Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-майы № 158 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун айыл чарба багытындагы жерлерин трансформациялоо жөнүндө Баалуу айыл чарба жерлерин пайдалануу шарттары өзгөргөндүгүнө бай-ланышкан маселелерди жөнгө салуу, жерди эсепке алууну анын иш жүзүндөгүабалына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Баткен облу-сунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышканмаселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушунуннегизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун878,2 га кыйла баалуу айыл чарба жерлери анча баалуу эмес жерлергетрансформациялансын, анын ичинде: - Алга айылдык кењешинин - 144,2 га, анын ичинде 10,0 га сугат ай-доо, 53,7 га кайрак айдоо, 10,5 га көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жер,70,0 га чабынды, кайрак айдоого - 10,0 га, жайыттарга - 70,0 га, кысырањызга - 64,2 га; - Бирлик айылдык кењешинин - 671,0 га, анын ичинде 565,0 га кайракайдоо, 106,0 га көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жер кысыр ањызга; - Халмион айылдык кењешинин - 63,0 га, анын ичинде 10,0 га сугатайдоо, 32,0 га кайрак айдоо, 20,0 га көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жер,чабындыга - 32,0 га, кысыр ањызга - 31,0 га. 2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администра-циясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев