Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-апрели №106 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы №632 «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР»телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы«Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү -ЭЛТР»телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндикбульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн КыргызРеспубликасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан КыргызРеспубликасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынынбалансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнчажайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен КыргызРеспубликасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынынбалансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынынбалансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин.»; - төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын: «3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдуктелекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүпберүүнү белгиленген тартипте тариздесин». 4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттуктелерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «СулайманТоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасыначейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейинкошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын.»; - 3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 5 жана 6-пункттар депэсептелсин; - 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «6. Бул токтомдун аткарылышын контролдооо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынажүктөлсүн.». Премьер-министр А.Атамбаев