КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-апрели №97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө «Ош-Фарм-Ка» ачык типтеги акционердик коомунун карыздыккаражаттарын кайтарууну камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик колдоокөрсөтүү жана туруктуу иштешин стимулдоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Ош-Фарм-Ка» ачыктиптеги акционердик коомунун (мындан ары - «Ош-Фарм-Ка» АТАКы) карызынтөмөнкүдөй шарттарда реструктуралаштырсын: - Дүйнөлүк банктын (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) кредитинин 1жана 2-лоттору боюнча 262 747,75 АКШ доллары суммадагы карыздарын биркредитке топтоо жана Дүйнөлүк банктын кредити боюнча «Ош-Фарм-Ка»АТАКы менен карыздык милдеттенмесин кайра тариздөө; - Дүйнөлүк банктын негизги карызын жана жањы кредити боюнчапроцентин жоюунун мөөнөтүн 2017-жылдын 15-июнуна чейин узартуу; - кредит боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн жылына 6 процентөлчөмүндө айып санкция белгилөө; - Дүйнөлүк банктын кредити боюнча калган шарттарды өзгөртүүсүзкалтыруу. 2. «Ош-Фарм-Ка» АТАКка бир айлык мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлиги менен мурда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимгеөзгөртүүлөрдү киргизүү менен жогоруда аталган шарттарда жањы карыздыкмилдеттенме тариздөө сунушталсын. 3. Белгиленген мөөнөттөрдө 2-пункт аткарылбаган учурда «Ош-Фарм-Ка» АТАКы ушул токтомдо каралган мөөнөттү узартуу укугун жоготот. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев