Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 4-апрели № 91 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой жана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө Ысыккөл курорттук-рекреациялык зонасын андан ары өнүктүрүү, жаратылышресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, биосфералык аймактын өзгөчөстатусун эске алып, «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын сактоо жанаөнүктүрүү маанилүү мамлекеттик милдет болуп санала тургандыгын көњүлгө алууменен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы планыбекитилсин. 2. Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой, Чоктал эс алуу зонасын аймактык өнүктүрүүсхемасы жактырылсын. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - жер участогун бөлүү, аймакты жайгаштыруу жана куруу бекитилген жанажактырылган шаар курулуш документтерине ылайык ишке ашырыла тургандыгы; - Ысыккөл курорттук районун пландаштырууда аныкталган, борбору Чолпонаташаары болгон «Түндүк», борбору Каракол шаары болгон «Чыгыш» жана борбору Тамгаайылы болгон «Түштүк» курорттук чакан райондорунун суу жээгинен жанареспубликалык автомагистралдан көл кылаасы жагында жайгашкан аймак өзгөчөкорголуучу зона болуп эсептеле тургандыгы. 4. Өзгөчө корголуучу зонадагы жер пайдалануу төмөнкүлөрдү эске алуу мененжүргүзүлө тургандыгы белгиленсин: - жерлерди «айыл чарба багытындагы жерлер», «токой фондунун жерлери»,«запастагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясынакоторууну чектөө; - эс алуучулар жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу менентүздөн-түз байланышпаган жањы өнөр жайишканаларын жана башка объекттерди курууга жана иштеп жаткандарын кењейтүүгөтыюу салуу. 5. Объекттерди жана курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарынжайгаштыруу жана жер пайдалануу, куруу, эксплуатациялоо жана күтүү төмөнкүлөрдүэске алуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин: - шаар курулуш, технологиялык, санитардык-гигиеналык жана экологиялыкнормалар менен эрежелерди; - санитардык-экологиялык талаптарга жооп берүүчү инженердик инфраструктураменен камсыз болбогон объекттерди эксплуатациялоонун жол берилгистиги; - рекреациянын колдонуудагы объектисинин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн жеөрткө каршы, санитардык-экологиялык, шаар курулуш же башка милдеттүү нормаларменен эрежелерди бузуу менен жер участогун бөлүүнүн жол берилгистиги. 6. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы: - төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну камсыз кылсын: «Түштүк» жана «Чыгыш» курорттук чакан райондорду аймактык өнүктүрүүдолбоорлорун;Кара-Булуњ, Кажысай, Койсары курорттук комплекстеринин жана Каракол шаарынынбашкы пландарын; «Түндүк» курорттук чакан районун кењири пландаштыруу долбоорлорун; - калктуу конуштардын шаар курулуш документтерине түзөтүү киргизүүнүкамсыздасын; - автомагистралдын жээгинде (Бишкек - Ысыккөлдүн түндүк жана түштүккылаасы) жүргүнчүлөр менен айдоочуларга комплекстүү кызмат көрсөтүү үчүн жолжээгинде эс алуу пункттар тармагын түзсүн; - жалпы пайдалануудагы аймак болуп саналган жана өзгөчө жөнгө салынуугатийиш болгон, көлдүн бардык параметри боюнча жээктеги пляж зоналарын менчикукугуна бекитип берүүгө жана участокторду бөлүүгө тыюу салсын; - түзүлгөн шаар курулуш кырдаалын эске алуу менен пляж зоналарынын аймагынаэлдин эркин келишин камсыз кылсын; - пляж зоналарында санитардык-гигиеналык абалдын нормаларын жана пляжзоналарынын экологиялык тењ салмактуулугун сактоо максатында функционалдыкинженердик-техникалык инфраструктураларды (жарыктандыруу, канализация,дааратканалар, жуунучу жайлар, куткаруучу пункттар ж.б.) жана сервистик тейлөөнүтүзүүнү камсыз кылсын; - шаар курулуш документтеринде каралбаган жана нормативдик талаптарга жоопбербеген жерлерде тамактануу, соода кылуу боюнча башаламан пункттардыжайгаштырууга жана алардын иштешине тыюу салсын; - Ысыккөлдө тиешелүү кароодон өтпөгөн жана пайдаланууга тийиштүү уруксаталбаган дизель отуну менен жүрүүчү кемелерди пайдаланууга тыюу салсын; - бирдиктүү шаар курулуш аймагын түзүүнү көњүлгө алуу, жер, инженердик-техникалык жана уюштуруу маселелерин комплекстүү чечүү максатында Чолпонаташаарынын, Кара-Ой, Бостери жана Хутор айылдарынын базасында жањыадминистрациялык-аймактык бирдик түзүү жөнүндө белгиленген тартипте сунушкиргизсин; - «Түндүк», «Түштүк» жана «Чыгыш» курорттук чакан райондору үчүнташтандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу, ошондой эле Чолпоната шаарынынтазалоочу топтук курулмаларын Бостери, Кара-Ой курортторунун канализацияларынакошуу менен биринчи кезекте реконструкциялоо жана Чолпоната шаарынын тегерегиндеайланып өтмө жолду куруу жөнүндө маселени карасын; - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте: Ысыккөл облусунун аймагында иштеп жаткан жылытуучу от казандарын жанаавтомобилге май куюучу станцияларга техникалык-экономикалык инвентаризацияжүргүзсүн; республиканын ишканаларынын биринде биодааратканаларды чыгарууну уюштуруужана алар менен Ысыккөл облусун биринчи кезекте камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карасын. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнчамамлекеттик агенттик: - калктуу конуштарда жана курорттук-рекреациялык зоналарда шаар курулушмаселелерин ведомстволор аралык мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырсын; - Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте курорттукаймактарды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежесин үч айлык мөөнөттө иштеп чыксынжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте рекреациялыкзонада жайгашкан бардык иштеп жаткан объекттердеги суу менен жабдуу, суу бөлүүжана тазалоо курулмалар системаларына инвентаризациялоо жана паспорттоштуруужүргүзсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкүлөр менен бирдикте: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнчамамлекеттик агенттик менен: экологиялык жактан кооптуу объекттерди модернизациялоо, жоюу, көчүрүү жекайра профилдештирүү үчүн алардын тизмесин түзсүн; «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына курорттук-рекреациялык объекттерде бир эсалуучуга нормаларды белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселеникарасын; - Ысыккөл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү министрликтерди жанаведомстволорду, коомдук жана башка уюмдарды тартуу аркылуу курорттук-рекреациялык зонаны сактоо жана туруктуу өнүктүрүү, Ысыккөл облусунун калктууконуштарын жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоону уюштуруу боюнчакомплекстүү программаны иштеп чыксын. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнөжүктөлсүн. Премьер министр А. Атамбаев