Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн          2007-жылдын 10-августундагы № 322 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-апрели № 119                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        "Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз       Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын                     Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө      "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынынконституциялык  Мыйзамынын 12-статьясынын 7-пунктуна ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Тиркелген  корутундунун негизинде "Банктык салымдарды (депозит-терди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна  макул-дук берилсин.     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин  Администрация-сына  жиберилсин.     Премьер-министр                                      А.Атамбаев                                            Кыргыз Республикасынын                                          Президентинин Администрациясы           "Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"               Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна                   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                              КОРУТУНДУСУ      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  "Банктык салымдарды (депозиттерди)коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам  долбоорун  карап  чыгып,төмөндөгүдөй  сын-пикирлерди  жана сунуштарды эске алуу менен аны кабылалууга макулдук берет.     "Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык Кыргызстан банкы Кыргызстан банкы тарабынан  ли-цензиялануучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишинбанктык көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу орган болуп  саналып,  туруктууфинансы тутумунун сактоо,  аманатчылардын жана башка кредиторлордун кы-зыкчылыктарын колдоо жана  коргоо  максатында  алардын  ишине  туруктуукөзөмөлдү жүзөгө ашырат.     Ушуга байланыштуу депозиттерди коргоо фондун түзүүдө  Кыргыз  Рес-публикасынын  Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир-гелешип (паритеттик) катышуусун  Мыйзам  долбоорунда  аныктоо  максаткаылайык деп эсептейбиз.     Мамлекеттик карызды тейлөөдөгү оор кырдаалды жана бюджеттик  кара-жаттардын  чектелгендигин  эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 30-стать-ясынын 1-пунктунун 3) жана 5) пунктчаларын жана 32-статьясынын  1-пунк-тунун з) пунктчасын алып салууну сунуштайбыз.     Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-статьясына ылайык  Салыккодекси бажы мыйзамдары тарабынан жөнгө салуунучу бажылык пошлиналарды,жыйымдарды жана төлөмдөрдү кошпогондо,  Кыргыз Республикасынын аймагын-дагы  бардык  салыктар,  аларды башкаруу,  салык төлөөчүлөрдүн салыктыкишаракеттери боюнча мыйзам жоболорунун жыйындысы болуп эсептелет.     Кыргыз Республикасынын  Салык  кодексинин 5-статьясынын 2-пунктунаылайык Салык  кодексинин  1-статьясынын  2-бөлүгүндө  каралгандан башкаучурларда салыктар маселесин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.     Ушуга байланыштуу  Мыйзам  долбоорунун  31-статьясынын  1-пунктун,35-статьяны жана 44-статьянын 1,2-пункттарын алып салууну сунуштайбыз.     Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 13-статьясынын 1-пунктунун 1) пунк-тчасын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:     "1) Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн үч өкүлү, анын ичинде КыргызРеспубликасынын премьер-министри  тарабынан дайындалуучу Кыргыз Респуб-ликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинен бир өкүл жа-на Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен эки өкүл (коллегия мү-чөлөрүнүн дењгээлинен төмөн болбогон)".     Премьер-министри                                       А.Атамбаев