Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25 - мартындагы №86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539,
2009-жылдын 29-майындагы №326
токтомдорунун редакцияларына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отунресурстары министрлиги (мындан ары - Министрлик) өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекс тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштепчыгууну жана аны жүргүзүүнү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордукорганы болуп эсептелет. 2. Министрлик өз ишмердигинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, КыргызРеспубликасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой зле эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, КыргызРеспубликасынын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, КыргызРеспубликасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жанаушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Министрлик өз ишмердигин аткаруу бийлигинин башка органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимийжана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт. 4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жанамамлекеттик, расмий жана англис тилинде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү,казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар жанажарандык-укуктук мамилелерде өзүнүн атынан чыгууга укуктуу, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгуу укугуна ээ. 5. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жанаведомстволук караштуу уюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоореспубликалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт. II. Министрликтин милдеттери 5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында бирдиктүүмамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны башка министрликтер жанаведомстволор менен бирдикте ишке ашыруу, ошондой эле өнөр жайды жанаотун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатындааны ишке ашыруунун усулдарын жана формаларын өркүндөтүү; - өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарынын туруктуу өнүгүшүүчүн тышкы рынокто импортту алмаштыруучу жана атаандаша алгыдайпродукцияны өндүрүп чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү экономикалык рычагдыиштеп чыгуу жана ишке киргизүү; - республиканын рыноктук механизмин, алдыњкы менеджментин жанаболгон отун-энергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануунунэсебинен энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана өндүрүштүөнүктүрүү, электр жана жылуулук энергиясын берүү жана сатуу; - ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда менчигинин түрүнөкарабастан электр жана жылуулук энергиясын, газды сарамжалдуу жананатыйжалуу пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу; - электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуу,берүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу менен байланышкан энергия мененжабдуучу уюмдарга, алардын менчигинин түрүнө карабастан, кызматадамдарына жана пайдалануучуларга, алардын Кыргыз Республикасынынченемдик укуктук актыларын, газ, электр жана жылуулук энергиясынпайдалануу боюнча, ошондой эле энергия жабдууларын коопсуз пайдалануубоюнча эрежелердин талаптарын сакташына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү; - өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекс тармагында жагымдууинвестициялык чөйрөнү камсыз кылуу, өнөр жай ишканаларынын жана отун-энергетика комплексинин инвестициялык кызыктыруучулугун жогорулатуу,өнөр жайды жана отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү үчүн тикелейинвестицияларды тартуунун натыйжалуу системасын түзүү. III. Министрликтин функциялары 6. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө төмөндөгү функциялардыишке ашырат: 6.1. Тармактык саясаттын функциялары: - өнөр жайдын жана отун-энергетикалык комплекстин экономикалыкабалына талдоо жүргүзөт жана аларда түзүмдүк кайра уюштуруулардыжүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдайт; - өнөр жай жана отун-энергетикалык сектордун финансылык-экономикалык абалына талдоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынсоциалдык-экономикалык өнүктүрүүнү комплекстик болжолдоого карататиешелүү материалдарды иштеп чыгат; - төйлөнүүчү чарбакер субъекттер менен бирдикте бюджет, салык жанабажы мыйзамдары, ошондой эле бажы-тарифтик саясат боюнча сунуштардыкиргизет; - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын негиздөөгө жанабашка мүлк мамилелери, менчиктештирүү процесси, мамлекеттик мүлктүбашкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууга катышат; - Кыргыз Республикасынын өнөр жайлык жана отун-энергетикалыкпотенциалын өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралардыиштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - өнөр жайда жана отун-энергетикалык комплексте инновациялыкишмердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт; - экономиканын чарбакер субъекттеринин өнөр жай, илимий-техникалыкжана инновациялык ишмердигин мамлекеттик колдоого алуунун механизминтүзөт жана ишке ашырат; - өнөр жай тармактарын, отун энергетикалык комплексти жана айрымишканаларды өнүктүрүү жана реструктуралаштыруу программаларын,амортизациялык саясат жана аны ишке ашырууга карата саясат боюнчасунуштарды ишкердик субьектери менен бирдикте иштеп чыгат жана ишкеашырат; - аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүп чыгаруу жана анысатууну камсыз кылуу боюнча чет мамлекеттер менен КыргызРеспубликасынын өнөр жайлык жана аскердик-техникалык кызматташтыктармагында мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - ички муктаждыкты жана экспортту курал-жарак жана аскердиктехника менен камсыз кылуу максатында аскердик продукцияны өндүрүүбөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралыкмамилелерди жана коргоо багытындагы ишканаларды өнүктүрүүнүнконверсиялык программасын иштеп чыгууга жана анын ишке ашырууга жоопберет; - ишканалардын кудуретсиздиги жана жакшыртуу маселелери боюнчамамлекеттик саясатты иштеп чыгууга башка тиешелүү министрликтер жанаведомстволор менен бирге катышат; - менчиктештирилүүчү жана мамлекеттен ажыратылуучу өнөр жайлыкжана отун-энергетикалык комплекстин мамлекеттик ишканаларыньш мүлкүнүннаркын баалоо экспертизасын жүргүзүүгө башка тиешелүү министрликтержана ведомстволор менен бирге катышат; - «РЕSАС» программасынын чегинде ишканалардын кудуретсиздик жол-жоболорун аяктоо боюнча иш жүргүзөт; - экспорттук көзөмөл жана лицензиялоо тармагында чараларды жүзөгөашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мобилизациялык даярдыкбоюнча иш-чараларды жүргүзөт; - энергетикалык сектордо квазифискалдык тартыштыктын белгиленгенмаксаттуу көрсөткүчтөрүнө мониторинг жана талдоо жүргүзөт; - электр энергиясын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуунунмеханизмин иштеп чыгат; - өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында техникалыкрегламенттерди иштеп чыгат жана макулдашат; - энергетикалык ресурстардын керектөөчүлөрүнө тейлөө кызматынкөрсөтүүгө жана анын сапатын жогорулатуу стандарттарын жана ченемдикдокументтерди, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишкекиргизүүнү камсыздоону макулдашат; - өзүнүн укуктарынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралыкуюмдар менен кызматташат; - өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары тармагында эл аралыкжана ата мекендик ассоциациялар менен байланышат жана иш жүргүзөт; - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагыаскердик-техникалык кызматташтык боюнча Биргелешкен комиссиянын ишинекатышат; - Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынынишине катышат; - ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө башка функцияларды ишкеашырат, эгерде мындай функциялар Кыргыз Республикасынын Президентининже Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарында, ченемдик укуктукактыларында каралса; - техникалык, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздуктун эл аралыкстандарттарына ылайык уран сыръесун казып алуу жана кайра иштетүүжаатында Министрлик менен Атом энергетикасы боюнча эл аралыкагенттиктин (мындан ары - АЭЭА) ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү,ошондой эле ушул тармакка техникалык долбоорлорду тартуу боюнчасунуштарды даярдайт. 6.2. Координация жана контролдоо функциялары: - өнөр жай, отун-энергетикалык комплексти комплексттүү өнүктүрүү,жањы индустрияны түзүү жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик сая-сатты ишке ашырууну координациялайт; - мамлекеттик өнөр жайлык жана отун-энергетикалык саясатты түзүүбоюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин тармактар аралык жана региондораралык координациялоону жүзөгө ашырат; - отун-энергетикалык комплекс тармагындагы мыйзамдардын сакталышы-на мамлекеттик контроль жүргүзөт; - өнөр жай жана энергетика системасынын түзүмүн жакшыртуучу чара-ларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт; - ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана энергетикалык ишканалар-дын кызыкчылыктарын башка өлкөлөрдө илгерилетүүгө көмөктөшөт; - республиканын энергетика тармагына келип түшкөн техникалык жар-дамдарды башка мамлекеттик органдар менен бирдикте координациялайт; - республиканын өнөр жайына жана отун-энергетикалык комплексинеинвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнчакызыкчылыгы бар мамлекеттик башкаруу органдары менен бирдикте сүйлөшүү-лөрдү уюштурат; - акцияларынын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун дирек-торлор кењешинин жана башкармалыктарынын аткаруу органдарынын курамынбелгиленген тартипте түзүү үчүн кыйла даяр кадрларды тандайт жана алар-ды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитетине сунуштайт; - отун-энергетикалык комплекстин табигый монополия субъекттери ме-нен алардын кызматынан пайдалануучулардын ортосундагы келишимдердиншарттарынын аткарылышын контролдойт; - электр жана жылуулук энергияларын пайдалануучулардын түрдүү ка-тегорияларынын жана топторунун ортосундагы субсидиялоону контролдойтжана аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - энергетикалык сектордогу техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүнжана квазифискалдык тартыштыктын белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрүнүнаткарылышын контролдойт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539токтомунун редакциясына ылайык) 6.3. Жөнгө салуу функциялары: - электр, жылуулук энергияларын жана жаратылыш газын өндүрүү, бе-рүү, бөлүштүрүү жана сатуу укугуна, көмүр кендерин иштетүү, мунайды жа-на жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча ишкердикке; - аскердик багыттагы, кош багыттагы продукцияларга, ядролук мате-риалдарга, кымбат баалуу материалдарга жана сырьелорго, түстүү металл-дардын сыныктарына жана калдыктарына экспорттук-импорттук лицензиялардыберет; - электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтердииштеп чыгат жана бекитет; - жаратылыш газын сарптоо нормаларын жана Кыргыз Республикасындажаратылыш газын пайдалануу эрежелерин бекитет; - энергия менен жабдууга типтүү контракттарды, бөлүштүрүүчү уюм-дардын жана керектөөчүлөрдүн регламенттөөчү укуктарын жана милдеттерин,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеэлектр энергиясы менен газ рыногунун катышуучуларынын ортосундагы конт-ракттарды иштеп чыгат жана бекитет; - энергетикалык рыноктун контракттарын каттоочуларын алардын ро-лун, ыйгарым укуктарын жана милдеттеринин чөйрөсүн аныктоо менен дайын-дайт; - ведомстволук караштуу мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларгаюридикалык жакты түзгөн уюштуруучулар катары чыгууга жана алардын уюш-туруучулардын курамынан чыгышына макулдук берет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539токтомунун редакциясына ылайык) 6.4. Кызмат көрсөтүү жана колдоо функциялары: Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтык-консультациялык көмөк берүү менен мамлекеттик органдарды, өнөр жайдынчарбакер субьекттерин жана отун-энергетикалык комплексти камсыз кылат; - илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдардыөткөрөт; - бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергияларын жанажаратылыш газын пайдалануунун лимиттерин иштеп чыгууга катышат; - белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардынкайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт; - өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары ишканаларына колдоокөрсөтөт; - кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, окутуу жана андан арыкызматка көтөрүү боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жүргүзөт; - уставдык функциялардын аткарылышын программалык, маалыматтык,финансылык камсыздоону, документтерди юридикалык экспертизаданөткөрүүнү жана аларды коштоону, соттордо Министрликтин таламдарынкөрсөтүүнү ишке ашырат; - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагымаалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык Министрликтин карамагындагы маалыматтарды сураган адамдардымаалымат менен камсыз кылат. IV. Министрликтин укуктары 7. Министрлик белгиленген ишмердик чөйрөсүндө функцияларды ишкеашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу: - Министрликтин ишмердиги жаатында мамлекеттик саясаттын негизгибагыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштардыкиргизүүгө; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жанаМинистрликтин ишмердик маселелерине карата ченемдик укуктук базаныөркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө; - Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдарменен түзгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча сунуштардыкиргизүүгө; - эки тараптуу же көп жактуу макулдашууларга жана келишимдерге,ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жанакелишимдерге белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан колкоюуга; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызматадамдарынан жана жарандардан Министрликтин ишмердиги чөйрөсүнөтиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга; - ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө координациялык жана кењешберүүчү органдарды (кењештерди, комиссияларды, топторду), анын ичиндеведомстволор аралык органдарды түзүүгө; - өнөр жай жана энергетика маселелери боюнча КыргызРеспубликасында жана чет мамлекеттерде эл аралык институттардын,эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын,конференциялардын, кењешмелердин ишине материалдарды даярдоого жанакатышууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттикишканалардын аткарышы милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча ченемдикукуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде бекитүүгө; - мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Министрликтинкомпетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынынатынан чыгууга; - өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө,башка өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар жанаюридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларгакол коюуга; - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен өз аракызматташуу жөнүндө макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдордутүзүүгө; - Министрликтин компетенциясына тиешелүү ишмердик чөйрөсүндөмамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жанамекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга; - чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле өз арапайдалуулук негизде Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз арааракеттенүүгө жана кызматташууга, Министрликтин ишмердигинин жаатындабашка өлкөлөрдүн жетишкендиктерин жана тажрыйбаларын үйрөнүүгө жанапрактикада пайдаланууга; - инвестициялык долбоорлорду даярдоодо, ишке ашырууда жанаилгерилетүүдө инвесторлорго жардам көрсөтүүгө; - республиканын өнөр жайлык жана энергетакалык өнүгүшү мененбайланышкан долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынынминистрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялыкмекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын,илимий - изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, айрымокумуштууларды жана адис - практиктерди тартууга, өнөр жайдын жанаотун - энергетикалык комплекстин негизги проблемалары боюнчасунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссияларды (топторду) жанаубактылуу чыгармачыл топторду түзүүгө; - борбордук жана аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынынадистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди экспертизалардыжана консультацияларды жүргүзүү үчүн тартууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген ыйгарым укуктунчегинде ишканаларды реструктуралаштыруу жана кайра уюштуруу, алардынбанкроттугу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө; - мыйзамдардын чегинде акы төлөнүүчү консультацияларды,информациялык-маалымдама жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө; - Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууну уюштуруу боюнчачечимдерди кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоого; - Министрликтин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча аткаруубийлигинин мамлекеттик органдарынын коллегияларынынш ишине катышууга; - Министрликтин кызматкелерин кесиптик даярдыктан өткөрүүнү,аларды кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жанастажировкага жиберүүнү уюштурууга. V. Министрликтин ишин уюштуруу 8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушуменен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматкадайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу өнөр жай, энергетика жана отунресурстары министри башкарат. 9. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жанаишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгөашырууга жеке жоопкерчилик тартат. 10. Министрликте статс-катчынын, ошондой эле министрдин эки орунбасарынын жогорку административдик мамлекеттик кызматы түзүлгөн. 11. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнчажана Кыргыз Республикасынын мыйзамындарында белгиленген тартиптеминистрдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынынфункциялары жана ыйгарым укугу Мамлекеттик кызмат боюнча кењештарабынан бекитилген мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндөгү жобоменен аныкталат. Статс-катчыга министр тарабынан башка функциялар жанаыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн. 12. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу менен КыргызРеспубликасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жанабошотулат. 13. Министрдин укуктары: - Министрликтин ишмердигине, анын коллегиясына, борбордукаппаратка, ага караштуу органдарга жалпы жетекчилик кылат жанаМинистрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкерчилик тартат; - статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын милдеттеринбөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр менен
макулдашуу боюнча министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн белгилен-
ген штаттык сандын чегинде бекитет жана өзгөртөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынынын түзүмдүк
подразделениелеринин жоболорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун
басарларына дайындоого талапкерлерди сунуштайт;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана бошотууга макулдугун
берет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлык жана
тартип жазаларын колдонот;
- ведомстволук караштуу органдардын жетекчилерин белгиленген
тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликке ведомстволук караштуу органдардын жобосун, түзүмүн
жана штаттык тизмесин бекитет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер сөзсүз түрдө аткара
турган буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин мүлктөрүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана тапшырмасы боюнча
эки таратуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өзүнүн
ыйгарым укугунун чегинде дагы башка функцияларды аткарат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарына
ылайык статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтеги мамлекеттик
кызматты өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- Министрликтин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык
чиндерин ыйгарат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак
наамдарды ыйгарууга жана Министрликтин системасындагы өзгөчө
айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө
эмгек сињиргендиги үчүн пенсия чектөөгө көрсөтөт;
- Министрликке ведомстволук караштуу органдарга тапшырма берет
жана алардын аткарылышын контролдойт;
- кызматы боюнча Министрликтин жарандык коргоосунуы начальниги
болуп эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууну жетектөөнү ишке
ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка укуктарга
да ээ.
14. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр тарабынан
алардын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдыларынча
чечим кабыл алышат, иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча иштерди
уюштурушат.
15. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт: анын курамына
министр (төрага), статс-катчы, министрдин орун басарлары кызматтары
боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой
эле башка уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кирет.
16. Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы министрдин
сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
бекитилет.
17. Министрликтин коллегиясы Министрликке жүктөлгөн милдеттеринин
жана функцияларынын чегиндеги маселелерди пландайт жана өзүнүн
заседаниелеринде карайт, өзүнүн чечимдерин токтомдор түрүндө ишке
ашырат. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк
добушу менен кабыл алынат, эгерде добуш берүү тењме-тењ болуп калса
төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат Төрага жана
коллегиянын башка мүчөлөрү ар кандай талкуулаган маселе жана кабыл
алынган чечим боюнча өзгөчө пикирде болушу мүмкүн, ал жөнүндө
протоколго жазылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирилет.
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын
түзүмдүк подразделениелеринин ишин уюштуруу жана пландаштыруу, күн
тартиби, документтерди өткөрүүнүн жана контролдоонун тартиби жана
Министрликтин ишмердигинин башка маселелери министр тарабынан
бекитилүүчү тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
19. Министрлик илимий-консультациялык жана эксперттик кењештерди
түзө алат. Министрликтин илимий-консультациялык жана эксперттик
кењештеринин курамы жана алар жөнүндө жоболорду министр бекитет.
Көрсөтүлгөн кењештердин иштерин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо
Министрликтин борбордук аппаратынын бекитилген санынын жана
Министрликти кармоого каражаттардын чегинде Министрлик тарабынан ишке
ашырылат.
20. Министрликте мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча
комиссия иштейт.
21. Борбордук аппараттын түзүмдүк подразделениелеринин жана
ведомстволук караштуу органдарынын иштерин контролдоону белгиленген
тартипте Министрлик жүргүзөт.