Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-апрели № 143
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы
№ 28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа
жумуштарын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз
убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2007-жылы жазгы талаа
жумуштарын жүргүзүү үчүн дизелдик отун жана аштык буудай менен ыкчам
камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-февралындагы №
28 "Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жана айыл
чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү
боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизилсин:
- 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги N
157-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 5,0 мињ куб метр дизелдик
отундун калдыгы айылдык товар өндүрүүчүлөргө № 5 тиркемеге ылайык са-
тылсын. Дизелдик отунду сатуудан алынган акча каражат күйүүчү-майлоочу
материалдардын номенклатуралык запасын толуктоого жумшалсын;";
- 7-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- дизелдик отундун жетишпеген көлөмүн брондон чыгарылган автомо-
билдик бензиндин бир бөлүгүнө алмашуунун эсебинен сатып алуу
мүмкүндүгүн караштырсын.";
- 8-пункттун экинчи абзацындагы "жана күйүүчү-майлоочу материал-
дарды" деген сөздөр алып салынсын, "бөлүнүүчү" деген сөз "берилчү" де-
ген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемеси ушул токтомдун тиркеме-
сине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 12-пунктундагы "Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги" деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 5 тиркемесинин аталышындагы "товар-
дык кредит түрүндө берүү" деген сөздөр "сатуу" деген сөзгө алмаштырыл-
сын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-апрелиндеги
№ 143 токтомуна
тиркеме
2007-жылы жазгы себүүнү жүргүзүү программасын
аткаруу үчүн кийин үрөндөргө, күйүүчү-майлоочу
материалдарга, минералдык жер семирткичтерге жана
запас тетиктерге алмашуу үчүн мамлекеттик
материалдык резервден бөлүнгөн аштык буудайдын
БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын | Берилчү аштык | Алуучу-жер |
| аталышы | буудайдын | | "
| | көлөмү, тонна | | |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Баткен | 800 |"Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна |
| | |"Буудай-Кара-Балта" АК - 400 тонна|
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Жалал-Абад | 1000 |"Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна, |
| | |Жалал-Абад облусунун жергиликтүү |
| | | жооптуу сактоочулары - 200 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Ысык-Көл | 2300 |"Буудай-Каракол" АК - 2300 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Нарын | 1700 |Нарын облусунун жергиликтүү |
| | |жооптуу сактоочулары - 1700 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Ош | 1000 |"Талас-Дан-Азык" АК - 400 тонна, |
| | | "Буудай-Каракол" АК - 600 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Талас | 800 |"Талас-Дан-Азык" АК - 800 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Чүй | 10000 |Чүй облусундагы "Сулиев" ЖЧ - |
| | |2000 тонна "Алтын-Дан" АК, |
| | |Балыкчы ш. - 400 тонна |
|-----------------|----------------|----------------------------------|
|Республика боюнча| 10000 | |
-----------------------------------------------------------------------