Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-апрели № 128 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2000-жылдын 30-ноябрында КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин чечими менен бекитилген Товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык, "2000-жылдын 30-ноябрында КМШнын Өк-мөт башчыларынын кењешинин чечими менен бекитилген Товарлардын чыгарыл-ган өлкөсүн аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин 2006-жылдын 24-ноябрындаМинск шаарында кол коюлган чечиминин 2-пунктуна ылайык мамлекет ичинде-ги жолжоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "2000-жылдын 30-ноябрында КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешининчечими менен бекитилген Товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоонун эре-жесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КМШнын Эконо-микалык кењешинин 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлганчечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Соода соода-өнөр жай палатасына товар-лардын Кыргыз Республикасында чыгарылгандыгын тастыктаган сертификат-тарды берүүдө аталган Чечимди жетекчиликке алуу сунушталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы булЧечимдин күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл жол-жоболорду ат-карганы жөнүндө билдирсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министри А.Атамбаев