Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 11-майы № 162
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылда Мыйзам
долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам
долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдагы Мыйзам долбоорлоо
ишмердиги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл үчүн Мыйзам
долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-мартындагы №
142 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-
жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечимдери менен бекитилген программаларга, пландарга жана иш-чараларга
ылайык жүргүзүлдү.
2006-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында 19 мыйзам
долбоорун иштеп чыгуу каралган. Ал мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга
16 министрлик жана ведомство тартылды.
Пландалган 19 мыйзам долбоорунун ичинен 6 мыйзам долбоору Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жактырылды жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилди, анын ичинен 1
мыйзам кабыл алынды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
кароосунда турганы - 1, министрликтер жана ведомстволор менен
макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жаткандары - 4, макулдашуу стадиясында
турганы - 6 мыйзам долбоору, анын ичинен 4 мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин
планына киргизилди; 1 мыйзам долбоорун жылдыруу жол-жобосу аны ишке
ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын издеп табуу зарылдыгына
байланыштуу убактылуу токтотулган; 1 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу алып
салынган.
2006-жылы иштеп чыгууга пландалган мыйзам долбоорлорунун саны 2005-
жылга салыштырганда кыйла аз болгондугуна карабастан Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу
проценти жалпысынан төмөндөп кеткен.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна 174 мыйзам долбоору, анын
ичинде 6 пландуу жана 168 пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору
киргизилген.
Анын ичинен 55и кабыл алынган, 10у четке кагылган, 4 мыйзам
долбоору кайра сурап алынган жана күчүн жоготту деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2006-жылы Кыргыз
Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорлоруна 73
корутунду берилген.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын мыйзам
долбоорлоо ишмердигинин багыттарынын бири болуп алардын мыйзам чыгаруу
демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
киргизилүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алууну камсыздоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин ишине катышуу, ошондой эле өкмөттүк
мыйзам долбоорлорунун бардык стадиялардан өтүүсүнө көз салуу
максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен туруктуу өз ара
байланышты камсыз кылуу эсептелет.
Ошондой болсо да, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка
органдарынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ишине катышуусу жөнүндө маалымат, ошондой эле мамлекеттик органдардын
көрсөтүлгөн ишмердиги жөнүндөгү жыйынтык отчеттор Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигине мөөнөттөрүн бузуу менен берилет
жана белгиленген талаптарга ылайык келбейт.
Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынып,
өзүнүн актуалдуулугун жоготкон мыйзам долбоорлоруна талдоо жүргүзүү
боюнча 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштер
жүргүзүлгөн.
Атап айтканда, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 9 чечими
кабыл алынган, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
мурда жиберилген (1998-2006-жылдар мезгилинде) 81 мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынган.
Норма жаратуу ишмердигин андан ары өркүндөтүү максатында жана
“Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- учурдагы мыйзам долбоорлоо ишмердигин жүргүзүү боюнча иштерди
күчөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы №
639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам
долбоорлоо иштеринин регламентинин талаптарын сакташсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо
иштеринин тиркелген планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо
иштеринин планы боюнча жооптуу аткаруучулар болгон министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу
бийлигинин башка органдары:
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомство ичиндеги пландарын
бекитишсин жана эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине беришсин;
квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын Зинен кечиктирбестен
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун
жүрүшү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен
киргизилүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алууну камсыздоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин ишине катышуу жөнүндө маалыматты
ушул токтомго тиркемеге ылайык формада берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ар бир жарым
жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин
планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жана Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-майындагы
№ 162 токтомуна тиркеме
Маалымат берүү формасы
I. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо
иштеринин планына ылайык иштеп чыгууга тиешелүү мыйзам долбоорлору
________________________________________________________________________
| № |№ План |Мыйзам долбоорунун| Иштеп чыгуу | Аткарылгандыгы |
| | боюнча | аталышы | мөөнөтү |жөнүндө маалымат |
|___|____________|__________________|__________________|_________________|
II. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген программаларга,
пландарга жана иш-чараларга ылайык 2007-жылы иштеле турган пландан
тышкаркы мыйзам долбоорлору, ошондой эле мыйзам долбоорлорун кайра
иштөө тартибинде иштелип чыгуучу башка мыйзам долбоорлору
________________________________________________________________________
| № | Кыргыз Республикасынын | Мыйзам | Иштеп |Аткарылгандыгы |
| | Президентинин Кыргыз | долбоорунун |чыгуу |жөнүндө |
| | Республикасынын | аталышы |мөөнөтү |маалымат |
| | Өкмөтүнүн чечимдеринин | | | |
| | датасы жана № жана аны | | | |
| | ишке ашыруу үчүн мыйзам| | | |
| | долбоору иштелип чыгуу | | | |
| | чу башка чечимдер | | | |
|___|________________________|______________|___________|________________|
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилген мыйзам долбоорлору
________________________________________________________________________
| № | Мыйзам | Мыйзам долбоору Кыргыз | Кыргыз Республикасынын |
| |долбоорлордун | Республикасынын Жогорку | Жогорку Кењешинде |
| | аталышы | Кењешинин кароосуна | кароонун жүрүшү жөнүндө|
| | | жиберилген Өкмөттүн | маалымат |
| | | чечимин реквизиттери | |
| | | (датасы жана №) | |
|___|_______________|___________________________|________________________|
Эскертүү: министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары бул таблицага
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген жана ал боюнча
тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык
ведомствонун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчиси
расмий өкүл болуп дайындалган мыйзам долбоорлорун киргизишет.
Аппарат жетекчисинин
биринчи орун басары М. Сатыбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
11-майындагы № 152 токтому менен бекитилген
2007-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
мыйзам долбоорлоо иштеринин
ПЛАНЫ
_________________________________________________________________________
| № | Мыйзам | Иштеп |Жооптуу |Кыргыз | Эскертүү | | |долбоорунун |чыгуу |аткаруучу-|Республика-| |
| | аталышы |мөөнөтү |лар |сынын | |
| | | | |Жогорку | |
| | | | |Кењеши ка- | |
| | | | |был алуунун| |
| | | | |болжолдогон| |
| | | | |мөөнөтү | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 1 |Кыргыз |II квартал|Коргоомин |III квартал|Колдонуудагы "Кыргыз|
| |Республикасын-| | | |Республикасынын |
| |дагы аскердик | | | |жарандарынын жалпыга|
| |милдет жана | | | |бирдей аскердик мил-|
| |аскердик кыз- | | | |дети жөнүндө" Кыргыз|
| |мат жөнүндө | | | |Республикасынын |
| | | | | |Конституциялык жањы |
| | | | | |редакциясынын норма-|
| | | | | |ларына ылайык келти-|
| | | | | |рүү максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 2 |Коргоону жана |II квартал|Коргоомины|III квартал|Колдонуудагы "Коргоо|
| |Кыргыз | | | |жөнүндө" Кыргыз |
| |Республикасы- | | | |Республикасынын |
| |нын Куралдуу | | | |Мыйзамын Кыргыз |
| |Күчтөрү | | | |Республикасынын |
| | | | | |конституциясынын |
| | | | | |жањы редакциясынын |
| | | | | |нормаларына ылайык |
| | | | | |келтирүү максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 3 |Аскер кызмат- |II квартал|Коргооомин|III квартал|Аскер кызматчылары- |
| |чыларынын жана| | | |нын жана жыйынга |
| |жыйынга чакы- | | | |чакырылган адамдар- |
| |рылган адамдар| | | |дын материалдык жооп|
| |дын материал- | | | |керчилиги жөнүндө |
| |дык жоопкерчи-| | | |укуктук нормаларды |
| |лиги жөнүндө | | | |мыйзамдык дењгээлде |
| | | | | |бекмдөө зарылдыгы |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 4 |Денсоолугунун |II квартал|Эмгексоц- |III квартал|Денсоолугунун |
| |мүмкүнчүлүктө-| |мин | |мүмкүнчүлүктөрү |
| |рү чектелген | | | |чектелген адамдардын|
| |адамдардын | | | |укуктарын коргоо жа-|
| |укуктары жана | | | |на жардам көрсөтүү |
| |кепилдиктери | | | |кепилдиктерин мыйзам|
| |жөнүндө | | | |дуу бекемдөө, ошон- |
| | | | | |дой эле көрсөтүлгөн |
| | | | | |адамдардын укуктарын|
| | | | | |жүзөгө ашыруу боюнча|
| | | | | |мамлекеттик органдар|
| | | | | |дын, жеке жана юриди|
| | | | | |калык жактардын мил-|
| | | | | |деттерин бекемдөө |
| | | | | |максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 5 |Чакан жана |II квартал|Экономсоо-|III квартал|Ишмердик чөйрөсүн |
| |ортобизнестин | |дамин | |жакшыртуу жана |
| |субьектерин | | | |ишкердикти өнүктүрүү|
| |мамлекеттик | | | |максатында |
| |колдоо | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 6 |Ишкердик |II квартал|Экономсоо-|III квартал|Чакан жана орто биз-|
| |субьектерин | |дамин | |нестин субьектерине |
| |текшерүү | | | |негизсиз текшерүүлө-|
| |жөнүндө | | | |дү кыскартуу |
| | | | | |максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 7 |Чоњ кишилерге |II квартал|Билиммин |III квартал|Чоњ кишилерге билим |
| |билим берүү | | | |берүү жагындагы мам-|
| |жөнүндө | | | |лекеттеик жалпы сая-|
| | | | | |саты иштеп чыгуу жа-|
| | | | | |на жүзөгө ашыруу, |
| | | | | |ошондой эле кесиптик|
| | | | | |жактан өркүндөтүүнү |
| | | | | |жана инсандыгын |
| | | | | |өнүктүрүүнү камсыз |
| | | | | |кылуучу үзгүлтүксүз |
| | | | | |билим берүүнүн |
| | | | | |Кыргыз Республикасын|
| | | | | |да натыйжалуу систе-|
| | | | | |масын түзүү үчүн |
| | | | | |укуктук негиздерди |
| | | | | |бекемдөө максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 8 |2006-жылдын 19|II квартал|Мамлекет- |IV квартал | |
| |-майында Минск| |тик бажы | | |
| |шаарында кол | |комитети | | |
| |коюлган | | | | |
| |Евразиялык | | | | |
| |экономикалык | | | | |
| |шериктештикке | | | | |
| |мүчө мамлекет-| | | | |
| |тердин бажы | | | | |
| |органдарынын | | | | |
| |ортосундагы | | | | |
| |Бажылык төлөм-| | | | |
| |дөрдү бажы | | | | |
| |органдарынын | | | | |
| |эсебине акча | | | | |
| |каражаттарын | | | | |
| |салуу жолу ме-| | | | |
| |нен же товар- | | | | |
| |ларды бажылык | | | | |
| |контроль астын| | | | |
| |да өткөрүүдө | | | | |
| |банктардын | | | | |
| |гарантияларын | | | | |
| |пайдалануу жо-| | | | |
| |лу менен төлөө| | | | |
| |нү камсыздоо | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
| |макулдашууну | | | | |
| |ратификациялоо| | | | |
| | тууралуу | | | | | |___|______________|__________|__________|___________|____________________|
| 9 |Төмөнкүлөргө |1 жарым | Юстмин |II жарым |Кыргыз Республикасы-|
| |өзгөтүүлөрдү | жылдык | | жылдык |нын Конституциясына |
| |жана толуктоо-| | | |ылайык келтирүү |
| |лорду киргизүү| | | | максатында |
| |жөнүндө: | | | | |
| |1)"Кыргыз | | | | |
| |Республикасы- | | | | |
| |нын Өкмөтү | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
| |Кыргыз | | | | |
| |Республикасы- | | | | |
| |нын конститу- | | | | |
| |циялык Мыйзамы| | | | |
| |на | | | | |
| |2)Кыргыз | | | | |
| |Республикасын-| | | | |
| |да Шайлоолор | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
| |кодекске; | | | | |
| |3)Кыргыз | | | | |
| |Республикасы- | | | | |
| |нын төмөнкү | | | | |
| |мыйзамдарына: | | | | |
| |-"Саясий парти| | | | |
| |ялар жөнүндө";| | | | |
| |-"Кыргыз | | | | |
| |Республикасы- | | | | |
| |нын жарандыгы | | | | |
| |жөнүндө" | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|10 |2006-жылдын 4-|IIIквартал|Мамлекет- | IV квартал| |
| |июлундагы | |тик бажы | | |
| |Астана шаарын-| |комитеты | | |
| |да кол коюлган| | | | |
| |Кыргыз-казакс-| | | | |
| |тан мамлекет- | | | | |
| |тик чегарасын-| | | | |
| |да биргелешкен| | | | |
| |контроль | | | | |
| |жөнүндө Кыргыз| | | | |
| |Республикасы- | | | | |
| |нын Өкмөтү | | | | |
| |менен Казакс- | | | | |
| |тан Республика| | | | |
| |сынын Өкмөтү | | | | |
| |нүн ортосунда-| | | | |
| |гы макулдашуу-| | | | |
| |ну ратификация| | | | |
| | -лоо тууралуу| | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|11 |Кыргыз |IIIквартал|Курчап |IV квартал |Коомдогу социалдык- |
| |Республикасы- | |турган чөй| |экономикалык өзгөр- |
| |нын Токой | |рөнү кор- | |түүлөргө жана Токой |
| |кодекси | |гоо жана | |тармагын өнүктүрүү |
| | | |токой чар-| |концепциясы менен |
| | | |басы боюн-| |Улуттук токой прог- |
| | | |ча мам- | |раммасынын кабыл |
| | | |агенттик | |алынганына байланш- |
| | | | | |туу зарылдык |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|12 |Жогорку |IIIквартал|Билиммино |IV квартал | |
| |кесиптик | | | | |
| |билим берүү | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|13 |Айыл чарбасын-|IIIквартал|Экономсоц-|IV квартал |Айыл чарбасында |
| |да эмгек инс- | |мин | |эмгекинспекциясы |
| |пекциясы жөнү-| | | |жөнүндө ЭЭУнун №129 |
| |ндө ЭЭУнун №12| | | |конвенциясынын мый- |
| |9 конвенциясын| | | |замдуу күчкө кириши |
| |ратификациялоо| | | |боюнча мамлекет ичин|
| |тууралуу | | | |деги жол-жоболорду |
| | | | | |аткаруу максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|14 |Кыргыз |IIIквартал|Финмин, |IV квартал |Кыргыз Республикасы-|
| |Республикасын-| |Салыктар | |нын Салык кодексинин|
| |да юридикалык | |жана | |163-статьясынын |
| |жана жеке жаш-| |жыйымдар | |талаптарына ылайык |
| |тар тарабынан | |боюнча | |жыл сайын кабыл |
| |алып келинүүчү| |мамкомитет| |алынат |
| |жана өндүрүлүү| | | | |
| |чү акциздик | | | | |
| |товарларга | | | | |
| |2008-жылга | | | | |
| |акциз салыгы- | | | | |
| |нын базалык | | | | |
| |ставкалары | | | | |
| | жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|15 |Айыл чарба |IIIквартал|Мамкаттоо |IV квартал |Кыргыз Республикасы-|
| |жерлерин, | |Финмин, | |нын Салык кодексинин|
| |короо жанында-| |Салыктар | |177-статьясынын |
| |гы жана дача- | |жана | |талаптарына ылайык |
| |лык жер учас- | |жыйымдар | |жыл сайын кабыл |
| |токторун, калк| |боюнча | |алынат |
| |туу конуштар- | |мамкомитет| | |
| |дын жана айыл | | | | |
| |чарбалык эмес | | | | |
| |багыттагы жер-| | | | |
| |лерди пайдала-| | | | |
| |нуу үчүн жер | | | | |
| |салыгынын 2008| | | | |
| |-жылга базалык| | | | |
| |ставкалары | | | | |
| | жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|16 |Кыргыз |IV квартал|Курчап |IV квартал |Кедейликти кыскартуу|
| |Республикасы- | |Турган чөй| |нун улуттук страте- |
| |нын Экология- | |рөнү кор- | |гиясынын "Жаратылыш-|
| |лык кодекси | |гоо жана | |ты сарамжалдуу пайда|
| | | |токой чар-| |лануу" бөлүмүндө ка-|
| | | |басы боюн-| |ралган ишчараларды |
| | | |ча мамаген| |аткаруу үчүн |
| | | |ттик,Сала-| | |
| | | |матсакмин,| | |
| | | |Айылсуу- | | |
| | | |чарбамин | | |
| | | |Мамгеоло- | | |
| | | |гия агент-| | |
| | | |тиги | | |
| | | |"Көз каран| | |
| | | |дысыз экс-| | |
| | | |пертиза" | | |
| | | |ӨЭУсу (ма-| | |
| | | |кулдашуу | | |
| | | |боюнча | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|17 |"Экологиялык |IV квартал|Курчап |IV квартал |"Техникалык жөнгө |
| |коопсуздук | |турган | |салуунун негиздери |
| |жөнүндө" | |чөйрөнү | |жөнүндө" Кыргыз |
| |жалпы техника-| |коргоо жа-| |Республикасынын Мый-|
| |лык регламент | |на токой | |замына ылайык, кур- |
| | | |чарбасы | |чап турган чөйрөнү |
| | | |боюнча | |когргоо жана эколо- |
| | | |мамагент- | |гиялык коопсуздук |
| | | |тик | |жагындагы техникалык|
| | | | | |жөнгө салуунун негиз|
| | | | | |ги жоболорун аныктоо|
| | | | | |максатында |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|18 |Сейсмикалык |IV квартал|Мамархкуру|2008-жылдын|Кыргыз Республикасы-|
| |коопсуздук | |луш, |I кварталы |нын аймагындасейсми-|
| |жөнүндө | |Кыргызтан-| |калык коопсуздукту |
| | | |дын жер ти| |камсыздоо боюнча ма-|
| | | |тирүүгө | |милелердин чөйрөсүн-|
| | | |туруктуу | |дө малекеттик бийлик|
| | | |куруштары | |өз алдынча башкаруу |
| | | |илимий- | |органдарынын, чарба-|
| | | |изилдөө | |кер субьекттердин |
| | | |жана | |жана жарандардын иш-|
| | | |долборлоо | |мердигин укуктук жа-|
| | | |институту | |на уюштуруучулук |
| | | |(макулда- | |жөнгө салуунун негиз|
| | | | шуу | |дерин мыйзамдуу түр-|
| | | |боюнча) | |дө бкемдөө максатын-|
| | | | | |да |
| | | | | | |
| | | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|19 |Кыргыз |IV квартал| Финмин | I квартал |Жыл сайын кабыл |
| |Республикасы- | | | |алынат |
| |нын 2008-жылга| | | | |
| |республикалык | | | | |
| |бюджети | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
|20 |Кыргыз |IV квартал|Социалдык | IV квартал|Жыл сайын кабыл |
| |Республикасы- | |фонд | |алынат |
| |нын Социалдык | | | | |
| |фондунун 2008-| | | | |
| |жылга бюджети | | | | |
| |жөнүндө | | | | |
|___|______________|__________|__________|___________|____________________|
Эскертүү: иштелип чыккан жана макулдашылган мыйзам долбоорлору Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына "Иштеп чыгуу мөөнөтү" аталган
графада көрсөтүлгөн кварталдын акыркы айынын 1-күнүнөн
кечиктирилбестен киргизилет.