Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-майы № 189
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз
Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
зам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз
Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү
тууралуу
1-статья.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын ко-
дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,
1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. "Башкаруу тартибине шек келтирген администрациялык укук бузуу-
лар" деген 29-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 409-1-статья менен толук-
талсын:
"409-1-статья. Маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди бузуу
Жооптуу адамдардын Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарды калкка берүү
боюнча милдеттерди бузушу, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администра-
циялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статья "404-406" деген сандардан кийин "409-1" деген сан
менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти