Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 4-апрели № 93
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик
менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын
5-июнундагы № 1037-111 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик менчикти
менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун долбооруна макулдук
берилсин.
2. Аталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган токтомдун долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитети Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Дзержинец» балдардын
ден соолугун чыњдоо лагерин менчиктештирүү боюнча иш-чараларын Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши бул маселе боюнча чечим кабыл алганга чейин
токтото турсун.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
«2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик
менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын
5-июнундагы № 1037-III токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-111
токтому менен бекитилген 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик
менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- № 6 тиркеменин 24-пункту алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Төрагасы