КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 16-майы № 178 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын түзүлгөндүгүнүн 130 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-январындагы № 7 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынынтүзүлгөндүгүнүн 130 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоожана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын11-январындагы № 7 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: - Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынынтүзүлгөн күнүнүн 130 жылдыгына даярдык керүү жана өткөрүү боюнча рес-публикалык уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык редакцияда бе-рилсин; - аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жалалабатоблусунун Жалалабат шаарынын түзүлгөн күнүнүн түзүлгөн күнүнүн 130 жыл-дыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планында: 34-пунктунда: "Аткаруучулар" графасында ", Айылсуучарбамин" деген сөз алып са-лынсын; "Каржылоо булагы" графасында "Республикалык жана" деген сез алыпсалынсын; 79-пунктунда: "Аткаруучулар" графасында ", Облустук суу пайдалануу башкармалыгы(ОСБ)" деген сөздөр алып салынсын; "Каржылоо булагы" графасында "Облустук суу пайдалануу башкармалы-гынын (ОСБ) каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр "Жергиликтүү бюджет-тин эсебинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 178 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын түзүлгөн күнүнүн 130 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Айдаралиев И.Р. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, уюштуруу комитетинин төра- гасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Батыров К.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты (макулдашуу боюнча); Ташиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты (макулдашуу боюнча); Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри; Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми- нистри; Жеенбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри; Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Мамасалиев Д.М. - Жалалабат шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ногойбаев А.К. - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкармалыгынын начальниги; Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; Султанбеков А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкармалыгынын уюштуруу иш- тери боюнча инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы.