Сравнение редакций…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 29-майы № 199
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 24-ноябрында "Раимбердиев атындагы шахта"
жоопкерчилиги чектелген коомдо жер астындагы иштөө учурунда
болгон авариянын жагдайын жана себептерин изилдөө боюнча
өкмөттүк комиссиянын ишинин жыйынтыгы жана Кыргыз
Республикасында опурталдуу өндүрүштүк объектилердеги өнөр
жайлык коопсуздукту мамлекеттик көзөмөлдөөнү жакшыртуу
боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Баткен облу-
сунун Сүлүктү шаарында 2006-жылдын 24-ноябрында "Раимбердиев атындагы
шахта" жоопкерчилиги чектелген коомдо жер астындагы иштөө учурунда бол-
гон авариянын жагдайын жана себептерин изилдөө боюнча өкмөттүк комисси-
янын актысын карап чыгып, авария шахтанын кызматкерлери жана бөтөн
адамдар жер астындагы иштетилип жаткан газдуу жайга жазуу жүзүндөгү
уруксат-тапшырмасыз киргендиктен болгондугун белгилейт. Эмгектик жана
өндүрүштүк коопсуздук жөнүндө мыйзамдык актыларды бузууга жол берген
жана бир топ адамдын өлүмүнө дуушар кылган кырсык үчүн жооптуу адамдар
болуп "Раимбердиев атындагы шахта" жоопкерчилиги чектелген коомдун ди-
ректору жана башкы инженери эсептелишет. Аталган адамдарга карата те-
риштирүүнүн материалдары тергөө органдарына аларды жазыктык жоопкерчи-
ликке тартуу үчүн жиберилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курман болгон шахтерлордун үй-бүлө-
лөрүнө материалдык жардам берген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын иштеп жаткан көмүр ка-
зуучу уюмдарынын көпчүлүгүндө кен участоктордун ээлери көмүр кендерди
өнөр жайлык коопсуздук боюнча нормативдик документтерди одоно бузуп иш-
тетип жатышканын белгилейт.
Мындай аварияларга себептердин бири - опурталдуу өндүрүштөрдүн жа-
на объектилердин жетекчилери да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары да жер казынасын коруу жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча мыйзам-
дык актыларды сакташпагандыгы.
Ушундай кырдаалдын натыйжасында 2006-жылы опурталдуу өндүрүштүк
кен казуучу объектилерде эле 13 адам өлүп, 6 адам оор жаракат алган.
Мындан мамлекетке 7 млн. сомдон ашык суммада зыян келген.
Мындай кырсыктарды болтурбоо жана опурталдуу өндүрүштүк объекти-
лерди эксплуатациялоочу уюмдарда өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик
көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк комиссиясынын 2006-жылдын
24-ноябрында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында "Раимбердиев атындагы
шахта" жоопкерчилиги чектелген коомдо жер астындагы иштөө учурунда бол-
гон жана 5 адамдын өлүмүнө дуушар кылган авариянын жагдайын жана себеп-
терин аныктаган ишинин жыйынтыгы көњүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, "Көмүр" мамлекеттик
ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине
караштуу Өнөр жайлык коопсуздук жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекция бир айлык мөөнөттүн ичинде аварияны изилдөөнүн жыйынтыктарын
жана аварияларды болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү үчүн ушул
токтомду көмүр казуучу бардык ишканалардын жетекчилерине жеткиришсин.
3. Аймактарында көмүр кендеринин участоктору иштетилип жаткан жер-
гиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынан жер казынасын коруу жана өнөр жайлык коопсуздук
боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын жоболорун кынтыксыз
аткарууну камсыздоо талап кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- үч айдын ичинде тийиштүү ведомстволор менен бирдикте пайдалуу
казындыларды жер астында казуучу уюмдарда өнөр жайлык коопсуздуктун
абалына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзсүн жана жыйынтыгын Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте "Лицензиялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын лицензияла-
нууга тийиш болгон опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, ку-
руу, эксплуатациялоо, кењейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан
кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу боюнча иштердин түрлөрү менен
толукталган долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна анык-
талган тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин Өнөр жайдагы коопсуздук жана кен көзөмөлү бо-
юнча мамлекеттик инспекциясынын опурталдуу өндүрүштүк объектилерди экс-
плуатациялоого уруксаты болмоюнча иштетилип бүткөн шахта талааларда ко-
руудагы бүтүн калтырылган жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдала-
нууда жер казынасын пайдалануу укугуна жана ишкердик жүргүзүүгө лицен-
зияларды берүүнү токтотсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына тапшырылсын.
Премьер-министр А.Атамбаев