Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 11-майы № 168

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

     "Калк менен акчалай эсептешүү жүргүзүүдө контролдук-кассалык

         машиналарды колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу

            жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З № 1689-II

               токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

               Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

                     токтомунун долбоору тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Калк  менен  акчалай  эсептешүү жүргүзүүдө контролдук-кассалык

машиналарды колдонуу  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республи-

касынын Жогорку  Кењешинин  Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-ию-

нундагы 3  №  1689-II  токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун долбоору жактырылсын.

     2. Аталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

     3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча  мамлекет-

тик  комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-

мий өкүлү болуп дайындалсын.

 

      Премьер-министр                                  А.Атамбаев

 

 

                                                                Долбоор

 

 

           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу

      жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы 3 № 1689-11 "Калк менен

     акчалай эсептешүү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды

          колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна

                    толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-

нын 2004-жылдын  25-июнундагы З № 1689-II "Калк менен акчалай эсептешүү

жүргүзүүдө контролдук-кассалык  машиналарды колдонуу жөнүндө жобону бе-

китүү тууралуу"  токтому  менен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүү

жүргүзүүдө контролдук-кассалык  машиналарды колдонуу жөнүндө жобого тө-

мөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

     4-пункттун экинчи  бөлүгү  төмөнкүдөй  мазмундагы  "з)" жана "и)"

пунктчалары менен толукталсын:

     "- з) кошумча нарк салыгынын суммасын;

     - и) калкка акы төлөмө кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жана чекене

соодадан салык суммасын.".

     2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы