Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-апрели №103
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун
Лейлек айыл кењешиндеги Ак-Терек участогуна айылдын статусун
берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-статьяларына
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун
Лейлек айыл кењешиндеги Ак-Терек участогуна айылдын статусун берүү
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук
берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек
айыл кењешиндеги жогоруда аталган участокко айылдын статусун берүү
боюнча бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен
төлөнсүн.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча мамлекеттик агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган
мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде кароодо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев