Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 176
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында "Экобанк" ачык акционердик коомундагы пилоттук долбоордун алкагында Каржылоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылуучу салык салуу жана операцияларды эсепке алуу жана салыктык эмес төлөмдөрүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр III. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык салык салуунун жана операциялардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү IV. Салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө тартиби I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы №373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун исламдык принциптерин кир-гизүүнүн пилоттук долбоору жөнүндө"
Жарлыгына жана 2006-жылдын 16-ма-йындагы Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана финансылоонукиргизүү жагынан Кыргыз Республикасынын жана Ислам өнүктүрүү банкынынжана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өзара түшүнүшүүжөнүндө Меморандумга (мындан ары -Меморандум) жана Кыргыз Республикасы-нын башка укуктук нормативдик актыларына ылайык иштелип чыккан. 1.1. Бул Жобо Меморандумдун шарттарына ылайык пилоттук долбоордуналкагында каржылоонун исламдык принциптерине ылайык "Экобанк" ачык ак-ционердик коомунун (мындан ары - Банк) филиалы/бөлүмү жана Банктынконтрагенттери тарабынан иш-аракеттин айрым түрлөрүн жүргүзүүдө салыксалуу тартибин жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнү белгилейт. II. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр 2. "Мудараба" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-шим, ага ылайык биринчи тарап - инвестор активдерди (акча каражатын)берет, ал эми экинчи тарап - ишкер аларды алат жана аны киреше алуу жа-на аны келишимге ылайык тараптар ортосунда бөлүштүрүү максатында өздүкэмгек ресурстарын колдонуу менен пайдаланат. 2.1. "Шарика" - эки же андан ашык тараптын ортосундагы өнөктөштүкжөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөк белгилүү активдерди салат, булар бир өнөккө келишимге ылайык кирешени бөлүштүрүү шартында ушул актив-дерди пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми зыянды ар бирөнөк компаниянын жалпы капиталына өзүнүн кошкон салымына ылайык тартат. 2.2. "Мушарака" - "Шарика" келишиминин негизинде өнөктөштүктүнформасы, мында өнөктөрдүн бири үлүшкө менчик укугу ага толук өткөнгөчейин башка өнөктүн үлүшүн акырындык менен сатып алууга убада берет. 2.3. "Мурабаха" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө ке-лишим, ага ылайык кардардын өтүнүчү боюнча Банк сатып алган актив ошолкардарга жеткирилет. Мында Банк тарабынан активди жеткирүү баасын та-раптар жагынан сатып алуу баасынын суммасы жана тараптар макулдашканкелишимге кошумча баа катары аныкташат. 2.4. "Иджара" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-шим, ага ылайык ижарага берүүчү (Банк) сатып алган жабдуулар же башкамүлк ижарага алуучуга убактылуу пайдаланууга жана акы төлөө негизиндемакулдашылган мөөнөткө пайдаланууга мүлктүк жалдоого (ижарага) берилет. 2.5. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" - эки тараптын ортосундагыөнөктөштүк жөнүндө келишим, "Иджара" келишимин ичине камтыйт, ага ыла-йык кардар мурда ижарага (убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга) ал-ган мүлктү сатып алуу же "Иджара" келишиминин колдонулуу мөөнөтүбүткөндөн кийин же келишим колдонулган мезгилдин ичинде этабы мененмүлктү сатып алууга укуктуу болот. 2.6. "Истиснаа" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө ке-лишим, ага ылайык Банктын кардарынын арызы боюнча өндүрүүчү же курулушподрядчы менен өзүнүн атынан жасоого же курууга келишим түзөт. Иш аяк-тагандан кийин Банк мүлктү кардар - заказчыга сатат. 2.7. "Салам" - эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө кели-шим, ага ылайык Банктын кардарынын арызы боюнча келишим түзгөн учурдаактивдин наркын төлөп берүү шартында мөөнөтү жылдырылган жеткирүүнүннегизинде активди сатып алат. 2.8. "Параллель Салам" - өнөктөштүк жөнүндө келишим, ага ылайыкБанк активдерди жеткирүү жөнүндө үчүнчү жак менен келишим түзөт, алар-дын өзгөчөлүгү жеткирүүчү менен биринчи "Салам" келишиминде аныкталганөзгөчөлүккө ылайык келет, мында экинчи "Салам" келишимин аткаруу бирин-чи "Салам" келишимин аткарууга көз каранды болбойт. 2.9. "Активдер" - акча каражаттар (капитал), мүлк (имараттар, ку-рулмалар, жабдуулар ж.б.), товарлар жана башкалар. 2.10. "Финансылык кызмат көрсөтүүлөр" - ссудаларды берүү жана которуу, заемдорду, кредиттерди, кредиттиккепилдиктерди берүү жана өткөрүп берүү боюнча операциялар, ошондой элекредиторлор тарабынан заемдорду, кредиттерди же кредиттик кепилдиктердибашкарууну кошуп алганда акчалай кепилдиктерин берүү; - депозиттер жана учурдагы эсептер, ошондой эле башка эсептер,төлөмдөр, котормолор, карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялыкжүгүртүлүүчү төлөмдүк каражаттар менен операция жүргүзүү, инкассо жанафакторинг боюнча операциялар; - алтын монета жана коллекциялык нускалардан тышкары мыйзамдуутөлөм каражаттары болуп эсептелген валюта, банкноттор жана акча кара-жаттар менен операциялар; - акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар, ошондой элебаалуу кагаздарды сактоону камсыз кылуу боюнча кызматтарды кошпогондоакциздик маркалар менен операциялар; - инвестициялык фонддорду башкаруу; - каржылоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылуучу операци-ялар. Каржылоонун исламдык принциптери боюнча жүргүзүлүүчү финансылыккызмат көрсөтүүлөр деп ушул Жобонун II, III главаларында көрсөтүлгөнкелишимдер боюнча жүргүзүлгөн операциялар түшүнүлөт. 2.11. "Негизги каражаттар" - экономикалык ишмердикте пайдаланууүчүн пайдаланган же арналган актив, ал түзгөн пайдалануунун же эксплуа-тациялоонун мөөнөтү бир жылдан ашык, наркы 10000 сомдон ашык, ал эмиимпорттоодо бажылык наркы 100000 сомдон кем эмес товарларга, иштергежана кызматтарга өзүнүн наркын бара-бара которот. III. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык салык салуунун жана операциялардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 3. "Мудараба" келишими төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: - "Чектелген "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвесторишкер тарабынан инвестициялоо үчүн активдердин түрлөрүнүн тизмесин бел-гилейт; - "Чектелбеген "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча ишкерөзүнүн билимине, тажрыйбасына ылайык, келишимдин алкагында жана кели-шимдин предметине ылайык эч кандай чектөөсүз инвестициялоо үчүн объект-терди өз алдынча аныктайт; - "Ачык "Мудараба" - келишим, анын шарттарына ылайык инвестор би-ринчи талап боюнча ишкерден ага берилген активдерди мөөнөтүнөн мурдаалууга укуктуу. Мындай учурда инвестор кирешенин бир бөлүгүн талап кылаалбайт; - "Жабык "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор кели-шимде аныкталган мөөнөтү келгенден кийин гана ишкерге берилген актив-дерди талап кылууга укуктуу. Мындай учурда инвестор келишимде аныктал-ган кирешенин бир бөлүгүн алууга укуктуу. - "Атайын "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор(Банк) ишкер тарабынан ага берилген активдерди пайдалануу режимин башкаинвесторлор берген каражаттан өзүнчө белгилейт, аларды бириктирүүгөукук бербейт. Мындай учурда инвестор өзү берген акча каражатын жана иш-кердин эмгек ресурстарын пайдалануу менен гана алынган кирешенин бирбөлүгүн алууга укуктуу. - "Жалпы "Мудараба" - келишим, анын шарттары боюнча инвестор ишкертарабынан ага берилген активдерди пайдалануунун режимин белгилейт, иш-кер аларды башка инвесторлор берген активдин жалпы көлөмүнө киргизүүгөукуктуу. Мындай учурда инвестор берилген бардык активдин жана ишкердинэмгек ресурстарын пайдалануу менен алынган кирешенин бир бөлүгүнө укук-туу. 3.1. "Мудараба" келишими боюнча тараптардын ар биринин кирешесиинвестор берген активди пайдалануунун натыйжасында ишкер алган киреше-нин проценттик катышы менен аныкталат. Тараптар ортосунда кирешени бөлүштүрүү тартиби келишимде алдын-алааныкталууга тийиш. 3.1.1. Эгерде келишимди аткаруу натыйжасында ишкер зыян тартыпкалса, инвестор берилген активдин өлчөмүндө зыян тартат. Зыяндыбөлүштүрүүнүн бул эрежеси зыян ишкердин күнөөсү менен болбогон учурдаколдонулат. Ишкердин күнөөсүнүн даражасы Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык сот органдары тарабынан аныкталат. 3.1.2. Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө зыян ишкердин туураэмес аракетинин аракетсиздигинин натыйжасында келип чыкса, мындай зыянишкердин эсебинен жабылууга тийиш. Мында инвестор ишкерден ага келишимбоюнча мурда берилген камсыз кылуу эсебинен алынган активдин наркын, алэми ал жетишсиз болсо, анда ишкердин башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүпалууга укуктуу. 3.1.3. "Мудараба" келишими боюнча киреше "Мудараба" келишимининколдонулушу бүтүп жана долбоордон акыркы натыйжа алынгандан кийин эсеп-ке алынат же аралыктагы натыйжа түрүндө Банк тарабынан алынышы мүмкүн,ал ишеничтүү түрдө бааланышы мүмкүн жана келишимдин шарттары боюнчаБанк тарабынан алынышы мүмкүн. 3.1.4. Зыян Банктын активдеринде эске алынуучу инвестициялардыназайтылган суммасы катары таанылат жана келишимди камсыз кылуу үчүн ка-был алынган заемдук мүлктү банк тарабынан сатылуудан "Мудараба" келиши-ми боюнча карызды жоюга түшкөн суммаларды эске алуу менен Банк түзгөнрезервдин эсебинен эсептен чыгарылат. 3.1.5. "Мудараба" келишими боюнча операциялар финансы кызматтарынатењештирилет. 3.1.6. Банк "Мудараба" келишими боюнча алган кирешелер Банктынжалпы жылдык кирешесине кошулууга тийиш. 3.1.7. Банк "Мудараба" келишими боюнча алган чыгаша Банктын жалпыжылдык кирешесинен чыгарылууга тийиш. 3.1.8. "Мудараба" келишими боюнча Банк жеке адамдарга төлөпберүүчү киреше банктагы салымдар боюнча процентке карата тењештирилетжана төлөм булагынан, ошондой эле киреше салыгы алынбайт. 3.1.9. "Мудараба" келишими боюнча юридикалык жактарга Банк төлөпберүүчү киреше банктагы салымдар боюнча процентке карата тењештирилетжана төлөм булактарынан салык алынат. 3.1.10. "Мудараба" келишими боюнча жайгаштырылган активдер кара-жаттын кайтарылбай калуу тобокелин (кредиттик тобокел) тартат. Актив-дердин ошол түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу-га резерв түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготууну жабуу-га багытталган Банк чыгымдары жалпы жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш. 3.1.11. Ишкердин-юридикалык жактын бухгалтердик эсебинде "Мудара-ба" келишими боюнча Банкка тийиштүү кирешесинин суммасы мезгилдин чы-гымдары деп таанылат. 3.2. "Шарика" келишими негизги эки категория боюнча классификация-ланат: 1) юридикалык жак түзбөстөн катышуучуларды бириктирүү; 2) юридикалык жак түзүү менен катышуучуларды бириктирүү, аныничинде: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өнөктөштүкшериктештиктер жана (же) юридикалык жактар. 3.2.1. "Шарика" келишими ар бир өнөктүн взносуна жараша алынганпайданын үлүшү түрүндө пайданы бөлүштүрүү тартибин карайт, пайда турук-туу акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. 3.2.2. "Шарика" жана "Мушарак" келишиминин алкагында инвестицияларбоюнча алынган Банктын пайдасы дивиденд түрүндөгү финансылык жыйынтык-тар боюнча таанылат, алардан салык алууга болбойт (юридикалык жактарпайдага салык төлөйт, андан кийин катышуучуларга дивиденддерди төлөпберет), бул жерде жөнөкөй шериктештик эске алынган жок - мында ар биршерик өзүнүн киреше үлүшүнөн пайдага салыгын төлөйт. 3.2.3. "Шарика" жана "Мушарака" келишими боюнча операциялар финан-сылык кызматтарга тењештерилет. 3.2.4. "Шарика" жана "Мушарака" келишимдери боюнча жайгашкан ак-тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнөалат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-дарды жабууга резервди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жого-тууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеденчыгарылып салынат. 3.2.5. "Шарика" келишимин түзүүдө юридикалык жактарды түзүү мененкатышуучуларды бириктирүү юридикалык жактын кайра түзүлүшүнө бухгалтер-дик эсепти МСФОго ылайык жүргүзөт. Өнөгү өзүнүн жеке финансылык отчеттуулугунда "Консолидацияланганжана өзүнчө финансылык отчеттуулук" МСФО 27ге, "Ассоциацияланган уюм-дарга инвестициялар" МСФО 28ге, "Финансылык каражаттар - таануу жанабаалоо" МСФО 39га ылайык кошкон капиталынын үлүшүнө жараша жањыдан ую-шулган ишканада үлүшүнүн эсебин жүргүзөт. "Шарика" келишимин түзүүдө юридикалык жак түзбөстөн катышуучулардыбириктирүүдө өнөк "Биргелешкен иш-аракетке катышуу" МСФО 31дин талапта-рына ылайык жумшалган каражаттардын эсебин жүргүзөт. МСФО 31дин талабына ылайык биргелешкен ишмердик ар түрдүү форма-ларда жүргүзүлөт. Биргелешкен иш-аракеттин айрым түрлөрү ишкердин ак-тивдерин жана башка ресурстарды пайдаланууну билдирет. Ишкерлерденөзүнчө корпорацияны, шериктештикти же башка уюмду, же финансылыктүзүмдү түзбөстөн, биргелешкен ишкердиктин айрым түрлөрү ишкердин ак-тивдерин жана башка ресурстарын пайдаланууну карайт. Ар бир ишкерөзүнүн негизги менчик каражаттарын пайдаланат жана өзүнүн менчик запас-тарын түзөт. Ал ошондой эле өзүнүн жеке чыгымдарын жана милдеттенмеле-рин тартат жана өзүнүн жеке финансысына ээ болот, ал өзүнүн милдеттен-месин билдирет. Биргелешкен ишаракеттер ишкердин жалданма кызматкерлеритарабынан анын өзүнүн ошондой эле ишкердиги менен катар жүргүзүлүшүмүмкүн. Биргелешкен ишмердикти уюштуруу жөнүндө макулдашуу адатта каражат-тардын болушун карайт, анын жардамы менен биргелешкен продуктту сатуу-дан түшкөн каражат жана тарткан ар кандай чыгымдар ишкерлер ортосундабөлүштүрүлөт. Биргелешкен ишмердиктин өзү үчүн айрым эсептик жазуулар талап кы-лынбашы мүмкүн, ошондой эле финансылык отчеттуулук түзүлбөйт. Бирок иш-керлер биргелешкен ишмердиктин жыйынтыгына баа берүү үчүн башкарууэсептерин түзө алышат. Өнөк өзүнүн катышуу үлүшүнө карата өзүнүн эсептерин киргизет жанаөзүнүн финансылык отчетторун тааныйт: - инвестиция катары эмес, активдердин мүнөзүнө ылайык классифика-циялатуучу бирге контролдонуучу активдердин өзүнчө үлүшү. Мисалы, биргеконтролго алынган нефтепроводдогу үлүш негизги каражат катары классифи-кацияланат; - ал кабыл алган, мисалы өзүнүн активдеринин үлүшүн каржылоого ка-рата ар кандай милдеттенмелер; - биргелешкен ишкерликке карата башка ишкерлер менен катар кабылалынган ар кандай жагдайлардагы өз үлүшү; - биргелешкен иш-аракетке байланыштуу тарткан ар кандай чыгымдар-дагы өзүнүн үлүшү менен бирге биргелешкен иш-аракеттердин жыйынтыгындаөндүрүлгөн продукциядагы өз үлүшүн сатуудан же пайдалануудан алынган аркандай киреше; - ал биргелешкен иш-аракетке катышуудан өз үлүшүнө карата, мисалыишкердин активдердеги үлүшүн каржылоого жана өзү чыгарган продукциядагыүлүшүн сатуудагы өзүнүн үлүшүнө карата тарткан ар кандай чыгымдар. 3.3. Банк коммерциялык операцияны каржылайт - өзүнүн атынан жанаөз эсебинен кардардын заказы боюнча активди кийин аны кардарга сатууменен сатып алат. Мында Банк финансы операциясынын бүткүл тобокелинөзүнө алат. 3.3.1. "Мурабаха" келишими боюнча кардарга актив сатууда Банк ак-тивдин ээси катары чыгат. 3.3.2. "Мурабаха" келишими боюнча активдин баасын төлөп берүү кыс-ка мөөнөттүү же узак мөөнөттү негизде туруктуу взностор мененжүргүзүлүшү мүмкүн. Келишим түзүлгөндөн кийин Банк мөөнөтү өткөн жетөлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча акы талап кыла албайт. 3.3.3. Банк белгилүү сатуучу менен активди сатып өткөрүүгө келишимтүзөт, мында келишимде "Мурабаха" келишими боюнча кардарга кийинки жет-кирүү үчүн Банк активди сатып алууну каржылай ала тургандыгыкөрсөтүлөт. 3.3.4. "Мурабаха" келишими боюнча Банк тарабынан актив берүү фи-нансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүү болупсаналат. 3.3.5. "Мурабаха" келишими боюнча жайгашкан активдер каражаттардыкайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнө алат. Бул активдердинтүрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабууга резервдер-ди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жоготууларын жабууга ба-гытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеден чыгарылууга тийиш. 3.3.6. "Мурабаха" келишими боюнча Банк тарабынан негизги каражат-тарды импорттого жана аларды кардарга кийинки жеткирүүгө КНС алынбайт. 3.3.7. Банк "Мурабаха" келишимин аткарууда: - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салыктөлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт; - Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынанавтомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-да болбойт; - ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банктарабынан алынат. 3.3.8. Айрым активдерди сатып алууда Банк менчик укугун каттоо за-рыл болгондуктан мамлекеттик алымдар жана салыктык эмес башка төлөмдөркаттоо жүргүзүлгөндүгү үчүн түпкү сатып алуучу - кардарга менчик укугункайра каттоодо бир жолу алынат. 3.4. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча операциялар фи-нансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүү болупсаналат. 3.4.1. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча Банк тарабынаннегизги каражаттарды импорттого жана аларды кардарга кийинки жеткирүүгөКНС алынбайт. 3.4.2. "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими боюнча жайгашкан ак-тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнөалат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу -жоготууларды жана зыян-дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеденчыгарылууга тийиш. 3.4.3. Банк "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишимин аткарууда: - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салыктөлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт; - Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынанавтомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-да болбойт; - ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банктарабынан алынат. 3.4.4. Бухгалтердик эсепте "Иджара Мунтахийя Биттамлик" келишими-нин бүтүмдөрүн чагылдырууда "Ижара" МСФО 17нин талаптары колдонулат. 3.5. Заказчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөсү бар активди чы-гаруу "Истиснаа" келишиминин предмети болуп саналат жана өндүрүүчүшартталган өзгөчөлүк боюнча макулдук берет. 3.5.1. "Параллель Истиснаа" келишими боюнча бүтүмдөр өзүнчө экикелишимдин жардамы менен колдонулат. Биринчи келишимде Банк жеткирүүчүкатары чыгып, заказчы менен келишим түзөт. Экинчи келишимде Банк сатыпалуучу катары чыгат жана биринчи келишимдин чегинде өзү түзгөн конт-ракттык милдеттенмелерди аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы жежеткирүүчү менен келишим түзөт. Мындай бүтүмдөрдү аткаруунун процессин-де Банк эки келишим ортосундагы баалардын айырмасынын эсебинен пайдакөрөт. Келишимдердин биринчиси дароо түзүлөт (анткени Банк даярдоочу,курулуш подрядчысы же жеткирүүчү менен түзгөн "Истиснаа" келишими), алэми экинчи келишим (б.а. заказчы менен келишим) кийинчерээк түзүлөт. - Өндүрүүчү, курулуш-подрядчысы - ишкерлик кылган юридикалык жежеке жак. - Кардар - юридикалык же жеке жак, ал белгилүү спецификация боюнчакелишим предметинин даярдалышын заказ кылат. 3.5.2. "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" келишимдери боюнчаоперациялар финансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулганжеткирүү болуп саналат. 3.5.3. "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" боюнча жайгашкан ак-тивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнөалат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеденчыгарылууга тийиш. 3.5.4. Банк "Истиснаа" жана "Параллель Истиснаа" келишимдерин ат-карууда: - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салыктөлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт; - Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынанавтомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-да болбойт; - ӨКЖФга чегерүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банктарабынан алынат. 3.5.5. Айрым активдерди сатып алууда банк менчик укугун, мамлекет-тик алымдарды жана каттоо үчүн кармалган башка салыктык эмес төлөмдөрдүкаттатуусу зарыл болгондуктан, түпкү сатып алуучу-кардарга менчик уку-гун толтурууда бир жолу кайра каттоо акысы алынат. 3.6. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдердин чегинде Банк ак-тивдин сатып алуусун жана анын кардардын арызы боюнча кийинки жет-кирүүсүн жүргүзөт жана сатып алуучу, ошондой эле сатуучу катары чыгышымүмкүн. 3.6.1. "Салам" келишиминин чегиндеги баа ал түзүлгөн учурда дароотөлөнөт. Айрым бир учурларда акы төлөө 3 күнгө чейин узартылышы мүмкүн,бирок ал тыныгуу мөөнөтү "Салам" келишиминин мөөнөтүнө барабар же анданашпаган же анын аткарылышын токтоткон шартында "Салам" келишиминин ат-карылышына таасирин тийгизбөөгө тийиш. 3.6.2. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдери боюнча операция-лар финансы кызматтарына тењештирилет жана КНСтен бошотулган жеткирүүболуп саналат. 3.6.3. "Салам" жана "Параллель салам" келишимдери боюнча жайгашканактивдер каражаттарды кайтарбоо тобокелдигин (кредиттик тобокел) өзүнөалат. Бул активдердин түрүнө Банк потенциалдуу жоготууларды жана зыян-дарды жабууга резервдерди түзөт. Потенциалдуу кредиттик жана лизинг жо-готууларын жабууга багытталган Банктын чыгымдары жалпы жылдык кирешеденчыгарылууга тийиш. 3.6.4. Банк "Салам" жана "Параллель салам" келишимдерин аткарууда: - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана чекене сатуу үчүн салыктөлөө боюнча милдеттенмелер пайда болбойт; - Банктын проценттик кирешелери сыяктуу кошулган баа суммасынанавтомобиль жолдорун пайдаланууга салык төлөө боюнча милдеттенмелер пай-да болбойт; - ӨКЖФга чөгөрүүлөр кошулган баа суммасынан (кирешеден) гана Банктарабынан алынат. 3.6.5. Банк айрым активдерди сатып алууда менчик укугун каттоого,мамлекеттик алымдарды жана катталгандыгы үчүн салыктык эмес башкатөлөмдөрдү төлөө зарыл болгондуктан, түпкү сатып алуучу кардарга менчикукугун кайра каттоодо бир жолу жүргүзүлөт. IV. Салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө тартиби 4. Пилоттук долбоордун алкагында каржылоонун исламдык принциптерибоюнча бүтүм түзүүдө салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө төмөнкүдөй тартиптежүргүзүлөт: 4.1. Банкка активди менчиктөө укугу өткөн бүтүмдөр боюнча кийин алкардарга сатылат, жыйымдар, башкача айтканда бир жолку мүнөз алыпжүргөн мамлекеттик жана башка органдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарүчүн милдеттүү акчалай салымдар (мамлекеттик пошлинаны кошуп алганда)алынбайт. 4.2. Банк активди менчиктөө укугун өзүнүн кардарларына өткөрүпберген бүтүмдөр боюнча жыйымдын өлчөмү, башкача айтканда бир жолкумүнөздөгү жүргөн мамлекеттик жана башка органдар тарабынан көрсөтүлгөнкызматтар үчүн милдеттүү акчалай салымдар (мамлекеттик пошлинаны кошупалганда) эгер жогоруда аталган бүтүм боюнча тиешелүү түрдө сатуучу бол-гон тараптар - мурда Банкка активди саткан (өткөрүп берген) адам, алэми сатып алуучу -Банктан активди сатып алган адамдар үчүн Кыргыз Рес-публикасынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленген сумманытүзөт. 4.3. Салыктык эмес төлөмдөрдү алуунун ушул тартиби бардык мамле-кеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерге, анын ичинде Кыргыз Республи-касынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-туу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Кор-гоо министрлиги, нотариалдык конторалар сыяктуу органдарга тиешелүү.