КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-февралы №63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: «Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгонжер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы №37 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - З-пунктта: биринчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги»деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыккоргоо министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык өнүктүрүү министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштарсаясаты министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Билим берүүжана илим министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 8 жана 12-пункттардагы «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жанатуризм министрлиги» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууЭнергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция» деген сөздөртийиштүү түрдө «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отунресурстары министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; -19-пункттагы «милдетин аткаруучу» деген сөздөр алып салынсын. Премьер-министр А.Исабеков