Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 20-апрели № 135 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ Бишкек шаарында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатына даярдануу жана өткөрүү жөнүндө Эл аралык спорттук күрөш федерациясынын (мындан ары - ФИЛА) эркин, грек-римжана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатын Кыргыз Республикасында өткөрүүгө укукбергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Бишкекшаарында 2007-жылдын 8-13-майында эркин, грек-рим жана аялдар арасында күрөшбоюнча Азия чемпионатын (мындан ары - Чемпионат) өткөрсүн. 2. Чемпионатка даярдануу жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүнжана анын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргообоюнча мамлекеттик агенттиктин 2007-жылга бюджетинин чегинде Чемпионаттыөткөрүүгө финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүп берүүнү карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чемпионаттынкатышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын. 5. Бишкек шаарынын мээриясына Чемпионатты өткөрүүнүн алдында шаардынкөчөлөрүн жарнамалык щиттер жана Чемпионаттын символикасы менен тиешелүү түрдөжасалгалоо (Чүй жана Манас проспектилери) сунуш кылынсын. 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик улуттук коопсуздук комитети төмөнкүлөрдү камсыз кылуу боюнча зарылчараларды көрүшсүн: Чемпионат өткөрүлгөн жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдуктартипти сактоону; Чемпионаттын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана сыйлуу меймандардынкоопсуздугун. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2 комплекткүрөш килемин, 4 электрондук табло сатып алсын, Чемпионат өткөрүү укугуна 40 000швейцария франкы өлчөмүндө мүчөлүк акы төлөсүн жана «Каба уулу Кожомкул атындагыспорттук-маданий борбор» мамлекеттик ишканасынын имаратына капиталдык ремонтжүргүзсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетине, Кыргыз Республикасынынэркин, грек-рим жана аялдар күрөшү федерацияларына ФИЛАнын өкүлдөрүнүнжайгашуусу жана тамактануусу үчүн чыгымдарды кароо сунушталсын. 9. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына Азия континентинеЧемпионатка даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кењиричагылдырууну жана түз алып көрсөтүүнү камсыздоо сунушталсын (ФИЛАнын талаптарынаылайык). 10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чемпионатка келүүчүрасмий адамдарга, курама командалардын мүчөлөрүнө жана коштоочу адамдаргавизалык жактан колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын. 11. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Чемпионаттыачуу салтанатына карата концерттик программа даярдасын. 12. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Чемпионаткакатышуучу спорттук делегацияларды К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардыкуниверситетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин,Борбордук Азиядагы Америка университетинин кызматкерлеринин жана студенттерининичинен волонтерлор жана котормочулар менен камсыз кылсын. 13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жанабалдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке тосуп алуу, мелдештердин учурундатейлөө жана расмий адамдарды, курама командалардын мүчөлөрү менен коштоочуадамдарды алып жүрүү үчүн керектүү сандагы транспорт менен камсыз кылууга көмөккөрсөтсүн. 14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жіктјлсін. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 135 токтомуна тиркеме Бишкек шаарында 2007-жылдын 8-13-майында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатына даярдануу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Нур улуу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри,уюштуруу комитетинин төрагасы, Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Ногоев А.И. - Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Саралинов М.Н. - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетинин президенти, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Жапаров А.ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Ногойбаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Кыдыров Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча), Касенов А.А. - Кыргыз Республикасынын Јкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Тургунбаев М.Т. - Кыргыз Республикасынын Эркин күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча), Абилдаев Б.Е. - Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча), Сулайманов Б.А. - «Каба уулу Кожомкул атындагы спорттук- маданий Борбор» мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). Јкмјттін Аппарат жетекчиси-министр К. Базарбаев