Редакцияот 04.05.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-майы № 151                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы          Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын                    кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө                                        Кыргыз  Республикасынын Баткен облусундагы  Кадамжай  районунун калкы  160,0  мињ  адамдан  ашуунду түзөт.  2006-жылдын  1-январына карата  төрт  айыл  өкмөтүндө турак жай шарттарын  жакшыртууга  өтө муктаж 1500дөн ашуун үй-бүлө жер участкаларын алууга катталган.     Баткен  облусунун  Кадамжай районунун  тургундарынын  социалдык маселелерин   чечүү   максатында,   Кыргыз   Республикасынын    Жер кодексинин  4  жана  20-статьяларына ылайык Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1.   Кыргыз   Республикасынын  Баткен   облусунун   мамлекеттик администрациясынын  Жер  бөлүп берүү  менен  байланышкан  маселелер боюнча   республикалык   комиссия  менен   макулдашылган   Кадамжай районунун  калктуу конуштардын аймактарын кењейтүу үчүн Айыл  чарба жерлерин  кайра  бөлүштүрүү фондунун 194,81 га жерин,  анын  ичинен 193,81  га  - сугат айдоосун, 1,0 га көп жылдык өсүмдүктөр  ээлеген жерин  жана  35,6  га  түп  тамырынан  жакшыртуу  жайыттарын  берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2.  Төмөнкүлөр  «Айыл чарба багытындагы жерлер»  категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун:     -  Кыргыз  Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай  районунун Актурпак айылдык кењешинин 130,51 га сугат айдоосу;     -   Кыргызкыштак  айылдык  кењешинин  32,0  га  түп   тамырынан жакшыртуу жайыттары;     -  Халмион  айылдык кењешинин 32,3 сугат айдоосу,  1,0  га  көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жери, 3,6 га жайыттары;     - Орозбеков айылдык кењешинин 31,0 га сугат айдоосу.     3.   Кыргыз   Республикасынын  Баткен   облусунун   мамлекеттик администрациясы:     -  жерди  эсепке  алуу  документтерине  тиешелүү  өзгөртүүлөрдү киргизсин;     -  бул  токтомдун  1-пунктунда аталган жер участкаларына  жалпы пайдалануудагы   автожолдорду  бөлүү  тилкесинин  чегинен   сыртта, социалдык-маданий    багыттагы   объектилерди    жана    инженердик коммуникацияларды  жайгаштырууну эске алуу  менен  курулуш  курууга шаар куруу документтерин иштеп чыксын.     4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүу бөлүмүнө жүктөлсун.               Премьер-министр                                    А.Атамбаев