Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-марты N 74
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз
Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык
кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын
санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин
камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын
6-июнундагы N 329 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" 2005-жылдын 30-декабрындагы N 639 токтомуна, "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" 2006-жылдын 30-июнундагы N 473 токтомуна, "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 702 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук базаны, республиканын калкынын саламаттыгын сактоого багытталган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун андан ары өнүктүрүү, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо, калктын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү продукцияны керектөө рыногуна чыгарбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүлүүчү продукциянын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча продукцияны санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Экспертизага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы N 329 токтому менен бекитилген Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүлүүчү продукциялар тийиштүү";
- 10-пункттун 2-абзацы "продукция" деген сөздөн мурда "тамак-аш азыктарынан, анын ичинде жаңы технология боюнча даярдалган жана/же сырьенун мурда пайдаланылбаган түрлөрүнөн жана башка компоненттерден даярдалган азык-түлүк сырьелорунан башка" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "продукция өндүрүүнүн шарттары боюнча" деген сөздөр "курулган жана реконструкцияланган объектилерди ишке берүү жөнүндө, иштеп жаткан объектилердин санитардык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык нормативдерге туура келиши жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункттун сегизинчи абзацы алып салынсын;
- 10-пункттун тогузунчу абзацы "адамдын" деген сөздөн кийин "(эгер бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктунун он экинчи абзацы "курамы жана колдонуу шарттары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "өндүрүп чыгарган заводдон алынып келингенде гана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пунктта "Жаңыдан иштелип чыгарылып жаткан ата-мекендик продукция үчүн, ошондой эле кошумча изилдөө жүргүзүү зарыл болгондо продукцияны экспертизалоо мөөнөтү үч айга чейин узартылышы мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;
- "III. Өндүрүү шарттарын изилдөө менен продукцияны экспертизалоо" деген III бөлүмдүн аталышы алып салынсын;
- 15-16-пункттар алып салынсын;
- 17-пунктта "мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүдө" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-21-пункттар тиешелүү түрдө 15-19-пункттар деп эсептелсин.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип чыккан жана колдонууга киргизилген) өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга), калкка сатууга, жаңы технологиялык процесстерге, Кыргыз Республикасынын аймагында продукция өндүрүүгө, алып келүүгө санитардык-эпидемиологиялык корутундунун" бланкасынын формасы;
- "Курулган жана реконструкцияланган объектилерди ишке берүү жөнүндө, иштеп жаткан объектилердин санитардык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык нормативдерге туура келүүсүнө санитардык-эпидемиологиялык корутундусунун" бланкасынын формасы.
3. Бул токтом Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-мартындагы
N 74 токтомуна
тиркеме
Адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү
боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза
жүргүзүлүүчү продукциянын
ТИЗМЕСИ
1. Тамак-аш кошундулары, биологиялык активдүү кошундулар, байытылган тамак-аш азыктары.
2. Тамак-аш азыктары, анын ичинде жаңы технология боюнча даярдалган жана/же сырьенун мурда пайдаланылбаган түрлөрүнөн жана башка компоненттерден даярдалган азык-түлүк сырьесу.
3. Башталгыч жалпы жана кесиптик билим берүү үчүн окуу китептери.
4. Ичүүчү сууну даярдоо жана тазалоо үчүн колдонулуучу реагенттер.
5. Ичүүчү сууну толук тазалоого арналган тиричилик түзүлүштөрү.
6. Курулуш материалы катары пайдаланылуучу табигый же жасалма радионуклиддерди камтыган өндүрүштүн калдыктары.
7. Дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дератизациялык каражаттар (ветеринарияда колдонулгандан башкалары).
Кыргыз Республикасынын
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр Т.Табылдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-мартындагы
N 74 токтому менен
бекитилген
Герб
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ
МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ
──────────────────────────────────────────────────────────────────────
(административдик аймактын аталышы)
Коду___N __________
200_жылдын "__" _____________
Курулган жана реконструкцияланган объектилерди
ишке берүү жөнүндө, иштелип жаткан объектилердин
санитардык эрежелерге, нормаларга жана
гигиеналык нормативдерге туура
келүүсүнө
(керектүүсүнүн алдын чийүү керек)
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ
1. _______________________________________________________________
(объектин аталышы, мекеме)
_______________________________________________________________________
(дареги, таандыгы)
_______________________________________________________________________
2. Берилген документтер:__________________________________________
Стат.мекемелер тарабынан берилген мамлекеттик
_______________________________________________________________________
каттоо жөнүндө күбөлүгү (N, берилген күнү, аймактык орган)
_______________________________________________________________________
чечим, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын буйругу
(N, берилген күнү, аймактык бирдик)
_______________________________________________________________________
менчик укугун ырастоочу документтер, ижара боюнча келишим
(N, берилген күнү, берген орган)
_______________________________________________________________________
техникалык жана технологиялык документтер (ТШ, ТК)
_______________________________________________________________________
санитардык текшерүүнүн акты (датасы, мамлекеттик
санитардык эпидемиологиялык аймактык орган)
3. Объектти текшерүүнүн жана берилген документтерди экспертизалоонун жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:
3.1. Курулушу_____________________________________________________
атайын курулуш, ылайыкташылган, реконструкцияланган
3.2. Бөлмөлөрдүн тизмеси:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3.3. Бир жумуш орунга туура келген аянт___________________________
нормасы 4,5 кв.метрден кем эмес аныгы
бийиктиги_________________________________________________________ нормасы 3 метрден кем эмес аныгы
3.4. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасы:__________________________________
(өндүрүш түрүнө туура келет)
3.5. Суу менен камсыздыгы_________________________________________
борборлоштурулган, жергиликтүү, ташып келинме
3.6. Ысык суу менен камсыздыгы____________________________________
борборлоштурулган, жергиликтүү, электржылыткычы
3.7. Канализациясы________________________________________________
борборлоштурулган, жергиликтүү
3.8. Желдетүүсү___________________________________________________
табигый, тартуучу-соруучу, тартуучу
3.9. Жарык кылынуу________________________________________________
табигый, жасалма
3.10. Жылытуу ____________________________________________________
борборлоштурулган, жергиликтүү
3.11. Санитардык тиричилик бөлмөлөрү:_____________________________
гардероб, душ бөлмөсү, дараткана, жуунчу бөлмө
3.12. Медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымат:
_______________________________________________________________________
4. Объект талаптарга туура келет _____________________________
(туура келбейт): нормативдик документация
(кереги жогун чийүү керек)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын
"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө"
Мыйзамын жетекчиликке алып Мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык
кызматы
_______________________________________________________________________
аймактын аталышы
МАКУЛДУГУН БЕРЕТ (БЕРБЕЙТ) ____ ______________________________
(кереги жогун чийүү керек) (объекттин, ишкананын аталышы) _______________________________________________________________________
Бул корутунду: 200_ жылдын "__" ______ чейин жарактуу.
Башкы Мамлекеттик санитардык _________________________
дарыгер (орун басары) колу (Аты-жөнү)
(чийүү керек)
М.О.
Өндүрүшкө талап кылынган санитардык эрежелеринин жана нормалар сакталбаган учурда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары санитардык-эпидемиологиялык корутундуну аныкталган тартип бузуулар жоюлганга чейин кайра сурап алат.
Үзүндү: Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы, 53-ст. "Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик":
"Санитардык мыйзамдарды бузуудан улам жарандын инсандыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыян келтирген жаран же юридикалык жак тарабынан толук көлөмдө толтурулуп берилүүгө тийиш".
Тааныштым (санитардык-эпидемиологиялык корутундуну алуучунун колу):
Аты-жөнү______________________________________ Колу______________
(колу жок болсо жараксыз)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-мартындагы
N 74 токтому менен
бекитилген
Герб
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ
МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ
┌─────────┐
Коду____N________ │ коргоо │ 200_-жылдын "__"_________
│ белгиси │
└─────────┘
Продукциянын жаңы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип
чыккан жана колдонууга киргизилген) өндүрүүгө,
колдонууга (пайдаланууга), калкка сатууга,
жаңы технологиялык процесстерге, Кыргыз
Республикасынын аймагында продукция
өндүрүүгө, алып келүүгө
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ
Бул продукция:____________________________________________________ _______________________________________________________________________
(аталышы)
_______________________________________________________________________
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык эрежелерге жана нормативдерге туура келери жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсүнө, алып чыгуусуна, өндүрүшүнө, колдонулууга жана сатууга уруксат берилери күбөлөндүрүлөт (керектүүсүн алдын чийүү керек).
Санитардык-эпидемиологиялык корутундуну алуучу____________________
(уюм, өтүнүүчүнүн аты-жөнү) _______________________________________________________________________
(юридикалык дареги)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Партиясы__________________________________________________________
(саны, продукциянын реквизиттери)
_______________________________________________________________________
Өндүрүп чыгарган мекеме:__________________________________________
(өндүрүп чыгарган фирманын аталышы, өлкөсү) _______________________________________________________________________
Продукция_________________________________________________________
(нормативдик жана технологиялык документация, ГОСТтор)
туура келет____________________________________________________________
Бул корутунду төмөнкүлөрдүн негизинде берилди:
_______________________________________________________________________
(санитардык эпидемиологиялык экспертизанын маалыматтары)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Продукциянын гигиеналык мүнөздөмөсү:
┌────────────────────────────────┬────────────────────┬───────────────┐
│Көрсөткүчтөр (заттар, факторлор)│Изилдөөнүн жыйынтыгы│Гигиеналык │
│ │ │нормативдер │
│ │ │(СанЭжанаН, │
│ │ │ММД, КЧМ.) │
├────────────────────────────────┼────────────────────┼───────────────┤

└────────────────────────────────┴────────────────────┴───────────────┘
Колдонулуу областы:_______________________________________________ _______________________________________________________________________
Колдонулууга, сактоого, ташууга жана коопсуздук чараларынын керектүү шарттары:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Бул санитардык-эпидемиологиялык корутунду 200_жылдын "__"_________ чейин жарактуу.
Жетекчи __________________________
колу (Аты-жөнү)
М.О.
Эскертүү: Продукцияны өндүрүүдө, сактоодо, сатууда же колдонууда санитардык эрежелер жана нормалар бузулган учурларда санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан өткөн санитардык эпидемиологиялык корутунду Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборлору тарабынан кайта сурап алынат.