Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-мартындагы N 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 26-майы №194 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толук-тоо киргизилсин: 147-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы 10-пункт менен то-лукталсын: "10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартиптекалкка берүү үчүн импорттолуучу жаратылыш газы.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти