Редакцияот 21.02.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-февралы № 68                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун      Ташдөбө айылдык кењешинин жерлерин «Айыл чарба багытындагы         жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»                     категориясына которуу жөнундө                                        Кыргыз  Республикасынын  Жер  кодексинин  20-статьясына  ылайык жана   Кыргыз   Республикасында  турак  жай   курулушун   өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:          1.    Кыргыз    Республикасынын   Чүй   облусунун   мамлекеттик администрациясынын  Жер  бөлүп берүү  менен  байланышкан  маселелер боюнча    республикалык   комиссия   менен   макулдашылган   Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Адамүдүн районунун Ташдөбө  айылдык кењешинин  аймагындагы жеке менчик укугунда Кыргыз  Республикасынын жараны  К.И.  Исахуновго таандык 7,42 га сугат айдоосун  турак  жай комплексин  долбоорлоо  жана  куруу үчүн  «Айыл  чарба  багытындагы жерлер»  категориясынан Калктуу конуштардын жерлери»  категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2.    Кыргыз    Республикасынын   Чүй   облусунун   мамлекеттик администрациясы   жерди   эсепке   алуу   документтерине   тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.     3.   Участкага  курулуш  куруу  бекитилген  архитектуралык-шаар куруу  документтерине  жана Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш  бөлүгүнүн башкы планына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.     4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра  иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.                    Премьер-министр                                    А.Исабеков