Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 13-апрели, № 124 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ «Түштүк курулуш материалдары комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомуна цемент заводун куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 20 жана 32-статьяларынаылайык курулуш материалдарын өнөр жайлык өндүрүунү өнүктүрүүгө тикеинвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик адмиыистрациясынынЖер бөлуп беруү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссияменен макулдашылган. цемент заводун куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ошоблусунун Араван районунун Алля Анаров айылдык кењешинин жалпы аянты 8,29га жерин, анын ичинен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 2,8 ганасостук станциялар менен сугарылуучу айдоосун, 5,49 га айыл жанындагыжайыттарын 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга «Түштүк курулушматериалдары комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү жөнүндөсунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Айыл чарбабагытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы: - «Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюугабайланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтүруунуннаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленгеннормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбайкалган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын «Түштүк курулушматериалдары комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүнкамсыздасын. - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев