Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 11 апрелиндеги №107 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамагенттик)Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоочу жана токой чарбасын башкаруучумамлекеттик орган жана айлана чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо,табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, токой жана ањчылык чарбалардыөнүктүрүү жана мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо тармагындабирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүчү республикалык мамлекеттик орган болот. 2. Мамагенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарыменен буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жанабуйруктарына, башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянат. 3. Мамагенттик өзүнүн ишин башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер,администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар жанабирикмелер менен тыгыз байланышта түздөн-түз өзүнүн структуралык бөлүмдөрү жанааймактык органдары аркылуу жүргүзөт. 4. Мамагенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволукуюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактардын эсебинен,милдетгүү түрдө казыналык системасы аркылуу ишке ашырылат. 5. Мамагенттик юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышымамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот. 6. Мамагенттиктин расмий аталышы: - кыргыз тилинде: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турганчөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик»; - орус тилинде: «Государственное агентство по охране окружающей среды илесному хозяйству при Правительстве Кыргызской Республики». II. Максаттары жана милдеттери 7. Мамагенттиктин негизги максаттары жана милдеттери: айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү, токой экосистемасын сактоо,өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын өнүктүрүү, жаратылыштысарамжалдуу пайдалануу, туруктуу өнүктүрүү жана мамлекеттин экологиялыккоопсуздугун камсыздоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана өнүктүрүүнүннегизги багыттарын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу; - айлана-чөйрөнү коргоо, табигый ресурстарды пайдалануу, биологиялыктүрлөрдүн корголушун камсыздоо, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды сактообоюнча мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүргүзүү; - табигый компоненттердин жана ресурстардын абалын эсепке алууну жанабаалоону уюштуруу; - табигый жана антропогендик терс таасирлерден улам мүмкүн болуучу зыяндыболтурбоо жана азайтуу максатында айлана-чөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн жанатабигый компоненттердин абалы, алардын өзгөрүшүнүн себептери жөнүндөмамлекеттик бийлик органдарына, чарбакер субъекттерге, жамааттарга, коомчулуккажана калкка маалымдалышына колдоо көрсөтүү жана ушулар жөнүндө маалымдап туруу. III. Функциялары 8. Мамагенттик коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функциялардыаткарат: а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө: - айлана-чөйрөнү коргоону, биологиялык түрлөрдү сактоону, жаратылыштысарамжалдуу пайдаланууну, токой жана ањчылык чарбаларды өнүктүрүүнү комплекстүүбашкаруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт; - айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, табигый жаратылыштысарамжалдуу пайдалануу, токой жана ањчылык чарбаларды өнүктүрүү тармагындагынормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет; - айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылыштысарамжалдуу пайдалануу тармагында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты иштепчыгууну жана жүргүзүүнү уюштурат; - айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү, табигый ресурстарды сактоо,радиациялык, химиялык, биологиялык коопсуздук жана өз компетенциясынынчегиндеги башка маселелер боюнча республикалык, тармактык, ведомстволукталаптарды, экологиялык стандарттарды, нормативдерди, эрежелерди, жоболордужана нускамаларды иштеп чыгат жана аныкталган тартипте кабыл алат; - өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде токойду) пайдалануунунэрежелерин, нормативдерин жана нормаларын аныктайт; - антропогендик иш-аракеттин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин талдайт; - тийиштүү мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдиктеэкологиялык коопсуздукту камсыздоонун стратегиясын жана саясатын, айлана-чөйрөнү коргоонун, биологиялык түрлөрдү сактоонун жана табигый ресурстардысарамжалдуу пайдалануунун мамлекеттик программаларын, аймактык комплекстүүсхемаларын, суу, жер, токой, ањчылык жана башка жаратылыштык ресурстардыкомплекстүү пайдалануунун жана коргоонун схемаларын иштеп чыгууну уюштурат; - токой жана ањчылык чарбаларды өнүктүрүүнүн, жаратылыш объекттеринпайдаланууга байланыштуу рекреациялык иш-чараларды жүргүзүүнүн негизгибагыттарын иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин белгиленген тартипте жүргүзөт; - айлана-чөйрөнүн абалын, процесстердин өнүгүү тенденциясын талдайт жана булнегизде айлана-чөйрөнүн булганышынын экстремалдык жогорку дењгээлин болжолдопжана бул тууралуу мамлекеттик органдар менен чарбакер субъекттерге жанажарандарга эскертет; - Глобалдуу экологиялык конвенциялар боюнча БУУ кабыл алган маселелер боюнча(анын ичинде: климаттын өзгөрүшү, Озон катмарын коргоо, туруктуу органикалыкбулгагыч заттар, биологиялык түрлөрдү сактоо жөнүндө) жана токой, ањчылыкчарбаларды өнүктүрүү маселелери боюнча негизги документтерди ишке ашырат; - республиканын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана экологиялык абалынжакшыртуу маселелерин чечүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттардытартат; - мамлекеттик коргоого алынган жаратылыш объекттерин жана жаратылышкомплекстерин, республикалык маанидеги жаратылыш эстеликтерин, ошондой элеөсүмдүктөр менен жаныбарлардын жоголуп бараткан сейрек кездешүүчү түрлөрүнэсепке алат; - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ишин уюштурат, жаратылыштык-коруктук иштерди жүргүзөт, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагынжана жаратылыш объекттерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт жанабелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - чет өлкөлөр менен экологиялык жана жаратылыш проблемаларын чечүү менен байланышкан мамлекеттер аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт; - айлана-чөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, токойлордун жана тоолуу экологиялык системалардын абалына мониторинг жүргүзөт; - донорлордун жана эл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) колдоосу менен ишке ашырылуучу жаратылышты коргоо конвенциялары, долбоорлор, программалар боюнча республиканын милдеттенмелерин аткарууга тиешелүү башка министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте жетекчилик кылат; - мергенчилик кылуунун эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн, жаныбарлардүйнөсүнүн объектерин алууга жалпы лимиттерди жана квоталарды аныктайт,балыктын жана суудагы омурткасыздардын запастарын коргоо жана санын калыбынакелтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт жана жүргүзүлүшүн контролдойт, ошондойэле балыкчылыктын объекттерин кармоонун мөөнөттөрүн жана квоталарын жөнгөсалат; - тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте жаратылыштыпайдалануунун, биологиялык түрлөрдү сактоонун, табигый ресурстарды сарамжалдуупайдалануунун, тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүйнөсүн, анын ичинде токойду коргоонун жана пайдалануунун экономикалыкмеханизмдерин иштеп чыгат; - токой жана ањчылык жайгаштырууну жүргүзөт (токой жайгаштыруу-чарбалыкиштин токойлорду коргоого, корууга, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуупайдаланууга, токой чарбасын жүргүзүү маданиятын жогорулатууга багытталгансистемасын иштеп чыгууну камсыздоочу атайын адистештирилген түрү); - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,чарбакер субъекттер менен бирдикте жаратылыш ресурстарын, булгоочу заттардычыгарууну, төгүүнү жана айлана-чөйрөгө башка зыяндуу таасирлерди жана алардынбулактарын, анын ичинде радиоактивдүүлөрдү мамлекеттик эсепке алат; - токой чарбасын жүргүзүүнү, токой фондун эсепке алууну, токой ресурстарынкоргоону, пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү, токойду өрттөн, илдеттерденжана өз алдынча кыюулардан жана токойго зыян келтирүүчү башка аракеттерденкоргоону жүргүзөт; - ањчылыкка көзөмөл жүргүзөт, ањчылык ресурстардын пайдапанылышын жјнгөсалат, ањчылык фаунаны эсепке алат, биотехникалык иш-чараларды жүргүзөт,жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салат; - ыйгарым укуктуу компетенттүү мамлекеттик орган катары С1ТЕSтин администрациялык органы менен байланышты камсыздайт; б) координация, көзөмөлдөө жана контролдоо жагында: - айлана-чөйрөнү коргоону, биологиялык түрлөрдү жана табигыйресурстарды сактоону жакшыртууга багытталган иштердин аткарылышын контролдоону,радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук тармактарындагы мамилелердикоординациялоону камсыздайт; - айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, табигый ресурстардыпайдалануу жагындагы иш-чараларды, илимий-изилдөө иштерин министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, чарбакер субъекттерменен макулдашат; - айлана-чөйрөнүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, ага антропогендиктаасир тийгизүүчү булактардын абалын жана табигый ресурстардын пайдаланылышынсистемалуу байкоого алууну уюштурат жана жүргүзөт. Мамагенттик айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдалануугамамлекеттик контроль жүргүзөт, анын ичинде: атмосфералык абалын корголушуна, озонду бузуучу заттарды өндүрүүгө жанакеректөөгө, суу ресурстарын, жерди, өсүмдүктөр дүйнөсүн, жаныбарлар дүйнөсүн,балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коргоого, токойлорду коргоогожана сактоого, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын иштерине, өндүрүш жанакеректөө калдыктары менен иштөөгө, калдыктарды, анын ичинде радиоактивдүүкалдыктарды чегара аралык ташууларга; - жаратылыш ресурстарын пайдалангандык жана айлана-чөйрөнү булгагандык үчүнакы алуу тартибинин сакталышына, ошондой эле жаратылышты коргоо максаттарынакаражаттардын чыгымдалышына; министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, юридикалык жактар жана жеке адамдар, анын ичинде алардынведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле четөлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү: - жаратылыш мыйзамдарын, стандарттарын, нормативдерин, эрежелерин,ошондой эле ушул документтерди аткаруу максатында иштелип чыккан жана кабылалынган Мамагенттиктин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн жана жоболорун, белгиленгенэрежелерди жана нормаларды, жаратылышты пайдалануу лимиттерин жана квоталарын,булгоочу заттарды чыгаруунун, төгүүнүн жана калдыктарды жаратылыштык чөйрөгөжайгаштыруунун нормативдерин сакташына; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануубоюнча талаптардын төмөнкідөй учурларда сакталышына: пайдалуу кендерди казыпалууда. жардыруу, чункурларды казуу иштерин жүргүзүүдө, топтогучтарды, калдыксактоочу жайларды, террикондорду, таштандыларды жайгаштырууда жанаэксплуатациялоодо, ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө, малайдоодо жана жаратылыш комплекстерине таасир этүүлөрүнө байланышкан башкаиштерге; өсүмдүктөрдү сактоо каражаттарын, алардын өсүшүн тездетіічүлөрдү,минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды, препараттарды, аныничинде экономиканын айрым тармактарында колдонууга уруксат берилүүчүрадиоактивдүү заттарды ташууда, сактоодо жана колдонууда; жаратылышты коргоокурулуштарын, суу чарба системаларын, суу сактагычтарды жана башкагидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоодо; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастанюридикалык жактар жана жеке адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар: айлана-чөйрөгө ташталчу жана чыгарылчу булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмаларды,жабдууларды жана аппаратураларды эксплуатациялоого киргизүү жана куруу,булгоочу булактарды контролдоо приборлору жана таштандылар менен булгоочузаттарды чыгарууларды жөнгө салуучу приборлор менен жабдуу боюнча чаралардыаткарышына; суунун (суу ташкыны, суу каптоо, жээктерди бузуп кетүү жана башка)зыяндуу таасирлерине каршы күрөшүү боюнча чараларды аткарышына; жердирекультивациялоо жана аларды багыты боюнча пайдалануу үчүн јз учурунда өткөрүпберүү, кыртыштарды эрозиядан жана шор басып кетүүдөн, сазга айлануудан, өндүрүшкалдыктары, уулуу химикаттар жана башка химиялык (анын ичинде радиоактивдүү)заттар менен булгануусунан коргоо, жерди курулуш учурунда, пайдалуу кендердииштетүүдө, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө бузулушунан коргоо боюнча чаралардыаткарышына; жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде КыргызРеспубликасынын Кызыл китебине киргизилген жана жоголуу коркунучунда турганбаалуу объекттерди коргоо, өстүрүү жана калыбына келтирүү боюнча чаралардыаткарышына; - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрларын жүргүзүүгө; бардык чарбакер субъекттерге жаратылыш ресурстарын пайдалануунун,булгоочу заттарды чыгаруунун жана таштоонун, айлана-чөйрөгө өнөр жай,тиричилик жана башка калдыктарды, анын ичинде радиоактивдүү калдыктардычыгаруунун баштапкы эсебин алууга; - токой чарбасын жүргүзүүгө, токой фондун эсепке алууга, жаратылышресурстарын коргоого, пайдаланууга жана калыбына келтирүүтө, токойлорду өрттөнжана илдеттерден коргоо жана токой чарбасына зыян келтирүүчү уруксатсыз кыюужана башка иш-аракеттерден коргоо иштерин жүргүзүүгө; - жаныбарлар дүйнөсүнүн (анын ичинде балык) объекттерин жана алардын жашоочөйрөлөрүн коргоону, аларды өстүрүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга;балыкчылык көлмөлөрдөгү балык чарбасын жүргүзүүгө; жапайы өскөн дары-дармекчөптөрдү эсепке алууга; - төмөнкүлөрдү: суу ресурстарын, анын ичинде жер үстүндөгү суу ресурстарды;өндүрүштүк жана башка муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны; жаратылышобъекттерин өзгөртүп кайра түзүүгө жана ландшафттарды түзүүгө байланыштуучарбалык иштерди жүргүзүүдө жер жана токой ресурстарын сарамжалдуупайдаланууга; - жаратылышты коргоо курулмалары менен түзүлүштөрүнүн иштеринин абалына жананатыйжалуулугуна; - өндүрүш жана керектөө калдыктарын жайгаштырууга. Мамагенттик жањы (реконструкцияланган, кењейтилген, техникалык кайражабдылган, жоюлган) объекттерди пайдаланууга кабыл алуу жана киргизүү,объекттерди жайгаштырууга орун тандоо жана чарбалык ишмердик жүргүзүү үчүн жерберүү боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышат. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улутгук коопсуздугунунмамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жана КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Кыргыз Республикасынынжаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууну болтурбоо жана алдын алуу маселелерибоюнча өз ара байланышта иштейт. Мамагенттик Кыргыз Республикасында аркарлардын популяциясынын абалын эларалык программа боюнча изилдөө иштерин, ошондой зле гранттарды жанаинвестицияларды алуу үчүн илимий-изилдөјчү, долбоорлоочу-конструктордукдолбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштарды координациялайт. в) жөнгө салуу чөйрөсүндө: Мамагенттик төмөнкүлөргө белгиленген тартипте лицензияларды берет жана жоккочыгарат: - уулуу, анын ичинде радиоактивдүү калдыктарды жана материалдардыутилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө; - өндүрүш калдыктарын жана уулуу заттарды (анын ичинде трансчегаралык)ташууга; - Кыргыз Республикасынын Јкмөтү аныктоочу тизме боюнча ањчылык кылууга жанаканаттууларды кармоого. Мамагенттик төмөнкүлөргө белгиленген тартипте атайын уруксаттарды берет жанажокко чыгарат: - айлана-чөйрјгө булгоочу заттарды чыгарууга; - айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды таштоого; - калдыктарды айлана-чөйрјгө жайгаштырууга; - мурда пайдаланылган автошиналардын дөњгөлөктөрүн калдык катары алыпкирүүгө; - карагай кыюуга белетти; - токой белетин; - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, анын .ичиндебалыктарды пайдаланууга (кармоо, топтоо ж.б.); - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде балыктардыилимий максаттарда пайдаланууга; - өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичнде балыктарды алып кирүүгө, Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка, алып чыгууга; - балыктардын айрым түрлөрүн жана башка суу организмдерин Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнө климатташтырууга, төлдөтүүгө жана жайгаштырууга, - Мамагенттик татаал экологиялык кырдаалдарды, экологиялык коркунучтунбулактарын оперативдүү аныктайт; табигый комплекстердин, флораларын жанафаунанын абалына байкоо жүргүзөт. - Мамагентгик ањчылык чарбалар арасында жапайы жаныбарларды квоталардыаныкталган тартипте бөлүштүрөт; г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:Мамагенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик экологиялыкэкспертиза жүргүзөт. (Экологиялык экспертиза –бул экологиялык коркунучтун жанаишке ашырылышы айлана-чөйрөнүн жана табигый ресурстардын абалына түз же кыйыртаасир этиши мүмкүн болглн белгиленип жаткан чечимдердин опурталдуулукдењгээлдерин аныктоо) Мамагенттик акы алып төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтөт: - улутгук музейлерде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында болондугуүчүн жана туристтерди, альпинисттерди, спортсмендерди акысына тейлјј; - мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү; - айлана чөйрөнүн объекттеринин абалына жана булгануунун булактарына арыздарбоюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү; - келишимдик негизде экология боюнча илимий-изилдөө иштерин иштерин аткаруу. д) иш-аракетти колдоо чөйрөсүндө: Мамагенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республиканын туруктууөнүгүүсүн, курчап турган жаратылыштык чөйрөгө таасирдин минимум болушун,жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоочуинвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет. Мамагенттик республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялыкмаалымат системаларынын алкагында экологиялык маалыматтарды топтойт жанаалмашат; чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен айлана-чөйрөнү коргоо,биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөкызматташат жана бул тармактагы макулдашуулардын, келишимдердин,конвенциялардын милдеттенмелери аткарылышын камсыздайт. Мамагенттик экологиялык мониторинг жагынан айлана-чөйрөнүн абалы,биологиялык түрлөр, жаратылыш, токой жана ањчылык ресурстары жөнүндөмаалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзүүнү, бул маалыматтарды талдоону,маалымдама китепчелерин даярдоону ишке ашырат. Мамагенттик жаратылыш жөнүндө билимдерди пропогандалоону жана жайылтуунууюштурат, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, республиканы туруктууөнүктүрүү проблемалары боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды,семинарларды, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында башка иш чараларды өткөрөт; Эларалык күндөргө (айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү, токойду,бактарды, жана башкаларды сактоого) арналган иш чараларды уюштурат. IV. Мамагенттиктин укуктары 9. Мамагенттик өзүнө жүктөлгөн иш милдеттерине ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу: - айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо жана жаратылыштык,токой жана ањчылык ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторун КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн жыйынында угуу жөнүндө; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын Кыргыз Республикасынынжаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жана нормативдикукуктук актыларын жоюу жөнүндө; - жапайы жаныбарларга жана балык запастарына, жапайы өсүүчү өсүмдүктөргө,анын ичинде токойго, техникалык сырьего жана башка табигый пайда болгондорго(мумиени кошкондо) мыйзамсыз алуу же жок кылуу менен келтирилген зыянга каратажазалардын өлчөмдөрүн эсептөө үчүн белгиленген тартипте нормативдерди жанатаксаларды бекитүү жөнүндө; - жаратылыш компоненттерине, анын ичинде токой чарбасына келтирилген зыянүчүн жазалардын өлчөмдөрүн эсептөө үчүн нормативдерди жана таксалардыбелгиленген тартипте бекитүү жөнүндө. 10. Мамагенттикке жана анын жер-жерлердеги органдарына төмөнкүдөй укуктарберилет: - ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тартиптережимдик, коргоочу), корголуучу аймактарга, ведомстволук тиешелүүлүгінө жанаменчигинин түрүнө карабастан башка объекттерге айлана-чөйрөнү коргоо,биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагындагы КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын талаптары сакталганын текшерүү үчүн тоскоолдуксузкируүгө, текшерүүгө жана аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча актыларды жанапротоколдорду түзүүгј, кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгонкөрсјтмөлөрдү берүүгө. Текшерилчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар алардынведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан Мамагенттиксистемасынын кызмат адамдарын алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарганучурда жай, телефон байланышы, транспорт жана зарыл учурда объектти текшерүү(инспекциялоо) мезгилинде атайын кийим менен камсыз кылууга, ошондой эле зарылжардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү; - айлана-чөйрөнү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана жаратылышресурстарын пайдалануу жаатында администрациялык тартип бузуулар жөнүндөматериалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекароого, күнөөлүү адамдарга айыптарды жана башка администрациялык жазалардысалууга, зарыл учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоооргандарынын кароосуна ишти өткөрүп берүүгө, өндүрүлгөн сумманы тиешелүүбюджеттердин эсебине которууга; - айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн жанажаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды, КыргызРеспубликасынын Токой кодексин бузуу менен келтирилген зыянды өндүрүү үчүнюридикалык жана жеке жактарга доо коюуга жана өндүрүлгөн сумманы КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаратылышты коргоо жанатокой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү фонддорунун атайын эсептеринекоторууга; - жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө жаратылышмыйзамдарын, стандарттарды, нормаларды жана эрежелерди бузуу менен ишкеашырылып жаткан объекттерди курууга, реконструкциялоого, кењейтүүгө жетехникалык кайра жабдууга жана башка иштерге тыюу салууга; - ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардынже башка объекттердин ишмердигин, эгер аларды пайдалануу жаратылышты коргоомыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга лицензиялардын жана уруксаттардынталаптарын бузуу, булгоочу заттар лимиттен ашуу менен чыгарылса жана ташталсааларга тыюу салууга, токтотууга, ошондой эле мындай иштерди каржылоону токтотуужөнүндө тиешелүү органдарга сунуш даярдоого; чыгарган саркындылары белгиленген нормативден ашкан транспорт каражаттарынжана башка кыймылдуу орнотмолорду эксплуатацкялоону жана объекттерди линиягачыгарууну токтото турууга же пайдаланууга тыюу салууга; - «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын экологиялык постторунун иштеринжетектјөгө; - экологиялык коркунучтуу жүктјрдү (буюмдарды), экологиялык нормаларды жанаэрежелерди бузуу менен ишке ашырылуучу сырьелук ресурстарды алып келүүгө,ошондой эле транзиттөөгө (андан ары ташууга), колдонуу жаратылыш чөйрөсүнүнбулганышына же жакырланышына алып келүүчү, адамдардын ден соолугуна зыянкелтирүүчү продукцияларды, заттарды жана материалдарды чыгарууга жанапайдаланууга тыюу салууга; - республиканын аймагында байырлаган (өскөн) жаныбарлар жана өсүмдүктөрчөйрөсүнүн объекттерине зыян келтириши же адамдардын ден соолугуна залалкелтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташып келүүгө, ташыпчыгууга, чыгарууга, жайгаштырууга жана климатташтырууга илимий уюмдар мененмакулдашуу боюнча тыюу салууга; - жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга пайдаланылган келүүчүдокументтерди, куралдарды (предметтерди), транспорт каражаттарын, жаратылыштын,анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз алынган объекттеринмыйзамда белгиленген тартипте текшерүүгө, кароого, кармоого жана алып коюуга; - Кыргыз Республикасынын Прокуратура органдарынан, Кыргыз РеспубликасынынУлуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинен, Кыргыз Респубшкасынын мамлекеттик бажы комитетинен жанабашка мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой элежеке адамдардан кармалган же мыйзамсыз алынган жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүнпродукцияларын (анын ичинде токойлук, ањчылык ж.б.), ошондой эле аларданжасалып, тартып алынган же конфискацияланган буюмдарды белгиленген тартиптесактоо, кайра иштетүү же сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте кабыл алууга; - айлана-чөйрөнү коргоочу министрликтерден, мамлекетгик комитеттерден,администрациялык ведомстволордон, юридикалык жактардан жана жеке адамдарданайлана-чөйрөнүн абалы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышыжөнүндө зарыл маалыматтарды (анын ичинде статистикалык отчет) алууга, ошондойэле чарбакер жана башка субъекттерден зыяндуу заттардын жапырт чыгарылганы жанаташталганы, авариялык жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө шашылыш маалыматтардыалууга; - жаратылышты коргоонун татаал маселелерин чечүү жана жаратылыш ресурстарынкоргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу, кыйла татаалобъекттерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү, мамлекеттик экологиялыкэкспертизанын жыйынтыгы боюнча талаш-тартыштарды кароо үчүн илимий-техникалык,эксперттик жана башка кењештерди, топторду жана комиссияларды уюштурууга; - тейлеген тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КыргызРеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын,ведомстволук институггарды жана башка жогорку окуу жайларды тартууга; - чоњ проблемаларды ар тараптуу, терењ талкуулоону, аларды чечүү боюнчасунуштарды иштеп чыгууну камсыздоо үчүн окумуштуулардан, коомдук ишмерлерден,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, окуу жайлардын,басма сөздүн өкүлдөрүнөн жана жарандардан жаратылышты коргоо богонча коомдуккењештерди түзүүгө; министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, чарбакер субъекттердин жетекчилерине өздөрүнүн ведомстволукобъекттеринде айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгарууну (төгүүнү) контролдоопункттарын (постторун) уюштуруу жөнүндө көрсөтмө берүүгө; - жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жанажергиликтүү фондуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө; - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн табигый ресурстарын пайдалангандык,чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарлардын трофейлери үчүн, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгаргандык, төккөндүк жана калдыктардыжайгаштыргандык үчүн акы алууга; - жаратылышты коргоо боюнча коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлор тармагынтүзүүгө; 11. Мамагенттик системасы органдарынын кызмат адамдары айырмалоо белгилерибар бекитилген үлгүдөгү форма кийим кийүүгө укуктуу, аларга табелдик курал жанаатайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) белгиленген тартиптесактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга уруксат берилет. V. Мамагенттиктин ишин уюштуруу 12. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана бошотуучу директорбашкарат. 13. Директор бир эле учурда: Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкыинспектору; Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын јнүктүрүүнүнреспубликалык фондунун башкармасынын торагасы болуп саналат. 14. Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жанаМамагенттиктин директорунун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Директордун орун басарлары Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жанабошотулушат. 15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамагенттиктин директору: - Мамагенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүнжеке жоопкерчилик тартат; - статс-катчынын жана директордун орун басарларынын, ошондой элеМамагенттиктин структуралык подразделениелеринин жетекчилеринин ортосундамилдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилик даражаларын аныктайт; ведомстволук ишканаларды, мекемелерди жана башка структуралыкподразделениелерди белгиленген тартипте өзгөртүп түзөт жана жоет, эмгек акынынбелгиленген фондунун чегинде алардын структурасын жана штаттык расписаниесинбекитет; - Мамагенттиктин башкармалыктары, бөлүмдөрү жана секторлору жөнүндјжоболорду аныкталган тартипте бекитет; ведомствого таандык структуралык жана аймактык подразделениелердин,мекемелердин жана уюмдардын жоболорун, стуктурасын жана штаттык расписаниелеринаныкталган тартипте бекитет; - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Мамагенттиктин директорунун буйругу мененбекитилүүчү кызматтардын номенклатурасына ылайык Мамагенттиктинбашкармалыктарынын, бөлүмдјрүнүн, секторлорунун жетекчилерин жана адистерин,аймактык органдарынын, ведомствого караштуу ишканалардын, мекемелердин жанауюмдардын жетектөөчү кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот; - Мамагенттиктин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жанаадистерине, аймактык органдардын жетекчилерине, ведомствого караштууишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетектјөчү кызматкерлерине тартипжазаларын колдонот; - Мамагенттиктин коллегиясынын жыйындарын уюштурат; - Мамагенттик системасынын кызматкерлерин аттестациялайт; - Мамагенттик системасынын кызматкерлерин "Айлана-чөйрөнү коргоо отличниги",«Мамлекеттик токой коргоо кызматында X жыл», «Мамлекеттик токой коргоокызматында XX жыл», «Мамлекеттик токой коргоо кызматында XXX жыл», «Мамлекеттиктокой коргоо кызматында ХХХХ жыл" төш белгилери, Мамагенттиктин ардакграмоталары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлайт; - Мамагенттик системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин КыргызРеспубликасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого аныкталган тартиптекөрсөтөт; Мамагенттик системасынын бардык структуралык подразделенилери жанакызматкерлери аткарууга милдеттүү буйруктарды жана башка актыларды чыгарат; - жаратылышты коргоо боюнча коомдук кењештердин курамын жана жоболорунбекитет; - ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка ыйгарым укуктардыишке ашырат. 16. Статс-катчы жана директордун орун басарлары ага ишенип берилген ишучасткасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, директордун буйруктарынын жана башкаактыларынын аткарылышын уюштурат жана текшерет. 17. Директор жок болуп калган учурда директордун милдетин анын тапшыруусубоюнча статс-катчы же директордун орун басары аткарат. 18. Мамагенттикте анын ишинин негизги багыттарьнын маселелерин кароо үчүн 7кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына директор (коллегиянын төрагасы),статскатчы, директордун орун басарлары, Мамагенттиктин жетектөөчүкызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптукызматкери кирет. Коллегиянын курамын, ага кызматы боюнча кирген адамдардан башкаларды, КыргызРеспубликасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын чечими коллегия мүчүлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынатжана директордун токтомдору жана буйруктары менен ишке ашырылат. 19. Мамагенттиктин борбордук аппаратынын структурасын жана штаттыкрасписаниесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. 20. Мамагенттикти өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.