Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары Өкмөт үйү
2007-жылдын 29-майы № 201
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
“Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А. Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө
Бул Мыйзам эл каттоого даярдык көрүү, өткөрүү, катталуучу адамдар
жана турак жай фонду жөнүндө жекече маалыматтарды чогултуу жана
сактоонун жүрүшүндө, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун
жана Кыргыз Республикасынын калкына тандама социалдык-демографиялык
изилдөө жүргүзүүнүн (мындан ары - эл жана турак жай фондун каттоо)
жыйынтык маалыматгарын жарыялоодо жана башкача түрдө таркатууда келип
чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
1-статья. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр
колдонулат:
калкка тандама социалдык-демографиялык изилдөө жүргүзүү - Кыргыз
Республикасынын калкынын курамын, социалдык жана демографиялык
процесстерин изилдөө үчүн анын бөлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу
боюнча иш-чаралар, аны эл жана турак жай фондун каттоодо чогултуу
максатка ылайыксыз;
турак жай фонду - менчигинин түрүнө карабастан бардык турак
жайлардын жыйындысы, ага турак үйлөр, атайын үйлөр (жатаканалар,
жалгыз бой жана кары-картањдар үчүн атайын үйлөр, балдар үйлөрү,
майыптар үчүн үй-интернаттар, мектептер алдындагы интернаттар жана
мектеп-интернаттар), квартиралар, кызматтык турак жайлар жана башка
курулуштардагы жашоого жарактуу башка турак жайлар кирет;
турак жай фондун каттоо - турак жай фондунун мүнөздөмөлөрүнүн
тандалган топтому боюнча маалыматтарды чогултуу менен катар эле
үзгүлтүксүз убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак
жай фондунун бардык бирдиктерин расмий эсепке алууга (же контролдоп
баалоого) мүмкүнчүлүк берген иш-чара;
эл жана турак жай фондун каттоо - бир эле каттоо процессинин
алкагында эл жана турак жай фонду жөнүндө ошол эле учурда маалымат
алууга мүмкүнчүлүк берген иш - чара;
эл каттоо - элдин социалдык, демографиялык жана экономикалык
мүнөздөмөлөрүн чогултуу боюнча маалыматтарды алуу менен катар эле
Iзгүлтүксүз убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жашоочу
элдин санын расмий эсепке алууга (же контролдоп текшерүүгө)
мүмкүнчүлүк берген иш - чара.
2-статья. Кыргыз Республикасында эл каттоо он жылда бир жолу
дүйнөлүк эл каттоонун кезектеги раундуна туш келген мөөнөттө
жүргүзүлөт. Эл каттоо менен бир эле убакта турак жай фондун каттоо
дагы жүргүзүлөт.
Зарылчылык болгон учурда эл каттоолордун аралыгында калкты
социалдык-демографиялык жактан тандап иликтөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн.
3-статья. Эл каттоону жүргүзүү жөнүндө чечимди Кыргыз
Республикасынын Президенти, ал эми социалдык-демографиялык жактан
тандап иликтөө чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү
боюнча иш - чараларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик
органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.
Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүгө жана жүргүзүүгө
байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн Кыргыз
Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
атайын комиссия түзүлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен
тиешелүү комиссиялар түзүлөт.
4-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана
анын аймактык статистикалык бөлүмдөрү же алардын укугун улантуучулар
эл каттоону даярдоо, жүргүзүү, анын жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгуу
жана жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасында жооптуу мамлекеттик орган
болуп саналат.
Эл каттоону жүргүзүүдө статистикалык органдар төмөнкүлөрдү камсыз
кылууга милдеттүү:
- эл каттоо программаларынын объективдүүлүгүн, илимий жактан
негиздүүлүгүн, алардын эл аралык ченемдер менен стандарттарга ылайык
келишин;
- эл каттоонун материалдарын иштеп чыгуунун жыйынды
маалыматтарынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн;
- баштапкы материалдардын купуялыгын.
Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү,
алынган алгачкы маалыматтарды топтоо жана иштетүү, эл каттоонун
жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана таркатуу мезгилинде белгиленген
тартипте мамлекеттик статистика органдарынын түзүмүн өзгөртүү жана
мамлекеттик кыматкерлеринин штаттын санын көбөйтүү каралат.
5-статья. Эл жана турак жай фондун каттоо учурунда эсепке алуунун
негизги бирдиктери:
Адам - Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана
Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган
жарандыгы жок адам, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоодо
убактылуу жок Кыргыз Республикасынын жараны.
үй чарбасы - турак жайда чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзүү
аркылуу жашоо үчүн өздөрүн бардык керектүү нерселер менен камсыз
кылган, өздөрүнүн каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирип жана
чыгымдаган адамдардын же адамдар тобунун ишмердиги. Бул адамдар
никелик - үй-бүлөлүк, бир туугандык мамиледеги байланышта же болбосо
туугандык мамилелери жок байланышта болушу мүмкүн.
үй-бүлө - никеге же тууганчылыкка негизделген же чогуу
жашагандыгына, турмуш-тиричилигинин жана өз ара жоопкерчилигинин
жалпылыгына байланыштуу адамдардын бирикмеси.
Турак жай - бир же андан ашык адамдын өзүнчө бөлүнгөн, обочолонгон
кадимки жашоо үчүн орду. Турак жай же турак жай бирдиги, же
коллективдүү жашаган турак жай болушу мүмкүн.
Турак жай бирдиги - бир үй чарбасынын жашоо үчүн арналган же
арналбаган, бирок үй чарбасы же турак жай фондун каттоо учурунда жашоо
үчүн кадимкидей пайдаланган өзүнчө үй чарбасынын обочолонгон жана көз
карандысыз жашаган жери (турак үй же квартира, бөлмө).
6-статья. Эл каттоо калк жашаган турак үйлөрдү жана калк жашашы
мүмкүн болгон турак эмес курулуштарды кыдыруу жана атайын ыйгарым
укугу бар адамдар (каттоочулар, эсептөөчүлөр) ар бир адамга суроо
берүүнүн же каттоо документтеринин тиешелүү суроолоруна алардан жазуу
жүзүндөгү жооп алышынын негизинде каттоо документтерин толтуруу жолу
менен жүргүзүлөт.
үй чарбасынын (үй-бүлөнүн) жаш мүчөлөрү жана убактылуу жок адамдар
жөнүндө маалыматтарды үй чарбасынын чоњ мүчөлөрү берет.
Калктын айрым категориялары (аскер кызматчылары, түзөтүү
мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык, соода жана консулдук
өкүлчүлүктөрүнүн персоналы) тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу
белгиленген тартипте катталат.
Жашаган жерине катталгандыгына жана анын мүнөзүнө (туруктуу же
убактылуу) жана турак-жай аянтына укугуна карабастан иш жүзүндө
жашаган жери боюнча документ менен ырастабастан элдин оозеки же жазуу
жүзүндө берген маалыматтарынын негизинде каттоо документтерине
жазылат.
7-статья. Каттоо документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети тиешелүү мамлекеттик органдардын, илимий
мекемелердин жана коомдук уюмдардын катышуусу менен иштеп чыгат жана
ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте
бекитилет.
Каттоо (суроо) барактарына статистикалык жана илимий максатты гана
көздөгөн маалыматтар кирет, Каттоо иш кагазына жарандардын кайсы
расага таандыктыгы жана дин ишеними, саясий көз карашы жөнүндө
маалыматтарды алууга багытталган жана жеке жашоосунун сырын бузуучу
суроолорду киргизүүгө, суроо берүүгө тыюу салынат.
8-статья. Каттоо документтерин сыноо, эл каттоону жүргүзүүнүн
уюштурулушун жана алдыдагы эл каттоонун жыйынтык маалыматтарын иштетүү
технологиясын сыноо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен
мөөнөттө жана көлөмдө сынамык эл каттоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө
ашырылат.
9-статья. Эл каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү, алынган биринчи
маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо, эл жана турак жай фондун
каттоонун жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана таркатуу боюнча
чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка
булактардан бардык иш - чараларды өз убагында жана толук аткарууну
камсыз кылуучу өлчөмдө каржыланат.
Эл каттоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке жана шарттарга ылайык
жүзөгө ашырылат.
10-статья. Эл каттоо милдеттүү мүнөздө болот жана суралган адамдар
каттоо документтерине киргизилген суроолор боюнча талап кылынган
маалыматтарды билдирүүдөн баш тарта албайт, баш тарткан учурларда
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Сурап-билүү барагы мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат.
11-статья. Эл жанатурак жай фондун каттоонун жекече маалыматтары
купуя болуп саналат, жарыя кылынбайт жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот. Каттоочу кызматкерлер
толтурулган каттоо документтеринин мазмунун билдиришине тыюу салынат.
Жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды пайдалануу тартибин бузгандыгы
үчүн каттоочу кызматкерлер Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы
мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике тартылат.
12-статья. Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтык
маалыматтары “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык жалпыланган түрдө гана жарыяланат же таркатылат.
13-статья. Толтурулган каттоо документтери, ошондой эле алардын
машинада окулуучу көчүрмөлөрү иш жүзүндө муктаждыгынын убактысы
өткөнгө чейин, бирок 10 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитетинин жана анын аймактык статистикалык органдарынын
бөтөн киши кире албаган жайларында сакталат.
14-статья. Эл каттоону жүргүзүүгө байкоочу катары катышууну
каалаган башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул
ишке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларды чакырууну жана
алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болушун тариздөөнүн кабыл
алынган тартибине ылайык катыша алат.
15-статья. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык макулдашууларда
каралган ченемдер жана жоболор ушул Мыйзамда каралган ченемдерден жана
жоболордон айырмаланган учурда эл аралык ченемдер менен жоболор
колдонулат.
16-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
“Эл каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1998-ж., №9, 313-ст.)
күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти