Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-апрели № 105
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Коомдук тартипти чыњдоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки күндөрдө республикада болуп жаткан
окуялар Кыргыз Республикасынын жарандарын эле эмес, Кыргыз Республикасында
аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн
жана дүйнөлүк шериктештикти да кооптондуруп жана тынчсыздандырып жатканын
белгилейт.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын
саммитин өткөрүүгө даярданып жаткан шартта республикада тынчтыктын бузулушуна
жол бербјј, Кыргыз Республикасынын саясий беделин сактоо максатында, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 73-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй багыттарда
оперативдүү-алдын алуучу иш-чараларды жүргүзсүн:
- коомдук-саясий абалдын бузулушуна жол бербөө;
- уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерин контролдоо;
- өзгөчө маанилүү обьекттердин жана Кыргыз Республикасында
аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын
корголушун камсыздоо;
- тийиштүү мамлекеттик ведомстволор коомдук тартипти сактоону, жарандардын
ден соолугуна жана жеке мүлкүнө зыян келишин жана мамлекеттик мекемелердин жана
администрациялык ведомстволордун басып алынышын болтурбоону камсыздоо боюнча өз
ара байланышта иштешүүсү боюнча чара көрүү.
2. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош
шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомчулукту
тартуу менен эл арасында мыйзамга каршы аракеттерге жана коомдук тартипти
бузууга жол берилбестиги жөнүндө активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги министрликтер, мамлекеттик
комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар менен бирдикте:
- улут аралык жана диний негиздеги чыр-чатактардын чыгуу белгилерин өз
убагында аныктоо, алардын чыгышына шарт түзүүчү себептерди жана шарттарды жоюу
боюнча комплекстүү чараларды көрсүн;
- диний экстремизмдин көрүнүштөрүн аныктоо жана токтотуу боюнча чараларды
көрсүн;
- митинг өткөрүлүп жаткан учурда ыктыярдуу элдик кошуундардын катышуусу
менен ички иштер органдарынын кызматчылары менен бирдикте гана коомдук тартипти
камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жумуштуулук жана миграция боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
менен бирдикте чет елкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз
Республикасында жүрүшүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгышына контролду
күчөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри коомдук тартипти жана коомдук
коопсуздукту камсыздоого тартылган өздүк курамды митингдерге катышкан жарандарга
карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган активдүү коргонуунун атайын
каражаттарынан тышкары дүрмөттүү табелдик куралды колдонууга жана пайдаланууга
болбостугу жөнүндө катуу эскертсин.
6. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча
мамлекеттик агенттик ректорлор жана профессордук-окутуучу курам менен бирдикте
окуу жайлардын окуучулары менен нааразылык билдирүү, баш ийбөөчүлүк акцияларына
(пикеттер, жолдорду тосуу ж.б.) катышуунун мыйзамга туура келер-келбестигин
түшүндүрүү боюнча жолугушууларды өткөрүшсүн. Кыргыз Республикасынын Билим жана
илим министрлигинин жетекчилигине окуучулардын, студенттердин эле эмес,
окутуучулардын да мыйзамсыз митингдерге жана нааразылык акцияларына же башка
мыйзамсыз аракеттерге катышканы, ошондой эле окуу процессинин үзгүлтүк болгону
үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эркиндигинен ажыратуу
жайларында тополоњдордун чыгуу мүмкүндүгүн болтурбоо максатында мыйзамдуулуктун
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталышын камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына митингдин катышуучулары
тарабынан конституциялык эмес жана мыйзамга каршы аракеттер болгон учурда
митингдин уюштуруучуларына мыйзамды бузууга бобостуту жөнүндө расмий
эскертүүлөрдү жасоо сунушталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын укук
коргоо органдары коомдук тартипти камсыздоо боюнча жүргүзүүчү иш-чарала.рды
каржылоону камсыздасын.
Премьер-министр А. Атмбаев