Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-апрели №92 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө «Кыргыз Республикасынын зл аралык келишимдери жөнүндө» жана«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин КыргызРеспубликасындагы иш-аракеттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоотууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдукберилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзамдолбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр А.Атамбаев