Сравнение редакций…
Сүрөт 180 градуска айланып кайталанган улуттук оюмдун элементтери, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр менен теге- рете курчалган. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген сөздөр тегеректин жогорку жагы- на иймек түрүндө жайгаштырылган, "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр туура- сынан жайгашып, мында "МИНИСТРЛИГИ" деген сөз "ЮСТИЦИЯ" деген сөздүн астында борборго жайгаштырылган.
Тегеректин четинде кыюуланган улуттук оюмдун элементтери улуттун тары- хынын жана маданиятынын өсүү динамикасын билдирет, кыргыз элинин байлыгын жана байыркы эл экендигин далилдейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасында кыргыз элин- де эң ыйык деп эсептелген эки түс - көк жана ак түс колдонулган.
Ак түс - аруулукту, тазалыкты, калыстыкты, чындыкты билдирсе, көк түс - адилеттикти, даанышмандыкты жана адам укугунун улуктугун чагылдырат.
Катыштары:
- бүркүттүн сүрөтү сырткы тегерекке карата туурасы боюнча 4/6 жана тиги боюнча 1/2;
- таразанын сүрөтү бүркүттүн сүрөтүнө карата 1/4, калкандын сүрөтүнө ка- рата 1/2,5;
- калканда жайгашкан улуттук оюмдун элементинин калкандын сүрөтүнө кара- та катышы 1/2,5;
- тараза калкандын үстүнкү бөлүгүндө, улуттук оюмдун элементи калкандын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан;
- калкандын сүрөтүнүн бүркүттүн сүрөтүнө карата катышы 1/2,5;
- калкандын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн куйругунун 5 элементи жайгашкан;
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөрдүн тамгалары- нын өлчөмүнүн катышы 10/13. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы №109 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыр- гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө жана штамптарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин документте- ринин бланктарында жана расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Юсти- ция министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде жайгаштырылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими боюнча башка учурларда колдонулушу мүмкүн." (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы №109 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактартарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. Аларды бурмалоого, бузууга жанабашка ушул өњдүү аракеттерге жол берилбейт.КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 30-майы № 203
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
туусу жана эмблемасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусунун жана
эмблемасынын тиркелген сүрөттөлүшү бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусун жана
эмблемасын даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз
Республпкасынын Юстиция министрлигине республикалык бюджеттен
бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын
30 майындагы № 203
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Туусунун жана эмблемасынын сүрөттөлүшү
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы №109 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу эки жактуу
кездемеден, саптан жана боодон турат.
Туунун кездемеси тик бурчтуу формада болуп, көк түстөгү жибек
кездемеден жасалат. үч тарабынын четтерине 70 мм жазылыкта алтын
түстөгү жибек чачы тагылган. Кездемеинин узундугу - 1800 мм, эни -1100
мм.
Кездеменин оњ жагынын жана арткы бетинин борборуна Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасы жайгаштырылган.
Эмблеманын сүрөттөлүшү 2-пунктта берилген.
Туунун сабы жыгач, каралжын-курөњ түстө, диаметри 40 мм жана
узундугу 2500 мм.
Туунун учу дат баспас болоттон, анын борборунда коопсуздукту жана
коргоону билдирүүчү адамзаттын байыркы символдорунун бири болгон беш
жылдыздуу жарым айдын сүрөттөлүшү бар. Туунун учунун узундугу 250 мм.
Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек
жиптерден даярдалат. Боонун узундугу чачысы менен 2800 мм.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасы көк кыюулан-
ган ак тегерек түрүндө болот, анын борборуна Манастын жети осуятын символ-
доштурган жети элементтен турган канатын жайган бүркүттүн сүрөтү жайгашты-
рылган. Бүркүттүн алдыңкы планында - таразалуу калкандын геральдикалык сү-
рөтү - адилеттиктин атрибуту жана улуттук оюмдун элементи берилген.
Сүрөт 180 градуска айланып кайталанган улуттук оюмдун элементтери, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр менен теге- рете курчалган. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген сөздөр тегеректин жогорку жагы- на иймек түрүндө жайгаштырылган, "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр туура- сынан жайгашып, мында "МИНИСТРЛИГИ" деген сөз "ЮСТИЦИЯ" деген сөздүн астында борборго жайгаштырылган.
Тегеректин четинде кыюуланган улуттук оюмдун элементтери улуттун тары- хынын жана маданиятынын өсүү динамикасын билдирет, кыргыз элинин байлыгын жана байыркы эл экендигин далилдейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасында кыргыз элин- де эң ыйык деп эсептелген эки түс - көк жана ак түс колдонулган.
Ак түс - аруулукту, тазалыкты, калыстыкты, чындыкты билдирсе, көк түс - адилеттикти, даанышмандыкты жана адам укугунун улуктугун чагылдырат.
Катыштары:
- бүркүттүн сүрөтү сырткы тегерекке карата туурасы боюнча 4/6 жана тиги боюнча 1/2;
- таразанын сүрөтү бүркүттүн сүрөтүнө карата 1/4, калкандын сүрөтүнө ка- рата 1/2,5;
- калканда жайгашкан улуттук оюмдун элементинин калкандын сүрөтүнө кара- та катышы 1/2,5;
- тараза калкандын үстүнкү бөлүгүндө, улуттук оюмдун элементи калкандын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан;
- калкандын сүрөтүнүн бүркүттүн сүрөтүнө карата катышы 1/2,5;
- калкандын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн куйругунун 5 элементи жайгашкан;
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөрдүн тамгалары- нын өлчөмүнүн катышы 10/13. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы №109 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыр-
гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө
жана штамптарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин документте-
ринин бланктарында жана расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Юсти-
ция министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде жайгаштырылышы, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими боюнча башка учурларда
колдонулушу мүмкүн."
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы №109 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана
эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар
тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. Аларды бурмалоого, бузууга жана
башка ушул өњдүү аракеттерге жол берилбейт.