Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-майы № 188
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Корпоративдик башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле акциялардын мам-
лекеттик пакети бар акционердик коомдордо башкаруу органдарын түзүү
тартибинин маселелери боюнча бирдей саясат жүргүзүү максатында, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен аны шашылыш
катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 2-статья-
сына ылайык кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аталган мыйзам долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жарчычы, 2003-жыл,
№ 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 36-статьясынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген мамле-
кеттик кызматчылар акциялардын мамлекеттик пакети бар коомдо директор-
лор кењешинин же текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло алышат.
Коомдун директорлор кењешинин же текшерүү комиссиясынын курамына
шайлоо үчүн мамлекеттик кызматчыларды тандоонун жана алардын кандидату-
раларын киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 53-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм
менен толукталсын:
"Директорлор кењешинин курамына кирген мамлекеттик кызматчыларга
алардын коомдун директорлор кењешинин мүчөсүнүн функцияларын аткаруусу-
на байланыштуу чыгымдары компенсацияланат, ал эми акы төлөнбөйт.".
3. 62-статьяда:
1-пункту "же ушул Мыйзамда" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Текшерүү комиссиясынын курамына кирген мамлекеттик кызматчылар
текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн милдетин аткаргандык үчүн акы алууга
укугу жок.".
2-статья.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркин-Тоо" гезити, 2004-жылдын 24-августу, № 71-72) төмөнкүдөй өзгөр-
түү киргизилсин:
11-статьясынын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызматчылар менчигинин формасына карабастан ишкана-
ларда кызмат орундарды ээлей алышпайт, ошондой эле мыйзамда каралгандан
башка учурда коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарына кире алыш-
пайт.".
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
4-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти