Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-апрели №99
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.А.Марипов
тарабынан демилге кылынган «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
2007-жылдын 6-апрели №17-57/63
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
«Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Б.А.Марипов тарабынан демилге кылынган Мамлекеттик
пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны
кабыл алуу төмөнкүдөй сын- пикирлерди эске алуу менен мүмкүн деп
эсептейт.
Мыйзам долбоору төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1-статья. «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1993-
ж., № 3, 88-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
4-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «л» жана «м»
пунктчалары менен толукталсын:
« л) адамдын жана жарандын ар-намысын, 1 эсептик көрсөткүч
кадыр-баркын жана ишкердик беделин
коргоо жана юридикалык жактын ишкердик
беделин коргоо жөнүндө доо-арыздарынан,
алардын баасы 500 000 чейинки сомду түзөт.
адамдын жана жарандын ар-намысын, доонун наркынын 10
кадыр-баркын жана ишкердик беделин проценти
коргоо жана юридикалык жактын ишкердик
беделин коргоо жөнүндө доо-арыздарынан,
алардын баасы 500 000 чейинки сомду түзөт.
м) адамдын жана жарандын ар-намысын, 10 сом
кадыр-баркын жана ишкердик беделин
коргоо жана юридикалык жактын ишкердик
беделин коргоо жөнүндө баа берилүүгө тийиш
болбогон доо-арыздарынан».
2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.».
Премьер-министр А.Атамбаев