Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн            2008 жылдын 8 апрелинин Токтомуна ылайык                              КҮЧҮН ЖОГОТТУ   Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-марты № 83                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         2008-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун               даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө                                        «Кыргыз  Республикасында бюджеттик укуктун негизги  принциптери жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын  40-статьясына  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1.    Кыргыз    Республикасынын   министрликтери,   мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору 2007-жылдын  9-апрелине чейинки   мөөнөттө  2008-2010-жылдарга  министрликтер,  мамлекеттик комитеттер,    администрациялык   ведомстволор   үчүн    контролдук цифраларды   эсептөө   үчүн  өнүктүрүүнүн   мамлекеттик   тармактык программаларына  негизделген негизги экономикалык  жана  финансылык көрсөткүчтөрүн   Кыргыз   Республикасынын   Финансы   министрлигине берсин.     2.  Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу  боюнча мамлекеттик   комитети  2007-жылдын  26-мартына  чейинки   мөөнөттө Кыргыз  Республикасынын  Финансы  министрлигине  2008-2010-жылдарда акционердик  коомдордун  акцияларынын  мамлекеттин  үлүшүнө   туура келген  дивиденддерден жана мамлекеттик менчикти  менчиктештирүүдөн түшкөн  каражаттардан,  анын  ичинде  2008-жылда  региондор  боюнча түшүүчү кирешелердин болжолун берсин.     3.  Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим  министрлиги, Кыргыз   Республикасынын  Саламаттык  сактоо  министрлиги,   Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,  Кыргыз Республикасынын  Айыл, суу чарбасы жана кайра  иштетүүчү  өнөр  жай министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги,  Кыргыз Республикасынын  Коргоо  министрлиги  жана  Кыргыз  Республикасынын Өзгөчө   кырдаалдар  министрлиги  2007-жылдын  9-апрелине   чейинки мөөнөттө   2008-2010-жылдарга  тиешелүү  багыттар   боюнча   орточо мөөнөттүү  стратегияны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.     4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     -    2007-жылдын    30-апрелине   чейинки    мөөнөттө    Кыргыз Республикасынын    Өкмөтүнө   караштуу    Макроэкономикалык    жана инвестициялык   саясат   боюнча  координациялык   кењеш   тарабынан жактырылган    2008-2010-жылдарга   бюджеттин   орточо    мөөнөттүү болжолунун   негизинде   министрликтер,   мамлекеттик   комитеттер, администрациялык   ведомстволор   үчүн   2008-2010-жылдарга   жалпы контролдук цифраларды даярдасын;     -  2007-жылдын  1-кварталынын  жыйынтыктары  боюнча  2008-жылга социалдык-экономикалык   өнүктүрүүнүн  иштелип   чыккан   болжолдуу бааларынын   индекстерин   жана  башка  негизги   макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү  эске  алуу  менен  2008-жылга  бюджеттин  долбоорун түзүү   боюнча   нускама  материалдарды,  ошондой  эле   2008-жылга контролдук   цифраларды  2007-жылдын  31-майына  чейинки   мөөнөттө даярдасын     жана     республикалык     бюджеттен     каржылануучу министрликтерге,    мамлекеттик   комитеттерге,    администрациялык ведомстволорго жана башка бюджеттик мекемелерге жеткирсин.     5.    Республикалык   бюджеттен   каржылануучу   министрликтер, мамлекеттик  комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик  администрациялар  жана башка  бюджеттик  уюмдар  2007- жылдын  1-июлуна  чейинки  мөөнөттө Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигине жањы форматта төмөнкүлөрдү берсин:     -   Кыргыз   Республикасынын  Финансы   министрлиги   тарабынан берилген  сунуштарга  жана  сметалардын  формаларына  ылайык  зарыл болгон  эсептөөлөр  жана негиздемелер менен өнүктүрүүнүн  тармактык мамлекеттик    программаларына   негизделген   2008-жылга    атайын каражаттар боюнча чыгашалардын жыйынды сметаларынын жана  кирешелер менен  чыгашаларынын сметаларынын долбоорун, ошондой эле 2008-2010- f