Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 4-майы № 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата
иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин
жана Кыргыз Республикасында 2006-2007-жылдарда
кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик
программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
28-февралындагы N 132 токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн маселелерин нормативдик жөнгө салууну
өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз Респуб-
ликасында 2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамле-
кеттик программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-февралындагы N 132 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-
зилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга
каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракет-
тердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар
комплексинде:
- "Мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын түзүү" деген 1-бөлүмдүн
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
-----------------------------------------------------------------------
|1|"Коррупцияга каршы күрөшүү |2007-жыл|Кыргыз Республикасынын |
| |жөнүндө" Кыргыз Республикасынын| |Коррупциянын алдын алуу |
| |Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | |боюнча улуттук агенттиги |
| |жана Кыргыз Республикасынын | |(макулдашуу боюнча). |
| |Өкмөтүнө киргизүү | | |
-----------------------------------------------------------------------
".
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев