Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 14-майы № 173
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
“Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам
долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А. Атамбаев