Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 19-майы № 183 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жыллын 23-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу. органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу “Жергиликтүү кењештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”,“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жана “Муниципалдык кызмат жөнүндө” КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүи КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №91“Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтыкнускамаларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген КыргызРеспубликасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликгүү өз алдынчабашкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларынынVI бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы экничи жана үчүнчү абзацтар менентолукталсын: “- мамлекеттик кызматта болууга; - адмнистрациялык муниципалдык кызматты саясий муниципалдык кызматменен айкалыштырууга;”. Премьер-министр А. Атамбаев