Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 14-майы № 174
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо
киргизилсин:
121-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"8. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү салык төлөөчү субъ-
ект бюджетке КНС төлөгөн учурда товарлардын, жумуштардын, кызмат
көрсөтүүлөрдүн экспортун кошпогондо, ушул Кодекстин 139-статьясынын
3-бөлүгүнө ылайык берилүүчү жана жеткирүү максаты үчүн өндүрүштө пайда-
ланылуучу сатып алынган материалдык ресурстардын наркынан 3 процент
өлчөмүндө белгиленген чегерүүгө укугу бар.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти