Сравнение редакций…
- бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана алардын аткарылышын камсыздоо боюнча сунуш- тарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин тышкы экономикалык ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- мамлекеттин экономикасына инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;
- контрабандага, бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү, Кыргыз Республика- сынын бажы чек арасы аркылуу баңги заттарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюу, ошон- дой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө кө- мөк көрсөтүү;
- товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө мамлекеттик кооп- суздукту, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын кор- гоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы ишине тийиштүү бөлү- гүн аткарууну камсыз кылуу.
(2009-жылдын 5-июнундагы №361 токтомунун редакциясына ылайык) III. Негизги функциялары7. МБК ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык мамлекеттик бажы саясатынын чегинде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- бажы ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын бажы саясатын ишке ашыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук механизмдерин иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- бажы иши жөнүндөгү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- эл аралык өндүрүш кооперациясын бекемдөөнү, экспортко, реэкспортко, транзиттик соодага дем берүүнү кошо алганда экономика жаатында Кыргыз Республикасы менен эл аралык уюмдардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу механизмин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, регионалдык бирликтер жана соода уюмдары менен болгон эл аралык макулдашуулардын алкагында чет элдик инвестицияларды тартуу меха- низмдерин өркүндөтөт;
- товарларды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чегарадан өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүү, өткөрүү пункттарында контролдоочу органдардын санын кыскартуу жана алардын бирин бири кайталоосун жоюу жөнүндөгү сунуштарды иштеп чыгат жана белгилеген тартипте киргизет;
- мамлекеттик чегарадагы өткөрмө пункттарында товарларды жана транспорттук кара- жаттарды өткөрүүнү каттоого, аларды белгиленген маршрут боюнча жеткирүүгө, убактылуу сактоого, транзиттик өткөрүүгө контроль жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларга карата бажы алым- дарын, салыктардын жана бажы жыйымдарынын ставкалары жана аларды колдонуу механизмде- ри жөнүндө сунуштарды белгилеген тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларга карата экономика- лык жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде бул чараларды ишке ашырууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлчү товарлар боюнча бажы тө- лөмдөрүн алууну уюштурат;
- тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын сактоону контролдоо системин уюштурат;
- юридикалык жактар жана жеке адамдар товарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рына ылайык алып келүүдө жана алып чыгууда бажы төлөмдөрүн өз убагында жана толук тө- лөөсүн контролдойт;
- тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын бажы ишинин маселелери боюнча то- бокелдикти башкаруу системасын, бажыдан кийинки контролдун жана аудиттин ыкмаларын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү ишке ашырат, ошондой эле баш ийген бажы органдарынын ишмердигине мониторинг, талдоо жана координа- циялоо жүргүзөт;
- товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы ар- кылуу өткөрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана башка коммерция- лык иштерди жүргүзүүдө бажылык режимдердин натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат;
- лицензияларды жана квалификациялык аттестаттарды берет же берилишин камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мындай лицензияларды же ат- тестаттарды жокко чыгарат же кайра алат, реестр жүргүзүүнү камсыз кылат;
- товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөнү ишке ашырууну уюштурат, аны өркүндөтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө чара көрөт;
- Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товар жүгүртүүнү тездетүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын субъектилеринин, уюмдарынын жана жарандары- нын тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын иштеп чыгат жана шарт түзөт, бажы инфраструктурасынын өнүгүшүнө жардам көрсөтүү менен бирге бул чаралар- ды ишке ашырууну камсыз кылат;
- бажы контроль зонасынын режимин сактоо үчүн контролду камсыз кылат, бажылык инфра- структура объектилеринин иштөө системин уюштурат, Кыргыз Республикасынын бажы чегарасын кайтаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- товарларды жеткирүүнү, коштоону, убактылуу сактоону, товарларды жана транспорт ка- ражаттарын транзиттик өткөрүүнү контролдоону өзүнө камтыган, бажы контролун уюштурат жа- на жүргүзөт;
- айрым товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу уруксат менен өткөрүүнүн тартибин иштеп чыгууга катышат жана сакталышын уюштурат;
- экспорттук контролду, стратегиялык жана өтө керектүү башка сырьелорду жана материал- дарды, ошондой эле маданий баалуулуктарды алып чыгууга контролду уюштурууга катышат;
23
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, табигый айлана-чөйрөнү сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызык- чылыгын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышуусун камсыздайт;
- контрабандага жана бажы ишинин чөйрөсүндөгү башка кылмыштарга каршы күрөш жүргү- зүүдө өзгөчө укуктарга эз;
- бажы органдары тергөөчү иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык бажы органдарынын тергөө функциялары аткарылышына уюштуруу, камсыздоо жана контролдоо боюнча өзгөчө укуктарга ээ;
- бажы ишинин чөйрөсүндө кылмыш жасоого даярданып жаткан же кылмыш жасаган адамдарды аныктоо максатында оперативдик-иликтөө иштерин жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын нормалдуу иштерине жолтоо болуучу эреже бузууларга жана администрациялык укук бузууларга каршы күрөш жүргүзүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын бажы чеги аркылуу баңгизат каражаттарын жана психикага зыян келтирүүчү заттарды, мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюу боюнча чараларды өзүнүн компе- тенциясынын чегинде уюштурат жана ишке ашырат;
- кызыктар органдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу баңги каражаттарды жана психикага зыян келтирүүчү заттарды, куралдарды, ок-дарыларды, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн көркөмдүк, тарыхый жана археологиялык табериктерин, интеллектуалдык менчик объектилерин, жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын, башка товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү токтотуу боюнча чаралардын системин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүсүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажы иштеринин чөйрөсүндө контрабанда жана башка кылмыштар боюнча иштерди жүргүзүүдө, оперативдүү-издөө иштерин жүзөгө ашырууда, бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштерде жана аларды кароодо, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын нормалдуу иштерине жолтоо болгон администрация- лык укук бузуулар жөнүндө иштерди жүргүзүүдө мыйзамдын сакталышына контролду ишке ашырат;
- тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын атайын бажы статисти- касын жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу башка органдарга бажы статистикасынын маалыматтарын жана бажы маселеси боюнча башка маалымат- тарды белгиленген тартипте берет;
- тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын эл аралык практикада кабыл алынган форма боюнча расмий жарыялоону ишке ашырат;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүүнү, ошондой эле аны иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча иштерди уюштурат;
- бажы иштерин жүзөгө ашырууда жарандардын жана уюмдардын укуктары менен кызыкчылыкта- рын коргоо чараларын көрөт, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине жана аракетсиздигине даттанууга жарандардын жана уюмдардын укуктарын ишке ашыруу үчүн шарт түзөт;
- жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында жана толук каралышын камсыз кылат, жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын басмырлоочу себептерди жоюу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы маселелери боюнча маалымат менен кам- сыз кылуу системин түзөт жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары, ташуучулар жана ишмердүүлүгү товарлар менен тышкы соода жүргүзүү жана алардын профессионалдык бирик- мелери (ассоциациялары) менен байланыштуу башка уюмдар менен кеңеш берүү мүнөзүндөгү рас- мий мамилелерди колдойт;
- бажы ишинин маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, аларды түзүү боюнча белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мындай келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды берет;
- бажы иштерине тиешелүү бөлүгүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы иштерине тиешелүү бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылат, эл аралык уюмдардын иштерине катышат;
- бажы кызматынын бажы ишине тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелердин иштерине катышуусун камсыз кылат;
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- бажы ишине тиешелүү маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алат;
- бажы иши жаатындагы илимий жана изилдөө иштерин, кызыкчылыгы бар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен семинарларды өткөрүүнү ошондой эле башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн семинарларда алардын катышуусун уюштурат, өзүнүн систе- минде илимий-изилдөө мекемелеринин жана профессионалдык, кошумча билим берүү окуу жайлары- нын иштешин камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында бажы иши жөнүндө мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт жана талдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектик штаттык сандын чегинде негизги милдет- тери жана функциялары МБКнин жоболору жана башка ведомстволук нормативдик актылары менен аныкталуучу бажы органдарынын структуралык бөлүмдөрүн түзөт, алардын уюмдарын кайра уюшту- руу боюнча ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын, бажы лабораторияларынын, башка бөлүмдөрүнүн мүлкүн башкаруу боюнча менчик ээсинин укук- тарын ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылайт, МБКнин Өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактарды белгиленген тартипте башкарат жана тескейт;
- бажы органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын түзөт жана өнүктүрөт;
- бажы органдарынын кызмат адамдарын жана ведомстволук уюмдардын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде аныкталган акы төлөмө кызматтарды (иштерди) көрсөтөт;
- бажы кызматынын системасында дене тарбия даярдыгы, мелдештер боюнча иш-чараларды пландаштырат жана уюштурат;
- белгиленген тартипте кызматкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификация- сын жогорулатууну уюштурат жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы N 361 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Негизги укуктары 8. МБК өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Бажыкодексине жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынаылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана бажы иши боюнча эл аралыкмакулдашууларда каралган бөлүгүндө бажылык тариздөөнү, бажы жол-жоболорун жанабажы режимдерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоого; - мамлекеттик органдардан, анын ичинде аткаруу бийлигинин борбордукорганынан, аткаруу бийлигинин органынан, Кыргыз Республикасынын субъектилеринен,мекемелерден жана баш ийүүсүнүн түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жанауюмдардан, ошондой эле кызмат адамдарынан жана жарандардан ага жүктөлгөнмилдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жанамаалыматтарды суроого жана алууга; - бажы органдарынын иштерин уюштурууда (бажы объектилерин куралдуукүзөтүүдө, кызматкерлерге сабак өтүүдө жана башка учурларда) КыргызРеспубликасынын укук коргоо органдарынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн колдонуудагынормативдик актыларын колдонууга; - продукциянын (кызматтардын, иштердин) мамлекеттик заказчысынын функциясынбелгиленген тартипте аткарууга; - бажы ишинин маселелери боюнча консультациялык, координациялык жанаэксперттик кењештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топтордутүзүүгө; - бажы ишинин маселелерин чечүү үчүн илимий мекемелерди, илимпоздорду жана адистерди келишимдик негиздетартууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинле алгачкы текшерүү жана тергөөиштерин жүргүзүүгө; - МБКнын борбордук аппаратынын структурасын жана штаттык расписаниесинКыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнј киргизет;бажы органдарынын начальниктерин, МБКнин борбордук аппаратынынбашкармалыктарынын начальниктерин жана алардын орун басарларын, бөлүмдөрүнүнначальниктерин, МБКнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, баш ийген бажыоргандарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот; - ыкчам издөө ишмердүүлүгүнөн, бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажыконтролу процессинен, бажы тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууишмердүүлүгүнөн тышкары, катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы кызматтарга,бекитилген штаттык сандын 20 % ашпаган чегинде жана МБКнын бажы кызматынөнүктүрүү Фондунун эсебинен каржыланган, контракттык негизде бажы органдарынынишмердүүлүгүн камсыз кылган маселелер менен алектенген жумушчуларды дайындайт; - баш ийген бажы органдарынын уюштуруучулук, кадрлык, финансылык жана башкамаселелерди өз алдынча чечүү боюнча укуктарын белгилейт; - МБКнин компетенциясынын чегинде нормативдик укуктук актыларга кол коет(бекитет) жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат; - белгиленген штаттык сандын чегинде төмөнкүлөрдү бекитет: а) ведомствого караштуу бажы органдарынын штаттык расписаниесин,структурасын жана алар жөнүндө жоболорду; б) МБКнин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу бажы органдарынынкирешелеринин жана чыгымдарынын сметаларын; - кызматтык имараттарды, дарылоо-ден-соолукту чыњдоо жана спорттукобъекттерди куруу менен бирге МБКнын материалдык-техникалык жана социалдыкбазасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кете турган каржылоону аныктайт; - бажы органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдарды өзүнүн ыйгарымукугунун чегинде ыйгарат, бажы органдарынын кызмат адамдарына жогорку башкаруучукурамдын атайын наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министрине белгиленген тартипте киргизет; - белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана бажыоргандарынын кызматкерлерин жана жумушчуларын, эл аралык уюмдардын жана четмамлекеттердин бажы органдарынын өкүлдөрүн алар менен сыйлайт; - МБКнын ведомстволук сыйлыктары менен бажы органдарынын жана башкаведомствого караштуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жана жумушчуларын сыйлайт; - өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ардак наамдарыныйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунушкиргизет; - бажы органдарынын кызматкерлерине, баш ийген бөлүмдјрүнүн жетекчилеринежана кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын - бажы кылмыштары боюнча баштапкы текшерүү жүргүзүүгө жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында аныкталган компетенциянын чегинде оперативдик-издөө иштерин жүзөгө ашырууга; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттикоргандары жана уюмдары, ошондой эле кызмат адамдары жана жарандары менен КыргызРеспубликасында да, анын чегинен сыртта да биргелешип иштөөгө; - бажы органынын кызматкерлеринин арасынан жогорку окуу жайларына окутуучукатары жиберүүгө; - байланыштын жана маалыматтарды берүүнүн ведомстволук системаларына ээболууга; - баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого,алардын адистик жана финансылык-чарбалык иштерин контролдоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишкеашырууга; 9. МБК ведомствого караштуу башка уюмдардын бажы органдарынын иштеринжетектейт; 10. МБК бажы иши боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагандаколдонулуучу нормативдик актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде чыгарат. 11. МБК бажы мыйзамдарынын чөйрөсүндө МБК тарабынан бекитилген нормативдикактылар боюнча жана бажы ишинин чөйрөсүндө аларды колдонуу тартиби жөнүндөтүшүндүрмөлөрдү берет. V. Иштерди уюштуруу 12. МБКны Төрага башкарат. МБКнын Төрагасы кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат. МБКнын Төрагасынын эки, анын ичинде бир биринчи орун басары жана КыргызРеспубликасынын бажы кызматынын Россия Федерациясынын бажы кызматындагы өкүлүболот, алар кызматка МБКнын Төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. МБКнын Төрагасы: - МБКнын, баш ийген бажы органдарынын жана башка бөлүмдөрдүн иштеринбирдиктүү жетекчилик принцибинде башкарат; - МБКга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекежоопкерчилик тартат; - МБКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттикоргандары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылат; - Төраганын орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт жана алардынжоопкерчиликтеринин чегин белгилейт; - бажы органдарынын Дисциплинардык уставында аныкталган дисциплинардыктаасир этүү чараларын толук көлөмдө колдонот; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сандык чектерде МБКнын борбордук аппара- тынын түзүмүн жана анын штаттык санын бекитет - МБКнин, баш ийген бажы о ргандарынын жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамын максатка ылайык колдонуу үчүн кадр- ларды ротациялайт; - МБКнин, баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарын,ошондой эле тейлөөчү персоналдын кызматкерлерин мыйзамда белгиленген тартиптежумушка алат жана бошотот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткаратжана укуктарды колдонот.(2009-жылдын 5-июнундагы №361 токтомунун редакциясына ылайык) 13. МБКнын Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын бажыкызматынын Россия Федерациясынын бажы кызматындагы өкүлү, борбордук аппараттынбашкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн начальниктери, бажы органдарынын жанаведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилери МБКнын Төрагасынын буйругу мененбекитилген кызматтык нускамаларда аныкталган укуктарды алышат жана милдеттердиаткарышат; 14. МБКда курамы 8 кишиден турган коллегия түзүлөт: МБКнын Төрагасы(коллегиянын төрагасы), Төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын бажыкызматына караштуу Россия Федерациясынын бажы кызматынын өкүлү, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соодаминистрлигинин өкүлү, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана бажыоргандарынын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери. МБКнын Төрагасы жана анын орун басарлары коллегиянын мүчөлүлүгүнөкызматтары боюнча кирет. МБКнын коллегия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. Коллегия кварталына бир жолу өткөрүлүүчү жыйындарында бажы ишин өркүндөтүү,бажы мекемелерин жетектөө, аткарууну текшерүү, кадрларды тандоо, жайгаштыруу,окутуу жана тарбиялоо, бажылык контролду уюштуруу, бажылык укук бузууларга каршыкүрөшүү жана укук бузгандык үчүн жоопко тартуу, бажылык төлөмдөрдү алуу,нормативдик актылардын жана башка документтердин долбоорлорун даярдоо, бажыиштери жаатында чет өлкөлөр менен кызматташууну кењейтүү маселелерин, ошондойэле МБКнин компетенциясына кирген башка маанилүү маселелерди карайт, ошондой элеМБКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, бажы органдарынын жанаведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилеринин отчетторун угат. Коллегиянын кезексиз жыйыны МБКнин Төраганын чечими боюнча каралчумаселелердин актуалдуулугуна жараша өткөрүлөт. Коллегиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тењболуп калганда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Коллегиянынчечими МБКнын Төрагасынын буйругу менен таризделет. МБКнин коллегиясынын ишинин укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилчү Коллегия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат. 15. МБКде бажы иштерибоюнча консультациялык кењеш иштейт. Кењештин жекекурамын жана ал жөнүндөгү жобону МБКнын Төрагасы бекитет. (2009-жылдын 5-июнундагы №361 токтомунун редакциясына ылайык)