүү проценттик жењилдикке;
10) кандын компоненттерин жана препараттарын алардын наркынын элүү
процентин төлөө менен алууга;
11) электр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдө ай сайын 150
квт/с чейин элүү процент жењилдикке.».
Мыйзамдын долбоорунун 17-статьясынын аталышында «жана анын
компоненттерин» деген сөздөрдү «, анын компоненттерин жана
препараттарын» деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
18-статьянын 1-пунктундагы «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөрдү
«саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган»
деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 22-статьясынын 2-пунктунда бул мыйзам
долбоорун кабыл алууга байланыштуу күчүн жоготту деп табылуучу Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын аталышын көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз.
Премьер-министр А.Исабеков