Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 4-апрели №96
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу
төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн
кошуп эсептелген каржы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн
бошотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык жана
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн каржы-экономикалык абалын
турукташтыруу жана колдоо, алардын өткөн жылдардагы камсыздандыруу
акылары жана утурумдук төлөмдөрдү өз убагында төлөө боюнча карызын
толук жоюуга кызыгуусуна дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. «Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу
төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп
зсептелген каржы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы
(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев