Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 11-майы № 164
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун
ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук чаралар тууралуу" 2007-жылдын 16-мар-
тындагы № 96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-
гизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө жобо жана анын
башкаруу схемасы ушул токтомдун № 1 жана 2 тиркемелерине ылайык редак-
цияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин кызматкерлеринин чектик саны 7311 адам санында бел-
гиленсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11- майындагы
№ 164 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишин жөнгө са-
лып, анын ролун, милдеттерин, функцияларын жана укугун аныктайт.
2. Министрлик мамлекеттик башкаруунун агроөнөр жай комплексинин
чөйрөсүндө жер жана агрардык реформаны, мал чарбачылыгын, ветеринария-
ны, балык чарбасын, дыйканчылыкты, өсүмдүктөрдүн карантинин, мелиораци-
яны, кыртыштын күрдүүлүгүн, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу-
ну, айыл чарбасынын чийки заттарын жана азык-түлүктү, тамак-аш жана
кайра иштетүү өнөр жайын камтыган мамлекеттик саясатты белгилөөчү атка-
руучу органы болот.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын эл аралык
келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамле-
кеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыначылык
системасында эсептери болот.
5. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, коомдук бирикмелер жана баш-
ка уюмдар менен эриш-аркак байланышта ишке ашырат.
II. Министрликтин максаттары жана милдеттери
6. Министрликтин максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп эсеп-
телет:
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун республиканын
калкынын негизги тамак-азыктарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу алкагында өндүрүштү уюшту-
руу жана айыл чарба продукциясын сатуу, тамак-аш жана кайра иштетүү
өнөр жай чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аны
сырье менен камсыз кылуу, пайдалануучулардын жана ата мекендик товар
өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо боюнча чаралар комплексин жүзөгө ашыруу;
- өлкөбүздөгү агроөнор жай комплексинде атаандаштыкка жөндөмдүү
рыноктук башкаруу систем-сын түзүүнүн негизинде натыйжалуу жеке менчик
дыйкан (фермер) чарбалардын, алардын агробизнес бирикмелерин жана
өндүрүштүк ишканаларын колдоо жана түзүлүшүнө жардам көрсөтүү жолу ме-
нен айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүү продуктуларынын
экспортун көбөйтүү;
- өндүрүш, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу, та-
мак-аш. кайра иштетүү жана алкоголдук өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттик
контролду, эсепке алууну жана отчеттулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
III. Министрликтин функциялары
7. Максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Ми-
нистрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
7.1. Тармактык саясат функциялары:
- жер жана агрардык реформаны мындан ары терењдетүү, айыл чарбасы-
нын, мал чарбасынын, балыкчылыктын жана дыйканчылыктын, суу чарбасынын,
тамак-аш, алкоголь жана кайра иштетүү өнөр жайларынын продукцияларын
өндүрүү, өндүрүлгөн продукцияларды сатып алуу, сатып өткөрүү жана экс-
порттоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик агрардык саясатты иштеп чыгуу
жана жүзөгө ашыруу;
- өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат-
ты ишке ашыруу үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле
маалыматтык каражаттарды иштеп чыгуу;
- жер реформасынын саясатына жана стратегиясына ылайык жер жана
агрардык реформанын жүргүзүлүшүн жана жерлерди бөлүштүрүү боюнча иштер-
ди андан ары жүргүзүү;
- Министрликтин максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүн
саясатты жүргүзүү, программаларды жана долбоорлорду аткаруу үчүн бардык
подразделениелердин иштерин координациялоочу жүзөгө ашырылуучу иш-чара-
лардын ар жылдык планын ишке киргизүү жана аткаруу;
- эл аралык финансы жана донордук уюмдар тарабынан каржыланган
айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды жана долбо-
орлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- дыйкан, фермер жана башка чарбалар тарабынан аларга берилген жа-
йыт жерлерин коргоо, жакшыртуу жана пайдалануу жагында саясатты иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- жаныбарлардын ооруларын табуу, алдын алуу жана даарылоо боюнча
мамлекеттин бирдиктүү саясатын жүргүзүү;
- жаныбарлардын генетикалык потенциалын жогорулатуу жана тукумдук,
продуктуулук жана асыл тукумдук сапаттарын өркүндөтүү саясатын жүзөгө
ашыруу;
- ветеринардык тейлөө жана жеке ишкердик чөйрөсүндө ветеринардык
кызмат көрсөтүү боюнча атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте балык чарба
ишинин коргоо, экономикалык жана экологиялык туруктуу стратегиясын жана
колдоо планын жүзөгө ашыруу;
- сууну изилдөө, аны менен камсыздоо, керектөө жана аны республи-
канын чегинен сырткары мамлекеттер аралык бөлүштүрүү, ошондой эле айыл
калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чы-
гуу;
- ирригация системаларын башкаруу, айыл калкын ичүүчү жана сугат
суусу менен камсыз кылуу, суу ресурстарын эл аралык макулдашуулардын
жана конвенциялардын негизинде башкаруу;
- сууну үнөмдүү пайдалануу максатында сууну пайдаланууга ченемдик
укуктук актылардын жана тарифтердин долбоорлорун түзүү;
- айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу жана тамак-аш, кайра
иштетүү өнөр жайларын өнүктүрүү боюнча чаралардын пакетин иштеп чыгуу;
- айыл чарба машиналарын, чиркегичтерин жана жабдууларын сериялуу
же дааналап жасоого даярданууда, ошондой эле сыноодо документтерди жана
башка ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо;
- тамак-аш, кайра иштетүү жана алкоголдук тармактарды өнүктүрүү
боюнча көрүнүктүү программаларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштардын максаттарын жана артыкчылык-
тарын аныктоо;
- бюджетке түшкөн кирешени, өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн,
алардын чарбакер субъекттерге чейин жеткирилишин болжолдоо, алардын ат-
карылышын контролдоо, спиртти жана алкоголдук продукцияны чыгаруу жана
жүгүртүү чөйрөсүндө биримдиктүү баа саясатын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан жылдырылган алкоголдук
продукцияга карата экономикалык саясат чараларын иштеп чыгууга катышуу.
- мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте экономи-
каны мобилизациялык жактан даярдоо чөйрөсүндө нормативдик укуктук база-
ны өркүндөтүү жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
7.2. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн, сатып алуучулардын жана кайра
иштетүүчүлөрдүн кењири чөйрөсүнө айыл чарбалык продукция рыногунун аба-
лы тууралуу маалымат берүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарга ветеринар-
дык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- малдын продуктуулугун баалоо;
- консультациялык кызматтар жана изилдөөчү мекемелер менен тыгыз
кызматташтыкта фермерлерге, жогорку сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
үрөнүн өндүрүүчүлөргө которуштуруп айдоо системасынын жањы ыкмаларын,
кыртышты иштетүүнүн технологияларын киргизүү боюнча консультацияларды,
маалыматтарды жана усулдук колдонмолорду сунуш кылуу;
- үрөндүк жана тигилүүчү материалдардын себилүүчү (отургузулуучу)
сапаттарын аныктоо;
- сорттоштуруп айдап-себүү сынактарын жүргүзүү;
- суу пайдалануучулар ассоциацияларына техникалык жана башка масе-
лелер боюнча консультация берүү;
- айыл жеринде кооперативдерди, соода-сатык уюмдарын, айыл чарба
продукциясын соодалоо үчүн дүњ базарларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө кон-
сультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- айыл чарба ишканаларын дыйкан, фермердик чарбаларга жана айыл
чарба кооперативдерине өзгөртүп уюштуруу;
- бизнес пландардын долбоорлорун экспертизалоо, айыл чарба ишкана-
ларынын финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзүү;
- ээлеринин, мамлекеттик жана башка органдардын суроолору боюнча
көзөмөлгө алынуучу машиналардын жана жабдуулардын техникалык абалын жа-
на ресурстук чамасын баалоо;
- ээлеринин арызы боюнча техникалык каражаттардын абалын экс-
перттик баалоо.
7.3. Иштерди аткарууну координациялоо, көзөмөлдөө контролдоо жа-
на мониторинг жүргүзүү функциялары:
- айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайында инвестициялык
программаларды жана долбоорлорду ишке киргизүү максатында мамлекеттик
башка органдары менен кызматташуу жана ишмердигин координациялоо, алар-
дын аткарылышын контролдоо;
- тамак-аш жана айыл чарба продукциясын чыгаруу, сатып алуу жана
кайра иштетүү чөйрөсүндө алектенген чыгаруу ишмердигин координациялоо;
- жер жана агрардык реформаны жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик
саясаттын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
- борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын жана мамлекет-
тик башка органдарынын спиртти жана алкоголдук продукциянын чыгарылы-
шын, сакталышын жана сатылышын контролдоо маселелердеги ишмердигине
тармактар аралык координация жүргүзүү;
- сатып алуу наркын жана мүлктүк пайларды берүү төлөмүн чогулту-
уну жүзөгө ашыруу;
- селекциялык-асыл тукум иштерин жана айыл чарба малдарынын бар-
дык түрлөрүн багуунун үстүнөн мамлекеттик контролду координациялоо жана
жүзөгө ашыруу;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-
домстволор жана башка аткаруу бийлик органдары, менчигинин түрүнө кара-
бастан чарбакер субъекттер тарабынан алардын менчик формасына карабас-
тан ветеринардык мыйзамдардын аткарылышын координациялоо;
- ветеринардык эрежелерге ылайык эпизоотиялык кырдаалдын пайда
болушуна мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аныктоо жана жаныбарлар-
дын эндемиялык ооруларын жоюу боюнча иштерди жүргүзүү;
- жаныбарлардын оорулары пайда болгон учурларда сактануу чарала-
рын көрүү, мониторинг жүргүзүү жана карантиндик режимдерди киргизүү;
- малды багууда, мал чарба продуктыларын чыгарууда, кайра иш-
тетүүдө, ошондой эле ветеринардык кызматтардын контролунда турган про-
дукцияны экспорттоодо жана импорттоодо ветеринардык-санитардык талап-
тардын жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте
өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечтеринин жана илдеттеринин, отоо
чөптөрдүн жана кыртышты булгоочулардын жайылышына байланыштуу өзгөчө
кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана алдын ала божомолдоонун ти-
йиштүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу;
- өсүмдүктөрдүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эндемиялык
ылањдары боюнча абалга мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аныктоо, ал
ылањдарды жоюу боюнча программаларды ишке ашыруу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себилүүчү (тигилүүчү) материалдары-
нын сорттук жана өнүмдүк сапаттарын контролдоо;
- гидротехникалык системалардын, насостук станциялардын жана
скважиналардын пайдаланылышын көзөмөлдөө;
- ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын чарбалык-ичүүчү суу менен
камсыздоо системаларынын туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча иштерин ко-
ординациялоо;
- суу ресурстарын пайдаланууну эске алуу менен болгон инфраст-
руктураны пландоо, жањыларын куруу жана реконструкциялоо боюнча ишти
координациялоо;
- сууну пайдалануучулардын сугат жана дренаждык тармактарды пай-
далануу жана өнүктүрүү боюнча иштерин координациялоо;
- мамлекеттик ирригация курулуштарын кармоо, техникалык пайдала-
нуу жана капиталдык ремонттоо процессин башкаруу;
- сууну пайдалануучулар ассоциацияларынын иштерин мамлекеттик
жөнгө салуу жана контролдоо;
- мамлекеттик ишканаларда айыл чарбалык техниканын жана жабдуу-
лардын сакталышына жана мөөнөтүнөн мурда эсептен чыгарууну болтурбоого
мамлекеттик техникалык көзөмөлдү жана контролдоону камсыз кылуу;
- айыл чарбалык машиналардын, техниканын жана жабдуулардын пай-
даланылышы объект техникалык көзөмөлдөө жагында мамлекеттик жөнгө са-
луу, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;
- жеке жана юридикалык жактардын адамдардын айыл чарбалык техни-
каны жана жабдууларды жасоонун, өзгөртүп жабдуунун, техникалык пайдала-
нуунун, каттоодон өткөрүүнүн, кайра каттоонун, эсепке алуунун, жарак-
сыздыкка жана эсептен чыгаруунун тартибин аныктоочу ченемдик укук акты-
ларды аткарышын көзөмөлдөө.
7.4. Жөнгө салуу функциялары:
- айыл чарба машиналарынын жана жабдууларынын түйүндөрүнөн жана
агрегаттарынан кайра жасалгандарды жана куралгандарды техникалык
күбөлөндүрүүнү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл
чарба техникаларын жана жабдууларын каттоодон өткөрүү, кайра каттоо,
эсепке алуу, ошондой эле аларга номер белгилерин, техникалык паспорт-
торду, талондорду берүү;
- окуган жана тракторист-машинисттин адистигин алган адамдардан
экзамен алуу, механизаторлорду бул каражаттарды башкаруу укугуна ти-
йиштүү категориянын күбөлүгүн берүү менен аттестациялоо жана кайра ат-
тестациялоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагына айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
үрөндүк жана тигилчү материалдарын алып келүү укугуна уруксаттарды
берүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекет-
тик сыноодон өткөрүү, үрөндөрдүн өнүмдүк сапаттары жөнүндө документтер-
ди берүү;
- фитосанитардык сертификаттарды жана импорттук карантиндик
уруксаттарды берүү;
- агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын тест-
терлөө, аларды каттоодон өткөрүү жана шайкештик сертификатын берүү;
- мурда өзгөртүп уюштурулган айыл чарба ишканаларын менчиктеш-
тирүү боюнча укук аныктоочу документтерди (сатуу-сатып алуу келишими)
берүү;
- жеке ветеринардык иш жүргүзүүгө жана дарыяларга жана
көлмөлөргө суу тосмолорун курууга лицензия берүү;
- пиво, вино, шампан, ликер, арак, коньяк жана спирт ичимдикте-
рин чыгарууга, алкоголдук продукция менен соода жүргүзүүгө лицензия
берүү;
- спиртинин, алкоголдук продукциянын жогору болгонун импорттого
лицензия берүү.
7.5. Колдоо функциялары:
- Министрликтин бардык дењгээлдеринде окутуу жана кайра окутуу
системасын камтыган кадрдык ресурстарды башкаруу системасын түзүү жана
практикага киргизүү;
- айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алуу жана кайра иштетүү
чөйрөсүндө ишкердикти мамлекеттик колдоо системасын калыптандыруу;
- иштеп жаткан тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканала-
рын модернизациялоо жана техникалык жактан өзгөртүп жабдуу, жањыларын
куруу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, ДСУга, ЕКга мүчө
мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн продукцияларынын сапатына болгон
директивалык талаптарга ылайык чыгарылып жаткан продукциялардын сапатын
жана көрүнүшүн жакшыртууга көмөктөшүү;
- жер рыногун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерге каты-
шуу;
- жер жана агрардык реформага тиешелүү маселелер боюнча жерги-
ликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына жана жарандарга консультациялык колдоону камсыз кылуу;
- жер жана агрардык реформа боюнча көрсөтмө консультациялык жана
окуу материалдарын иштеп чыгуу, жарыялоо, таркатуу жана алар боюнча
адистерди, фермерлерди жана башка жарандарды окутуу;
- чарбакер субъекттерге жана калкка консультациялык кызмат
көрсөтүү үчүн айыл чарба тармагындагы адистерди окутуу жана кайра даяр-
доо системасын түзүү;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар
менен биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү жана байланыштарды түзүү, Ми-
нистрликтин компетенциясынын чегинде кызматташтык тууралуу зарыл макул-
дашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коюу;
- Министрликте жана анын түзүмдүк подразделениелеринде тармакты
маалыматтык-коммуникациялык башкаруу технологияларын пландаштыруу жана
этабы менен ишке киргизүү;
- чекене жана дүњ сатуучулар, фермерлер, чарбакер субъекттер жа-
на калк тарабынан пайдалануу үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес
секторунун маркетинг жана маалымат системаларын түзүүгө жана түзүүгө
көмөктөшүү;
- фермерлердин, чарбакер субъекттердин жана калктын проблемала-
рын чечүү үчүн алардын иштеринин багыттарына жараша консультациялык
кызматтарды көрсөтүү үчүн айыл чарбасында колдонмо изилдөөлөрдү пайда-
лануу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик ишканаларды жана айыл чарбасында, суу чарбасында
жана кайра иштетүү өнөр жайында мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар-
ды башкарууга катышуу;
- айыл чарба жаныбарларынын экономикалык жогорку продуктулуу
түрлөрүн жана тукумун, ошондой эле мал чарбасын, канаттууларды
өстүрүүнү, балык өстүрүүнү жана балчылыкты өнүктүрүү боюнча программа-
ларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
- ветеринардык тейлөө жана ветеринардык кызматтарды көрсөтүү бо-
юнча жеке ишкердик чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- малды жакшыртуу процессинде лабораториялык-диагностикалык
иликтөөлөрдүн жањы ыкмаларын киргизүү жана ылањдарга диагноз коюунун
ыкмаларын өркүндөтүү;
- фермерлерди, ишканаларды жана уюмдарды суу менен камсыздоо
үчүн жол-жоболорду жана шарттарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга, суу
пайдалануучулардын ассоциацияларын түзүүгө жана башкарууга көмөктөшүү;
- кыртышты иштетүүнүн технологияларынын жана которуштуруп айлоо
системасынын жањы ыкмаларын изилдөө жана ишке киргизүү;
- сугат жерлерин инвентаризациялоо жана каттоодон өткөрүү систе-
масын иштеп чыгуу;
- айыл чарба жерлерин жана айылдардагы калктуу конуштарды сел-
дерден жана суу ташкындарынан коргоо;
- пайдаланууга уруксат берилген сортторду жана гибриддерди мам-
лекеттик каттоодон өткөрүү;
- айыл чарба техникалары жана жабдуулары иштеген учурда коопсуз-
дук ыкмасынын эрежелерин жана талаптарын сактоону камсыз кылуу;
- айыл чарба лизинг системасын өнүктүрүүгө жана калыптандырууга
көмөктөшүү;
- запастык бөлүктөрдү жана алдыњкы технологияларды даярдоодо,
айыл чарба машиналарын жана жабдууларын техникалык пайдаланууну, ре-
монттоону, сактоону жана техникалык тейлөөнү уюштурууда алдыњкы тажрый-
баны жайылтууга көмөктөшүү;
- тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар (автомототранс-
порттон башка) катышкан жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу, ал кыр-
сыктардын болгон себебин талдоо жана аларды болтурбоо үчүн Министрлик-
тин компетенциясынын чегинде чара керүү.
IV. Министрликтин укуктары
8. Министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктарга
ээ:
- Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча бардык юридика-
лык жактар жана жеке адамдар жетекчиликке алууга жана милдеттүү аткару-
уга жатуучу ченемдик укуктук актыларды жана башка чечимдерди чыгарууга
(техникалык жөнгө салуу маселесинен башкаларын);
- айыл, суу, балык чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай маселеле-
ри, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелер
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын
жана буйруктарынын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгарууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин органдарынын,
ведомстволук уюмдарынын уставдарын жана жоболорун бекитүүгө, алардын
жетекчилерин кызматка дайындоого жана бошотууга;
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан
жеке жана юридикалык жактардан асыл тукум иштерин, үрөнчүлүктү жүргүзүү
жана асыл тукум малды, канаттууларды, үрөндүк жана көчөт материалдарды
сатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтарды алууга.
Жерди, сууну, пестициддерди, агрохимиялык жана ветеринардык препарат-
тарды, башка өндүрүш каражаттарын сапаттуу пайдалануу боюнча, ошондой
эле айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн физика-
лык параметрлери (аянты, малдын саны, продукция чыгаруу, кирешелүүлүк,
өндүрүш чыгымдары ж.б.у.с.) боюнча маалымат алууга;
- Министрликтин кызматкерлери асыл тукум жана үрөнчүлүк чарба-
ларга, ошондой эле иш-аракети пестициддерди пайдаланууга, балык чарба-
сын жүргүзүүгө байланышкан уюмдарга жана ишканаларга Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кирүүгө, агрохимиялык жана ве-
теринардык-препараттарды пайдаланууга текшерүү жүргүзүүгө укуктуу;
- агроөнөр жай комплексинин бардык маселелери жана чөйрөлөрү бо-
юнча эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана даярдо-
ого катышууга;
- мамлекеттик агроөнөр жай, суу чарба, балык чарба, мамлекеттик
жана кайра түзүлгөн айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемеле-
ринин, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин инвестициялык долбо-
орлорду ишке ашыруудагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары тууралуу отчетто-
рун угууга. Алардын жылдык балансын кароого, кызматтык милдеттерин же
алар менен түзүлгөн контракттарды аткаргандыгы жана аткарбагандыгы үчүн
ведомстволук ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги
^тууралуу тиешелүү чечим кабыл алууга;
- иштин аныкталган чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларды,
расмий жарыяларды, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюн-
ча башка материалдарды жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын
белгиленген тартипте ачууга;
- белгиленген тартипте иш-аракеттин белгиленген чөйрөлөрүндө
өзгөчөлүк белгилерин түзүү жана алар менен Министрликтин жана Минист-
рликтин курамындагы кызматтар менен структуралардын кызматкерлерин сый-
лоого;
- Министрликтин иштөө тармагына тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу
үчүн илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди тартууга;
- спирт жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган, сактаган
жана саткан чарбакер субъекттерди текшерүүнү белгиленген тартипте
жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
алардын техникалык кайра иштелип чыгуусу үчүн контрабандалык же контра-
фактылык продукцияны (спирт, алкоголдук продукцияны жана пивону
ж.б.у.с.) кармоого;
- мыйзамдарга ылайык администрациялык тартип бузуулар тууралуу
иштерди кароого жана анын ичинде спирт, алкоголдук продукцияны жана пи-
вону мыйзамсыз жүгүрткөн адамдарды администрациялык жазалоого, зарыл
учурларда укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүп берүү;
- белгиленген иш чөйрөсүндө агроөнөр жай комплексинде биринчи
кезектеги милдеттерди чечүү үчүн ведомстволор аралык кењештерди, комис-
сияларды, топторду түзүү.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
9. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуу-
чу жана бошотулуучу министр башкарат.
10. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана
иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышына же-
ке жоопкерчилик тартат.
11. Министрликтин Жобосу жана башкаруу схемасы министрдин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Министрликтин
түзүмү жана борбордук аппаратынын чектик саны Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри тарабынан бекитилет.
12. Министрликте статс-катчы жана министрдин эки орун басары бо-
лот.
13. Министрликтин статс-катчысы Мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
14. Статс-катчынын иш-милдеттери Статс-катчы жөнүндө жобо менен
аныкталат. Статс-катчыга башка функцияларды жана иш милдеттерди аткаруу
тапшырылышы мүмкүн
15. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошо-
тулат.
16. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык
подразделениелерин кармоого чыгымдар мамлекеттик бюджетте каралган ка-
ражаттардын, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен каржылоо.
17. Ведомстволук подразделениелер Министрликтин сунушу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Министрликтин ведомство-
лук подразделениелери жөнүндө жоболор министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
18. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын жана
аймактык органдарынын иштерине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана
тартипке чакыруу чараларын Министрлик системасынын кызматкерлерине жана
жумушчуларына карата колдонот;
- Министрликтин оперативдүү жана башка утурумдук маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген буйруктарды чыгарат;
- кызматкерлердин бекитилген санынын чегинде Министрликтин борбор-
дук аппаратынын жана түзүмүнө кирген ишканалардын структурасын жана
штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү жасайт;
Министрликтин, анын карамагындагы кызматтардын жана түзүмдөрдүн
кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш аткаруучу башка адамдарды Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарды ыйгарууга
белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Министрликтин ведомстволук подразделениелерине тапшырма берет
жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимди жокко чыгаруу-
нун башка тартиби көрсөтүлбөсө, Министрликтин ведомствого караштуу кыз-
маттарынын жана түзүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы
келген чечимдерин жокко чыгарат;
- статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын
мамлекеттик администрациялык кызматтарды ээлеген кызматкерлерине кенже,
орто жана улук класстык чиндерди ыйгарат, Министрликтин борбордук аппа-
ратынын кызматкерлерин, Министрликтин ведомстволук жана аймактык под-
разделениелердин жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигине Чегаралык-ветеринардык каран-
тиндик кызматынын башкы башкармалыгынын начальнигин кызматка дайындоого
жана бошотууга макулдук берет;
- номенклатурага ылайык кызматтарды ээлөөгө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министрине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Рес-
публикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган чет
өлкөлөрдүн ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Ми-
нистрликтин атынан чыгат, Министрликтин компетенциясына кирген маселе-
лер боюнча өз ара байланышуу жана кызматташтык тууралуу өз ыйгарым
укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге,
макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- кызмат орду боюнча Министрликте жарандык коргонуунун начальниги
болуп эсептелет;
- Министрликтин компетенциясындагы оперативдүү, уюштуруу-штаттык,
кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү
боюнча Министрлик системасындагы кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын
белгилейт;
- ак-ниеттүү, натыйжалуу жана сапаттуу иштери үчүн, чыгармачылык
ышкысын жана кесиптик демилгесин көрсөткөн кызматкерлерди Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Жарлыгы менен белгиленген мамлекеттик кыз-
маткерлердин айлык акынын төлөө шарттарына ылайык жекече үстөктөрдү
белгилейт;
- ак-ниеттүү, натыйжалуу жана сапаттуу иштери үчүн, чыгармачылык
ышкысын жана кесиптик демилгесин көрсөткөн кызматкерлерди айлык акынын
алты айлык фондусунан ашпаган өлчөмдө сыйлайт, мындан тышкары эмгек
акынын эки айлык фондунун жогору эмес өлчөмүндө материалдык жардам
көрсөтөт.
19. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары өздөрүнүн компетен-
циясына кирген маселелерди министрдин макулдашуусу боюнча чечимдерди
кабыл алышат, нускама жана усулдук документтерге, тейлөөсүндөгү маселе-
лер боюнча кирген жана чыккан документтерге кол коюшат.
20. Министрликте курамына министр (төрага), Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, статс-катчы, министрдин орун басарлары жа-
на башка агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери кирген 11 адамдан тур-
ган коллегия түзүлөт. Министр, статскатчы, министрдин орун басарлары
коллегиянын курамына кызмат боюнча кирет. Коллегиянын жеке курамын кал-
ган мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри бекитет.
21. Министрликтин коллегиясы өзүнүн заседаниелеринде айыл, суу
чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарынын, жер жана аг-
рардык реформаны өнүктүрүүнүн эњ маанилүү проблемаларын карайт, респуб-
ликалык, райондук уюмдардын, мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин
алардын иштери жана аларга тапшырылган милдеттердин, функциялардын ат-
карылышы тууралуу отчетторун угат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
22. Министрликтин коллегиясынын чечими министрдин буйругу менен
бекитилет. Коллегиянын иш тартиби министр тарабынан бекитилген жобого
ылайык аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-майындагы
№ 164 токтомуна № 2
тиркеме
Кыргыз Респуликасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ
-------------------------------
|Кыргыз Республикасынын Айыл, |
|суу чарба жана кайра иштетүү |
| өнөр жай министрлиги |
-------------------------------
|
-----------------------------------------------------------------------
| | | | | |
| ------------ ------------------------------- |-------------- | |
| |Кыргыз | |Мамветеренария ||Суу чарба | ||Өсүмдүктөрдү| | |
|--|Ирригация | |департаменти ||департамен-| ||химиялашты- | | |
| |ИИИ | |----------------||ти | ||руу, коргоо | | |
| ------------ |Республикалык |------------- ||жана | | |
| ------------- |борбордук |--------------||карантин | | |
| |Кыргыз | |мамветлаборато- ||Суу чарбанын|||департаменти| | |
|--|Дыйканчылык| |рия ||бассейндик ||-------------- | |
| |ИИИ | |----------------||башкармалык-||--------------- | |
| ------------- |Айылсуучарба- ||тары |||Өсүмдүктөрдүн| | |
| ------------- |мин жана ИИМ |--------------||карантини | | |
| |Кыргыз | |чегарада жана |--------------||боюнча | | |
| |Мал чарба, | |транспортто ||Суу чарбанын|||маминспекция | | |
|--|ветеринария| |мамветкөзөмөл ||райондук ||--------------- | |
| |жана жайыт | ------------------|бөлүмдөрү ||-------------- | |
| |жерлери ИИИ| -------------- --------------||Өсүмдүктөрдү| | |
| ------------- |Мамветерина-| ------------ ||коргоо жана | | |
| ------------- |риянын | |Агрардык | ||карантини | | |
| |Мамлекеттик| |региондук | |саясаттын |---|региондор | | |
|--|айыл чарба | |башкармалык-| |региондук | |аралык, | | |
| |ишканалары | |тары | |кызматтары| |райондук | | |
| ------------- -------------- ------------ |станциялар | | |
| --------------- | ------------ -------------- | |
| |Республикалык| --------------- |Агрардык | --------------- | |
--|илимий айыл | |Мамветерина- | |өнүктүрүү-| |Өсүмдүктөрдү | | |
|чарба китеп | |риянын | |нүн | |жана жаныбар-|-- |
|канасы | |райондук жана| |райондук | |ларды | |
--------------- |шаардык | |башкарма- | |коргоонун | |
|башкармалык- | |лыктары | |биокаражатта-| |
|тары | ------------ |рын чыгаруу | |
--------------- |боюнча борбор| |
| --------------- |
----------------- |
|Райондор аралык| |
|жана райондук | |
|ветлабаратория-| |
|лар | |
----------------- |
|
-----------------------------------------------------------------|
| | | |
----------- -------------- ---------------- ------------------- |
|Суу менен| |Балык чарба | |Спирт жана | |Жайыт департамен-|-|
|камсыздоо| |департаменти| |алкоголдук | |ти | |
|айылдык | -------------- |продукцияны | ------------------- |
|департа- | ------------ |чыгарууга, | ----------------- |
|менти | |Тоњ балык | |сактоого жана | |Башкы мамлекет-| |
----------- |улоо | |сатууга боюнча| |тик техникалык |---|
----------- |заводу | |мамагенттик | |инспекция | |
|Айылсуу- | ------------ ---------------- ----------------- |
|камсыздоо| ------------------------------ --------------- |
|аймактык | |Балык чарбалары:||"Алкопром"| |Республикалык| |
|бөлүмдөрү| |Өзгөн, Токтогул,||мамишкана |- |үрөн |-----|
----------- |Базаркоргон, |------------| |маминспекция | |
|Талас, Соњкөл, |------------| --------------- |
|Үчтерек ||"Кристалл"|| --------------- |
------------------|спирт арак|| |Республикалык| |
|заводу" МИ|| |пахта үрөн |-----|
------------| |маминспекция | |
------------| --------------- |
|"Каракол" || ----------------- |
|спирт арак|- |Курулуш текше- | |
|заводу" МИ| |рүү боюнча |---|
------------ |мамкомиссия | |
----------------- |
---------------------------------------------------------
| | |
--------------------- ----------------- -----------------
|Буудай жана кайра | |"Айылмаалымат" | |Токтогул району|
|иштетүү продуктыла-| |маалыматтык- | |боюнча атайын |
|рына экспертиза | |эсептөө борбору| |фонд |
|жүргүзүү борбору | ----------------- -----------------
---------------------
Эскертүү: - (*) "Эпизоотияга каршы иш-чаралар" статьясы боюнча
республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат;
- сызыкча рамкалардын ичиндеги уюмдар, чарбалык эсепте турушат.