Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 4-майы № 149 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-майындагы Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринесоциалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Президентинин 2007-жылдын 2-майындагы № 212 Жарлыгынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул берилсин: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына - 2000сом өлчөмдө; - 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоогоалуу мезгилинде Денинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жанауюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы мененсыйланган адамдарга, жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгисименен сыйланган адамдарга - 2000 сом өлчөмдө; - зкинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардынсоюздаштары түзгөн концлагерлеринин, геттолорунун жана башка мажбурлапкармалган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына -2000 сомөлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө - 500 сом өлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгегижана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жанамедалдары менен сыйлангандарга —500 сом өлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга(эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушарболгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом өлчөмдө. 2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринекошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартибибекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007-жылдын 25-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкөнүктүрүү министрлигине 2007-жылга каралган каражаттардын эсебинен22,0 млн. сом өлчөмүндө согуштун ардагерлерине кошумча бир жолкуакчалай жөлөкпул төлөөгө чыгымдарды каржылоону камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүүминистрлиги: - кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү пенсия берүүчүведомствого карабастан ушул токтомдун 1-пунктунда аталган адамдардынкатегорияларына жашаган жери боюнча райондук социалдык жактан коргоооргандары аркылуу жүргүзсүн; - 2007-жылдын 1-августуна карата Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине облустардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын дењгээлиндекошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө отчет берсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4 -майындагы № 149 токтому менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартиби 1. «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринесоциалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Президентинин 2007-жылдын 2-майындагы № 212 Жарлыгынаылайык 2007-жылы 1941-1945-жылдардагы согуштун ардагерлеринереспубликалык бюджеттин каражаттарынан кошумча бир жолку акчалайжөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт: - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына -2000 сом өлчөмдө; - 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоогоалуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жанауюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы мененсыйланган адамдарга, жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгисименен сыйланган адамдарга- 2000 сом өлчөмдө; - фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлеринин,геттолорунун жана башка мажбурлап кармалган жерлердин мурдагы жашыжегелек туткундарына - 2000 сом өлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө - 500 сом өлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман эмгегижана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жанамедалдары менен сыйлангандарга- 500 сом өлчөмдө; - Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга(эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушарболгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом өлчөмдө. 2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринекошумча бир жолку акчалай жөлөкпул ар жылкы төлөмдөр сыяктуу, пенсияберүүчү ведомствого карабастан райондук социалдык жактан коргоокызматтарынын тизмелери боюнча аймактык байланыш бөлүмдөрү аркылуу 9-майга карата төлөнөт. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары -Финмин)Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине(мындан ары - Эмгексоцмин) ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык байланышкызматтарын эске алуу менен облустар боюнча берилген эсептерге ылайыкбир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө кредит ачат. 4. Эмгексоцмин аталган жөлөкпулдарды төлөө үчүн КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин«Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын шаардык жана райондук байланышбөлүмдөрүнө (мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) финансылык каражаттардыкоторот. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикулуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Финансы полициясы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду(макулдашуу боюнча) 2007-жылдын 5-майына чейин Эмгексоцмингерайондорго карата облустар боюнча бир жолку акчалай жөлөкпул алуугаукугу бар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин тизмелерин берет. 6. Эмгексоцмин күч структураларынын Улуу Ата Мекендик согуштунардагерлеринин берилген тизмелерин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөүчүн райондук социалдык коргоо кызматтарына өткөрүп берүүгө облустуксоциалдык жактан коргоо башкармалыктарына жана Бишкек менен Ошшаарларынын социалдык жактан коргоо башкармалыктарына жиберет. 7. Региондук (аймактык) социалдык коргоо бөлүмдөрү байланышбөлүмдөрү боюнча бир жолку акчалай жөлөкпул алуучуларга ведомостьтүзүшөт. 8. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү социалдык жактанкоргоо башкармалыктарына отчет беришет; социалдык жактан коргообашкармалыктары - баш ийүүсүнө карата - облустук социалдык жактанкоргоо башкармалыктарына жана Бишкек менен Ош шаарларынын социалдыкжактан коргоо башкармалыктарына, алар өз учурунда социалдык төлөөлөрбоюнча региондук жана төлөө борборлору тарабынан текшерилген байланышбөлүмдөрү менен салыштыруу актысын тиркөө менен Эмгексоцмингебюджеттик каражаттар боюнча отчет беришет. 9. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү «Кыргызпочтасы»мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчетберишет жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына жалпыланганмаалымат беришет, ал өз учурунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигине отчет берет. 10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги 2007-жылдын 20-июлуна чейин жума сайын жүргүзүлгөнтөлөмдөр жөнүндө Эмгексоцминге маалымат берип турат. 11. Эмгексоцмин 2007-жылдын 1-августуна карата Финминге облустаржана Бишкек менен Ош шаарлары боюнча кошумча бир жолку акчалайжөлөкпул төлөө жөнүндө отчет берет. 12. Кошумча бир жолку акчапай жөлөкпул алуучу адам 2007-жылдын 2-31-майы мезгилинде каза болгон учурда жөлөкпул анын каза болгонкүнүндө чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын социалдык коргоооргандарына каза болгон күнүнөн тартып 6 айдын ичинде кайрылган учурдатөлөнөт. Бул учурда жесирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүрайондук социалдык жактан коргоо башкармалыктарына жөлөкпулду өзүнүнатына кайра тариздөө үчүн каза болгондугу тууралуу күбөлүктүнкөчүрмөсүн тиркөө менен жеке арыз бериши керек. 13. Дайындалган, бирок олуттуу себептер боюнча аягына чейиналынбай калган кошумча бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөп берүүЭмгексоцминдин уруксаты боюнча кошумча тизмелердин негизинде 2007-жылдын 31 декабрына чейин жүргүзүлөт. 14. Бул тартип календарлык 2007-жылдын акырына чейин колдонулат.