Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-апрели №114 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Талды-Булак сол жээк» алтын кени жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул кезге чейин «Алтынкен» ЖЧК «Солжээк Талды-Булак» алтын кенин иштетүүгө, кен иштетүүчү фабриканын,калдык сактагычтын жана башка инфраструктура оъектилерининдолбоорлорук компетенттүү мамлекеттик органдарга бере электигинбелгилейт. Кыргыз Республлкасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен «Алтыккен» ЖЧКишканасынын ортосунда 2006-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн №1 лицензиялыкмакулдашууга ылайык керектүү экспертизадан өткөн көрсөтүлгөндолбоорлорду мамлекеттик органдарга тапшыруу мөөнөтү 2007-жылдын 30-апрелине чейин белгиленген. Жогоруда айтылгандарды эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик «Алтынкен» ЖЧКишканасы менен бирдикте «Сол жээк Талды-Булак» алтын кенин иштетүүгө,кен иштетүүчү фабриканын, калдык сактагычтын жана башка инфраструктураобъектилеринин долбоорлорун экологиялык жана технологиялыккоопсуздуктар, жер казынасын коргоо жана пайдалануу жагынан эксперттиккорутундулары менен 2007-жылдын 30-апрелине чейин тапшырбаса «Талды-Булак сол жээк» алтын кенин иштетүүгө №471 АЕ лицензияны жоккочыгарсын. 2. Бул токтомдум аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына тапшырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев