Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 11-апрели № 113
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн
товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу бо-
юнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу
боюнча нускамага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- "Джабер" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон, мамле-
кеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде Жүк бажы декларациясы
№ 09883/01/111006/0912 боюнча таризделген 18180 кг өлчөмүндөгү макарон
азыктарын Түштүк региону боюнча бажылык инфраструктураны өнүктүрүү бо-
юнча дирекция аркылуу сатсын,
- мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товардын баалануучу наркын Кыр-
гыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын корутундусунун негизинде
аныктасын,
- мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде билдирил-
ген товарды сатуудан түшкөн каражаттарды, ал товарды сатууга байланыш-
туу чыгымдардын суммасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республика-
лык бюджетине которсун.
Премьер-министр А.Атамбаев