Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-марты № 84
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө
2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы долбоорун
иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-
жылдын 29-мартындагы № 87 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын
толукталып иштелип чыккан долбоору жактырылсын (тиркелет).
2. Аталган Стратегиянын долбоору Кыргыз Республикасынын
Президентинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Исабеков