Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 11-апрели № 109 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ «Даннур-Юг» жоопкерчилиги чектелген коомуна чопо-кумдуу топурак казууга карьер үчүн жана кыш заводун курууга жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 32-статьяларына ылайык,курулуш материалдарын өнөр жайлык өндүрүүнү өнүктүрүүгө тике инвестициялардытартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жербөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия мененмакулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районундагы Шаркайылдык кењешинин жер участогун «Даннур-Юг» жоопкерчилиги чектелген коомунаберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын: - аянты 12,0 га, анын ичинен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун9,35 га кайрак айдоосун, 2,65 га айыл жанындагы жайыттарын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнчамамлекеттик агенттик тарабынан иштетүү максаттарында жер казынасын пайдаланууукугуна берилген 2005-жылдын 2-ноябрындагы № ТЕ296 лицензиясына ылайык чопо-кумдуу топурак казууга карьер үчүн 5 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга; - аянты 2,0 га, анын ичинде 1,7 га кайрак айдоосун жана 0,3 га айылжанындагы жайыттарын кыш заводун куруу үчүн 49 жылдык мөөнөт менен убактылуупайдалануута. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Айыл чарба багытындагыжерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башкабагыттагы жерлер» категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - «Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюугабайланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынынубактылуу нормативдерин бекитүү жјнүндј» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айылчарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунуннаркынын суммасын «Даннур-Юг» жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүнкамсыздасын. - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын агрардык өнүктүрүү бјлүмүнө жүктјлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев